Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Эл жетилбесе, элита чыкпайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин бийлик жана эл тууралуу жаңы блогу.

«Биз, улут тургай коом катары калыптана албай келебиз».
Алым ТОКТОМУШЕВ

Кыргызстандын саясатында кадрдык кризис калктын көкөйүнө көк таштай тийип бүткөн эбак. Кайсы бийликтин тушунда болбосун чоңдорго элдин тиши кычырап турат. Ак үй, Көк үйдөгүлөрдөн чекеси жылыбаса да, үмүтү канча жолу сууса да – эл тагдыры ошолорго байланып калгандай...

Эмнеге? Кантип? Адегенде элита боюнча түшүнүгүмдү кыргыздын жалпак тилиндеги ачыткы менен аллегориялаштыргым бар.

Мүмкүн азыркы жаш муундун көбү ачыткы жөнүндө түшүнүктөн алыстыр. Биз бала кезде азыркы кытай өндүрүшүнүн аркасы менен турмушубузда кеңири колдонулган ачыткылар (дрожжи) жок кез. Үйдө камырдын же жарманын ачыткысы калбаса, айылдагы кошуна-колоңдордун үйүнөн ачыткы сурап келүүгө чуркатышчу майда балдарын. Бир чымчым ачыткы сурап келсең эле бүттү: ошол бир чымчымга чоң чара камыр былтыйып көөп, барпайып ачыйт. Чоң мискейде кайнатылган жарма деле бир ууртам ачыткыга буркурап көбүрүп, үстү көбүктөп чыгат.

Камырды канча жууруп, канча ийлеген менен – ал ачыбайт, көппөйт. Жарма да ошол. Ага ачыткы аралашмайын, мелтиреп турганы турган. Ачыткысыз камыр да, жарма да азык болуп бербейт. Үйүндө ачыткылык көрөңгө калбагандар ошентип коңшу-колоңдоруна балдарын чуркатып алдырган заманды көрүп өстүк. Айтор, айыл жеринде биринин үйүндө болбосо, бириникинен сөзсүз ачыткы табылар эле бала кезибизде...

Эми ошол балалык эс-тутумубузда калган ачыткы түшүнүгүнө келсек, биздеги кадрлык саясат да кудум ошондой. Аткаминерлердин баарынын кесели биринен бирине оошуп турат. Аскар Акаевдин командасындагы суук тумшук кадрлар К.Бакиевге, К.Бакиевден А.Атамбаевге оошуп келди, азыркылардын арасында деле ошол ачыткылар жок эмес.

Алар кудум микроб сыяктуу – кирген жерин ачытып-кычытып, чириткендер. Негизинен мамлекеттик түзүмдү курган күчтөр да ошолор. Бийликтин арка-бели да ошолор. Ошол арка-белдер сынмайынча Кыргызстанда коррупциялык схемаларды сындыруу да мүмкүн эмес! Андыктан ачыткы-кычыткы саясий топтордон арылуунун бир гана жолу – баарыбыз келечектеги шайлоолордо добушту кайсы саясий топторго берүүнү азыртан саресепке сала жүргөнүбүзгө көз каранды.

Ачыткы-кычыткы саясий топтордун угутун аралаштырган эмне бизде? Албетте, кызыл кулак саясатчылардын шайлоого карата даярдыгынан башталат баары. Тезинен партиялар түптөлөт, мындайча айтканда, саясатчылардын убактылуу “никелешүү” келишим мөөнөтү жүрөт. Жең ичинен бийлик бутактары бөлүштүрүлөт. Саясий соодалары кызыйт.

Эң негизгиси – жаңы телчиккен партия экенине карабай, басып өткөн тарыхый жолу түптөлө элек болсо дагы, курамында калың капчыктуулар болсо, бүттү! Арасында кайсы бийликтин тушунда болбосун эл ырыскысын майкандап келген шылуундар топтолот. Дал ушул чындыктын мисалын 2010-жылдан кийинки саясий көчүбүздөн баамдасаңыздар болот. Айталы, “Республика”, “Ата Журт”, кийинкилеринен “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир Бол” жана “Кыргызстан” аттуу партиялар ара төрөлгөнүнө карабай шайлоо атаандаштыгында босогодо калган жок. Колдоруна мандат тийди!

Алардын арасындагы кээси илгертен берки бийликтен бериге келаткан ачыткы-кычыткы, элге эски малдын көзүндөй жылуу учурган шылуундар экени электораттын эсинен тарс чыгып кетти. Шайлашты! Мандем элдин өзүндө да бар. Убал жок сага деп элди тилдээр кеменгер жок же бир!

Ошону менен биз жогоруда сөз кылган ачыткылык милдетти аткарчулар аткарып жатат. Себеби алардын “саясий тажырыйбалары” ого эле арбын. Арбын дегеним кандай? – алар мамлекеттик казынанын каалгасын каалаганча тээп кирип көнгөн. Коррупциялык схемалардын булуң-буйткалуу коён жатагына чейин аралап көнгөн.

Алардын мамлекеттик чечимди оң жагына бурууга эрк-кайраты мокок болгону үчүн, аткаруу бийлигине каш кагып каяша айталы дешсе да, тилдери кыска. Себеби адилетсиздик менен күрөшө турган адамдын артында калбыры жок болгондо гана жүрөгү курч, сөзү өтүмдүү келет. Ал эми бир партиядан бир партияга оошуп келген ачыткылардан эч качан саясий күрөшчүл мүнөздү күтүп болбойт. А.Атамбаевдин бийликтеги доорунда эмне деген өзүмбилемдик саясатка парламент депутаттарынын дээрлик көпчүлүгү ооздорун ачпай келгенинин себеби ушунда эле. Башка сыры жок.

Тек, Атамбаевдин айланасындагы бир ууч топ маа демектен бүтүндөй мамлекетти жеке басар менчикке айлантып алса деле – парламент өкүлдөрү катуу кете алышмак эмес, катуу кетели десе арабалары сынмак. “Уурунун арты кууш” деген ушул эмеспи. Анан ушулар парламенттик башкарууну калыптайбы?!

КСДП өкүлдөрү Хрущёвдун кейпин кийди

Мынча болду Хрущёв жөнүндө тарыхый притча бар. Жакшы мисал бизге. Көбү билет аны. Кудум биздегидей… 2005-жылкы, 2010-жылкы мамлекеттик төңкөрүшкө чейин тилин тишине катып келгендердин оозунан коомчулукка эмнелер гана чыккан жок. Кыйгыл кептин кырмычыгына келсек, ал тарых мамындай эмеспи: Сталиндин кылмыштары четинен ачылып баштаган Хрущёв заманында залдагылардын бирөөсү күпүлдөйт:

– Жолдош Хрущёв, Сталин эч бир күнөөсү жок адамдарды кырдырып атканда өзүңүз кайда элеңиз?

Тилин жутуп алгансып күймөлө түшкөн Хрущёв эмне дээрин билбейт. Бирок жооп бериши керек болот залга. Саясатчы болгондон кийин элге бирдеңке деш керек да. Мелтейип каткан кайран саамга залды тиктеп отурат да, бир убакта собол узатат:

– Бул кимдин суроосу, ордуңуздан туруңуз!

Залдан чымындын чыңылдаган да үнү угулбайт. Ордунан турган да киши болбойт.

— Что, страшно? — деп сурайт Хрущёв залдагылардан. — Так вот, и мне тоже было страшно.

Анын сыңары, буга чейин Атамбаевдин кылыгын билсе да билмексен болуп келгендин көбү Хрущёвго окшоп ымындай сырларын айтууга аргасыз болушту. Бийликтин убактылуу кумарына куунак өмүр сүрүп келгендердин тынчын кетирер кезмет ушул болмок. Болду. Баштарын жаздыгына тынч коё албагандар жетинчи кабаттагыларга «мне было страшно» дебесе да Атамбаевдин өкүмзордугу ИИМ, Башпрокуратура, УКМК баш болгон күч түзүмдөрү аркылуу жүргүзүлүп келгенине шылтап, чындыкты оозана башташты.

Эң жийиркеничтүүсү – Атамбаевдин саясий жаназасы окуларына аз убакыт калган ишаратты туйгандан баштап баары суудан кургак чыгышка далбастады. Эң биринчи кезекте КСДП ичиндегилер копшолду. Жарылчулар четинен ымандай сырын төгүп, калыс кеп сүйлөмүш боло башташты. С.Жээнбековго жагыныш үчүн бак-бак сүйлөп, кара кылды как жарган «калыс» кишинин образына киргенче шашылышты го, чиркин...

Ушуга чейин компартиянын чиновниктери сымал тымпыйып үн катпаган парламент депутаттарына алдыда дагы тил бүтөт, жүндөрү тирилер… Конституцияда Кыргызстан парламенттик башкаруу жолун тандаган өлкө экени эми эстерине келет. Ойго келбеген саясий рокировканы көрсөтүшөт. Күтүүсүз оюндар алдыда…

Кыскасы, мандемдин баары ачыткыда бекен, окурман. Тек, Ак үйдө, Көк үйдө отурган чоңдорду сөккөндү коюп, өзүбүздү өзүбүз сөктүк бекен?! Өзүбүздү күзгүдөн карандык бекен?! Шайлоо өнөктүгү күчөп, саясий атаандаштыкка чыккандарды ажыратууга келгенде – алардын кемчонтою ким, кеменгери ким экенин айрып таанууга акыл чөйчөгүбүз жетпей келатпайбы.

Болбосо Ак үй, Көк үйгө шыкалган Тазбайматтардын колуна мамлекет тагдырын, эл тагдырын ким карматыптыр? Албетте, караламан калк өзү! Добуш берүүгө келгенде ачыткы-кычыткы саясий шылуундар колуна карматкан миң сомго акылы тумандаган шайлоочулардын катмары калың болгон үчүн көңдөй көкүрөктөрүн күрсүлдөтө койгулагандар элге өздөрүн элита көрсөтүп, тагдырыбызды калчап отурушат...

Кезинде устатыбыз Алым Токтомушев шайлоо өнөктүгүндө татыктуу талапкерлерди тандоого келгенде эл ичинде жердешчилик, уруучулдук сезимибиз каныбызда ойноп турганына күйүнүп-бышынып, ошондон улам: «Биз, улут тургай коом катары калыптана албай келебиз» деп каңырыгы түтөп кетээр эле кайрандын!

Аныгында, биз улут катары калыптана албай келатканыбыз үчүн кубаттуу мамлекет куруу колубуздан келбей отурабыз! Ажыдаардай глобализацияга так бизге окшогон караламан масса, мажүрөө мамлекеттер уламдан-улам жем болуп, жок болуу коркунучуна кептелип туру...

Олжобай ШАКИР, жазуучу, публицист

Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG