Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Кыргыз-өзбек соодасы: Бишкек утулду


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёев. Ташкент, Өзбекстан. 13-декабрь, 2017-жыл.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёев. Ташкент, Өзбекстан. 13-декабрь, 2017-жыл.

Өзбекстан Шавкат Мирзиеёв президенттикке келген акыркы үч жылда Кыргызстанга экспортун беш эсе көбөйттү. 2016-жылы коңшулар Бишкекке болгону 67 миллион долларлык товар жөнөтсө, былтыр бул сумма 350 миллион долларга чукулдады.

Ал арада Кыргызстандын Өзбекстанга жиберген товарынын көлөмү эч канча арбыган жок, ал тургай артка кетти. Ошондуктан эксперттер Бишкек соода алакасында Ташкентке уттурганын айтып, бул багытта саясатты оңдош керек экенин эскертишүүдө.

Мирзиёевдин тушундагы соода-сатык

Алгач биз кеп кылчу үч жылдын акыркысы – 2018-жылдагы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн тактап алалы. Бул жылкы экономикалык алыш-бериш боюнча азырынча кыргыз тараптын статистикасы колго тие элек, өзбек тарап болсо жаңы эле жарыялады.

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү дээрлик жарым миллиардга жакындаганын билдирип, муну алакалардын оңолушу катары сыпаттады. Өзбек элчиси Комил Рашидов Бишкектеги атайын брифингде мындай деди:

Комил Рашидов. Бишкек, Кыргызстан. 29-январь, 2019-жыл.
Комил Рашидов. Бишкек, Кыргызстан. 29-январь, 2019-жыл.

- 2018-жылдын январь-декабрь айларында Өзбекстан менен Кыргызстандын товар айланышы 189,6% көбөйүп, 481 миллион долларды түздү. Мунун ичинен Өзбекстандын Кыргызстанга болгон экспорту 348,2 млн. доллар, ал эми импорту 132,8 млн. доллар. Кыргызстан Өзбекстандын товар айлантуусуна эң көп салым кошкон 20 өлкөнүн катарына кирет, экспорт кылууда 6-орунда, импорт кылууда 20-орунда турат.

Эми элчи Комил Рашидов айткан сандарды мурдагы жылдардагы көрсөткүчтөр менен салыштырып көрөлү. Былтыр коңшу өлкө Кыргызстанга 348 млн. долларлык товар жиберсе, бул сумма 2017-жылы 163 миллион долларды түзгөн. 2016-жылы алардын экспорту 67 миллион эле долларга жеткен. Мындан биз акыркы үч жылда Өзбекстан Кыргызстанга импортун беш эсе көбөйткөнүн байкай алдык.

Кыргызстан менен Өзбекстандын акыркы үч жылдагы товар жүгүртүүсү.
Кыргызстан менен Өзбекстандын акыркы үч жылдагы товар жүгүртүүсү.

Ал эми Кыргызстан Өзбекстанга 2016-жылы 125 миллион долларлык, 2017-жылы 146 миллион долларлык, 2018-жылы 132 миллион долларлык товар жөнөттү. Башкача айтканда коңшуларга экспорт 2016-жылга салыштырмалуу азыраак көбөйдү, 2017-жылга караганда артка кетти.

Бул жагдайлар боюнча экономика министринен же министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен комментарий алууга мүмкүн болбоду. Мекеменин басма сөз катчысы министр жана бөлүм башчылар чет өлкөгө кеткенин айтуу менен чектелди. Ошол себептүү биз эксперттердин түшүндүрмөсүнө орун берели.

Академик Жамин Акималиев муну жаңы шайланган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин саясаты менен байланыштырып, Кыргызстан бул оюнда утулуп жатканын айтты:

Жамин Акималиев.
Жамин Акималиев.

- Менин оюмча бул Өзбекстандын өзүнүн атамекендик товар өндүрүшүнүн кызыкчылыгын мамлекеттик деңгээлде колдогондон жана ошого жол ачуудан болуп жатат. Булар эки мамлекеттин чек арасынын ачылышынан абдан пайдаланышты да, өздөрүнүн товарларын бизге жылдырып кирип кетишти. Чынын айтканда бул бизге чоң зыян болду. Себеби биздин өзүбүздө өндүрүлүп жаткан товарлар, өзгөчө түштүк облустардагы жашылча-жемиштер калып калды да, алардын экспорту өтүп кетти. Анын үстүнө буларда жашылча эрте бышат да. «Эл достугу жашасын» деп жатып, алар бизге товарын өткөрдү, бирок ошол эле кезде биздин товарларды өткөрбөй коюшту. Маселен, Өзбекстан «500 миң тонна картөшкөңөрдү алабыз» деп туруп, кези келгенде андан баш тартып коюшту. Себеби алар өздөрүнүн картөшкө өндүрүүчүлөрүн колдолду. Акылдуу мамлекеттер ушундай кылат, уялбай эле өз кызыкчылыктарын коргошот. Ал эми биз ошентип атса да же айыппул сала албай, же бир келишим түзө албай талаада калдык. Натыйжада биздин экономикага чоң сокку урулду. Биз аларга тоскоолдук кылбасак да, чек арадан товарларды өткөрүүдө көзөмөл кылышыбыз керек эле.

Ооба, былтыр Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги Өзбекстан ири өлчөмдө картөшкө сатып алаарын билдирип, дыйкандарды жашылчанын ушул түрүн эгүүгө үндөгөн. Бирок жыл ортолоп калганда коңшу өлкө Кыргызстандан ташылган картөшкөнү киргизүүгө тыюу салып койгон.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ташкент кыргыз картөшкөсүн өткөрүүгө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин, дээрлик кышка чукулдаганда гана кайра уруксат берген. Бул ортодо түшүмүн жыйнап алган жүздөгөн кыргызстандыктардын миңдеген тонна картөшкөсү бузулуп кетти. Наркы болсо эмгиче көтөрүлгөн жок.

Мындан тышкары, акыркы жылдары эт-сүт азыктары деле Өзбекстанга арбын сатылып кете элек.

«Тең ата саясат керек»

Адатта суу-май, тамак-аш, азыктардан сырткары кыргызстандык ишкерлер Өзбекстанга цемент, таш, гипс өңдүү материалдарды, металл, пластмасса, резина, жыгач, тери жана текстил өнүмдөрүн да сатышат. Бирок коңшуларда буларды өндүрүү деле жакшы жолго коюлгандыктан Кыргызстандан ал товарларды алып барып сатуу өзүн актабай калууда.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адилбек уулу буларга токтолду:

Шумкарбек Адилбек уулу.
Шумкарбек Адилбек уулу.

- Бизде экспортту жылдыруу функциясы да болгондуктан, мен биздин практикабыздагы бир ишкананын тажрыйбасын айтайын. Биз, маселен, чипс чыгаруучу кыргызстандык «Кирби» аттуу фирманын Өзбекстандын рыногуна киришине көмөктөштүк. Бул фирма «Пир» аттуу сапаттуу чипс чыгарганын билесиңер да. Бирок ал коңшу өлкөнүн тармактуу дүкөндөрүнө чыгышы абдан татаал болду. Беш-алты позицияны бербей, бир эле позицияны берип, ошону менен гана чыгышты. Алардын экспорту аягында аябай кыйын абалга кептелгендиктен Ташкентке эмес, башка аймактарына гана сатып калышты. Башкача айтканда өзбек тарап өз товарларын абдан жигердүү коргогону байкалды. Албетте, биздин ишканалар ал жакка барып иштесе болот экен, бирок валюта жагынан жана укуктук-ченемдик жагынан алганда иштеши маселе туудурчудай. Ошол эле «Кирби» фирмасына колдон келишинче жардам берүүгө аракет кылдык, бирок тилекке каршы укуктук-ченемдик актылар биздин компетенциябызга кирбейт экен. Биздеги ушул маселелерге жооптуу болгон мекемелер да чечкиндүү аракеттерге барышы керек.

Соңку көрсөткүчтөрдүн фонунда Өзбекстандын өнөр жайын Кыргызстанга которуу саясаты башталганы да белгилүү. Маселен, былтыр коңшу өлкө Кыргызстанда 9 ишкана ачаарын айтса, анын экөөнү куруп койду. «Кыргыз-өзбек» деген макамда ачылчу ишканалардын калганы быйыл же келерки жылдары түшкөнү турат.

Өзбекстан менен Кыргызстандын премьер-министрлери Абдулла Арипов жана Мухаммедкалый Абылгазиев. Ош, Кыргызстан. 18-декабрь, 2018-жыл.
Өзбекстан менен Кыргызстандын премьер-министрлери Абдулла Арипов жана Мухаммедкалый Абылгазиев. Ош, Кыргызстан. 18-декабрь, 2018-жыл.

Ал эми тескерисинче кыргызстандык ишканалардын Өзбекстанда филиал ачышы же иш алып барышы дээрлик жолго коюлган жок. Муну кыргыз бийлиги адатта коңшу өлкөлүк өндүрүшчүлөргө тең келе алчу завод-фабрикалардын жоктугу менен түшүндүрүп келет.

Бирок аларда азыраак деген кыргыз товарларын деле коңшулар эмнеге алгысы келбей жатат? Кайрадан эксперт Жамин Акималиевди угуп көрөлү:

- Туура, өнөр жайы жагынан биз Өзбекстанга теңеле албайбыз. Алар автоунаа, комбайн, ал тургай учак чыгарып жатышпайбы. Бирок Өзбекстанда эт аз, сүт азыраак. Тилекке каршы, аларды да бизден албай, башкалардан алып келип жатышат. Биз ошого шарт кое алган жокпуз, «картөшкө, эт, сүт алабыз» деп туруп бизди алдап коюшту. Чек араны ачканда «силердикин биз өткөрөлү, биздикин силер өткөргүлө» деп шарт коюш керек эле. Мунун баары биздин базар экономикасынын жобосун билбегенибиз, бийлик башындагылардын сабатсыздыгы жана мамлекет тарабынан саясаттын жоктугу болуп жатат. Өзүбүздү өзүбүз коргогонду билбей, буларга уттуруп келе жатабыз. Эми ушинтип жүрүп олтурсак Өзбекстан бизге жиберген экспортун он эсе көбөйтөт. Ошондуктан Кыргызстан Өзбекстан менен экспорт-импорттун шартын тактап туруп, так келишим түзүш керек. «Болбосо товар жүгүртүүнү азырынча токтотуп туралы» деп так кесе айтыш керек. Эми жаныбызда турган Өзбекстанга же Казакстанга товарыбызды сата албайбыз да, кайдагы Орусия же Европага экспорт кылуу жөнүндө сөз кылабыз. Ошондуктан биз өз кызыкчылыгыбызды коюп, Өзбекстан менен тең ата мамиле кылууга мезгил жетти.

Шавкат Мирзиёев 2016-жылы президент болуп шайлангандан бери Өзбекстан Кыргызстанга аба жана жол каттамын жандантты. Кыргыз-өзбек чек арасынын 85% такталып, тилкеден өтүү жана каттоо жумшарды. Ушундан улам коңшулар ортосунда туризм күчөдү. Бул аралыкта Ташкент ошондой эле темир жол аркылуу жүк ташууга жеңилдик берди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын желектери.
Кыргызстан менен Өзбекстандын желектери.

Мунун баарына Өзбекстандын бийлиги биринчи кадам таштаганы гана себеп болду. Ошого карабай мурдагы жана азыркы президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков бул саамалыктарды өздөрүнүн жеңиши катары да баалап келатышат.

Статистика болсо кайра тескерисинче кыргыз-өзбек чек арасы дээрлик жабык турган Ислам Каримовдун доорунда Кыргызстан Өзбекстанга көп товар экспорттогонун көрсөтүп турат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2008-жылдан 2015-жылга чейин Кыргызстан Өзбекстанга 1 млрд. 124 миллион долларлык товар сатып, кайра алардан 771 миллион долларлык товар сатып алган. Бул айтылып жаткан миллиондордун артындагы «миңдик» же «жүздүк» кошумча сандар көңүлгө алынбай, тоголоктолгондогу эсеп. Бирок ошондо да жети жылда оң сальдо 400 миллион долларга жакын сумманы түзгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG