Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Кыргызча түш жоруган москвалык үч кыз


Орусия -- Кыргыз тилин үйрөнүп жаткан үч студент кыз кыргыз тил сабагында. Москва, 20-апрель, 2011.
Орусия -- Кыргыз тилин үйрөнүп жаткан үч студент кыз кыргыз тил сабагында. Москва, 20-апрель, 2011.

Москвадагы мамлекеттик лингвистика университетинин үч студенти: Рита Герасюкова, Дарья Пахомова жана Ксения Гурова кыргыз тилин үйрөнүп жатканына 3-4 жыл болду.

Азыр кыргызча түш жоруп калган бул үч кыз былтыр Кыргызстанга келип кеткен. Алар биз менен Кыргызстандан алган таасирлери, кыргыз-орус мамилелери, кыргызстандык мигранттар тууралуу пикирлери менен бөлүштү. Кыргыз тилинде сүйлөгөн москвалык кыздардын экөөнү – Рита Герасюкова менен Ксения Гурованы кепке тарттык.

Кыргызча сүйлөгөн москвалык кыздардын маегин толугу менен бул жерден угуңуз




“Азаттык”:
Рита, өткөн жылы Кыргызстанга барып келдиңиздер эле, жактыбы?

Герасюкова: Ооба аябай жакты, Кыргызстандын Ысык-Көлү менен тоолору аябай жакты. Деги эле силердин мекениңердин табияты аябай кооз экен. Биз күзүндө бардык, ошондуктан Ысык-Көлгө түшө алган жокпуз. Ала-Арча жана Григорьев капчыгайына барып, ал жерлердин кооздугуна суктандык. Кыргыздар өздөрү да аябай меймандос экен, алар бизди бардык жерде кубануу менен тосуп алып атышты. Кийинчерээк дагы бир барып келем деп ойлойм.

“Азаттык”: Ксения, Кыргызстанда болуп жаткан митингдер сырттан барууну каалагандарды кооптондурат деген сөздөр айтылат. Сиздер барып көрдүңүздөр, кайра чочулабай эле барасызбы?

Гурова: Кыргызстанда митингдер болгонун көп учурда катышуучулар эле билбесе, көпчүлүк маалымат каражаттарынан гана угушат. Ошондуктан сырттан баруучу туристтер үчүн Кыргызстан кооптуу эмес. Өлкөнүн туристтик потенциалы абдан чоң, эң зор деп айтса да болот. Бирок Кыргызстан кедей өлкө болгондуктан, андагы туризм тармагын өнүктүрүү үчүн инвестиция керек. Мисалы беш жылдыздуу мейманканалар көп болсо, Кыргызстан экинчи Альпы болмок.

“Азаттык”: Кыргызстан чет элдик туристтер үчүн эмнеси менен кызыктуу?

Гурова: Кыргызстандын жаратылышы абдан кооз экен. Орусия деле кооз, бирок экология начар. Мен былтыр барганда Кыргызстанда аба абдан таза жана жаратылышы абдан кооз экенине ынандым, менимче бул абдан уникалдуу.

“Азаттык”: Кийинки сапарыңыздарда Кыргызстандын түштүгүнө, Фергана өрөөнүнө баруу тууралуу оюңуздар барбы?

Гурова: Балким. Бирок мени өткөн жылы Кыргызстанда айдоочулар унааны аябай катуу айдап жүрүшөрү бир аз чочулатты. Биз үчүн бул көнүмүш эмес. Ошентсе деле мен кайра Кыргызстанга баргым келет. Буйруса эмдиги жылы Тышкы иштер министрлиги аркылуу Кыргызстанга барып иштесем деген оюм бар, ал жерде мүмкүн мага эки-үч жылдап калып иштөөгө туура келет. Ошондуктан мен чочулабайм деле.

Герасюкова: Өткөн күздө биз барганда деле Бишкекте бир митинг болду, бирок биз ал тууралуу интернеттен гана маалымат алдык. Митингдер көбүнчө Ак үйдүн айланасында болот экен да, башка аймактардагы эл ал тууралуу билбей деле калган учурлар бар экен.

“Азаттык”: Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда ар кандай келишимдер түзүлүп, саясий-экономикалык карым-катыштар көбөйүп жатат. Силерде эки мамлекеттин мамилеси тууралуу кандай оюңар бар?

Герасюкова: Менимче, быйыл же кийинки жылы Кыргызстан Бажы биримдигине кирет. Муну менен эки өлкөнүн ынтымагы дагы да бекемдейт деп ойлойм.

“Азаттык”: Москвадагы жергиликтүү элдин кыргызстандык мигранттарга мамилеси кандай?

Гурова: Албетте, бирдей эмес. Анткени жергиликтүүлөрдүн арасында да кыргызстандык мигранттарга жакшы ой менен мамиле кылгандары да бар, ошол эле учурда аларды жактырбаган улутчулдар да жок эмес. Көпчүлүк адамдар мигранттарды жакшы иштеген эмгекчил, ынтымактуу адамдар деп кабыл алышса, улутчулдар чатак чыгарышат. Кудай буйруса мен дипломат болуп калсам, улутчулдукту жоюуга аракет жасайм. Ал эми мигранттар орус тилди билүүсү керек деген мыйзамга кошулам, анткени тил билишкени алардын өздөрү үчүн жеңил болот. Албетте, башында үйрөнүү оорураак, бирок тилди үйрөнүп алышса, алардын Орусияда жашап, калыптанып кетүүсү үчүн маанилүү.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG