Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:32

Сууга түшүү: сактыкта кордук жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жайкы эс алуу маалында кырсыктардын алдын алуу кандай жүрүп жатат? Балдар коопсуздугун көзөмөлдөө жетиштүүбү? "Азаттыктын" апта түрмөгү мына ушул теманы талкуулайт.

Ысык-Көлдө жайкы эс алуу сезону башталганы сууга чөгүп кеткендер көп болууда. Адистердин айтымында, буга негизинен элдин сууга түшүүдөгү эрежелерди сактабаганы себеп болуп жатат.

Эс алуучу жайларда коопсуздук жагы колго алынганы менен, сууга чөккөндөр көлдүн ээн, көзөмөлсүз калган жээктеринде көбүрөөк катталууда.

Аптаптуу Баткен шаарында балдар үчүн жайкысын атайын көлмөлөр уюштурулган жок. Иштеп турган жалгыз бассейн да "талапка жооп бербейт" деп жабылып калган экен. Мындайда аптапта сууну эңсеген балдар кооптуу болуп эсептелген каналдарга, шар аккан чоң сууларга барып түшөт. Буга ата-энелер деле көнүп калышкан.

Ал эми Баткен облусунда быйыл жыл башынан бери сегиз бала сууга чөгүп кетип жан берди.

Жай келгени Кыргызстандын башка аймактарындай эле Нарында да эс алгандар көбөйөт. Суу жээгинде балык уулагандар, тоо-ташка чыгып, шар аккан суунун жээгинде шишкебек жасап жегендер мындан көп. Бирок алардын коопсуздугу тургай, жанында ээрчип жүргөн кичине балдарынын коопсуздугун да ойлогондор аз.

Былтыр Таластагы Беш-Таш суусуна жергиликтүү эки журналист агып кеткен. Анда окуянын айрым күбөлөрү «куткаруучулар өз убагында келгенде журналисттердин өмүрү сакталып калат беле?» деген пикирлерди айтышкан болчу.

"Азаттыктын" апта түрмөгүн толугу менен төмөнкү аудиодон уксаңыз болот.

Сууга түшкөндө абайла
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:08 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG