Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:43

КСДПнын саясий тагдыры талкууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

КСДПнын айланасындагы соңку окуялар бул партиянын мындан кийинки саясий тагдыры, Жогорку Кеңештин фракциясындагы ажырым тууралуу сөздөрдү кызытты.

Ушул жуманын башында мурдагы өкмөт башчы, партия лидеринин орун басары Сапар Исаков, КСДПнын депутаты Осмонбек Артыкбаев камалды. Узак убакыт КСДПнын катарында жүргөн айрым адамдар партияны кезексиз жыйынга чогултуп, анын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кетирүүгө үндөй баштады.

КСДП 2010-жылдан бери бийликте турган, өз катарынан эки президент чыгарган ири партия болуп саналат.

Жакында өзүн КСДПнын мүчөсү деп эсептеген Сагынбек Абдрахманов "Фейсбуктагы" баракчасына көлөмдүү билдирүү жарыялаган. Анда "партия кезексиз курултайга чогулуп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди партия лидерлигинен түшүрүп, тизмеден чыгаруу маселеси каралат" деп айтылат.

Ал Атамбаевдин мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкектин мурдагы мэри, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовду жактаганын "эки жүздүүлүк" катары баалаган.

Абдрахманов былтыр КСДПнын катарынан чыгарылгандан кийин "бул партияга татыксыз адамдар толуп алды" деп айыптап чыккан:

Сагынбек Абдрахманов.
Сагынбек Абдрахманов.

- Биздин партиябызды контрреволюциячылар менен миллионерлер, мурдагы диктаторлордун аткаминерлери менен кошоматчылары басып, ээлеп алды. Түрдүү коррупционерлер КСДПга умтулушту. Кечээ эле бизди камагандар, биздин үстүбүздөн күлгөндөр бүгүн партиябыздын алдыңкы сабында, КСДПга жабышып, биздин атыбыздан ЖКга, жергиликтүү кеңешке депутат болушту. Министрлик, губернаторлук, мэрлик орундарды ээлешти.

КСДП Сагынбек Абдрахмановдун кезексиз курултай өткөрүү тууралуу чакырыгына дароо үн катты.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Абдрахманов былтыр президенттик шайлоонун алдындагы жыйындын чечими менен КСДПдан чыгарылганын билдирди. Ал кийинки үч айдан бери таарынган партиячыларды жыйынга чогултууга аракет кылып жүргөнүн, бирок аракетинен майнап чыкпай жатканын айтты:

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

- Сагынбек Абдрахманов 2017-жылдын 9-августунда 16-съезддин чечимине баш ийбегени үчүн КСДПдан чыгарылган. Ал партиядан алыстап, партиячылар баалагандай, президенттикке КСДПдан жалгыз талапкер Сооронбай Жээнбековго каршы багытталган иш жүргүзгөн. Саясий кеңеш ошондо КСДПнын мүчөсү Сагынбек Абдрахмановдун иш-аракеттери партиянын чечимдерине жана КСДПнын негизги максаттарына жана милдеттерине карама-каршы келерин белгилеген.

Жогорку Кеңештеги ички жагдайды жакшы билгендердин айтымында, ушул тушта КСДП фракциясында тымызын ажырымдын белгилери пайда боло баштады. "Азаттык" бул тууралуу фракциянын бир катар депутаттарынын пикирин билүүгө кызыкты. Айрымдары сылык-сыпаа баш тартты, кээ бири убактысы жоктугуна шылтап, жооп берген жок. Фракция лидерлери менен бул макала жазылып жаткан чакта байланыша алган жокпуз.

Депутат Дастан Бекешев ички ыдыроо жок экенин айтты. Кийинки убакта бир катар саясатчылардын камакка алынышын ал коррупцияга каршы күрөш катары чечмеледи:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

- Бөлүнүү жок, фракция ынтымактуу иштеп жатат. "Атамбаевдики" же "Жээнбековдуку" деп бөлүнгөн жокпуз. Коррупция менен албетте, күрөшүү керек. Коррупцияга аралашкан ким болсо да жоопко тартылышы керек. Бирок карапайым жарандар коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканын күнүмдүк турмушунда сезиши керек. Жолдо МАИлердин пара алганы, мектепке баласын киргизгенде акча сураган көрүнүштөр токтошу керек. Болбосо коррупцияга каршы күрөштү коомчулукту саясий куугунтук катары көрө беришет. Бизди "атамбаевчилер", "жээнбековчулар" деп эксперттер, журналисттер бөлүшөт. Бул туура эмес. Фракциянын позициясы - коррупция менен күрөшүү.

Анткен менен коомдук ишмер Расул Умбеталиевдин баамында, мурдагы президент, азыркы партия лидери Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден кийин анын саясий үзөңгүлөш-санаалаштарынын катары күндөн санап суюлуп баратат:

Расул Умбеталиев.
Расул Умбеталиев.

- Бул партиянын лидери президент болуп, эл башкарып турганда баш ийип, ошол партияга киргенге аракет кылышкан. Азыр заман, саясий кырдаал өзгөрдү. Ошондуктан баары эле бул партиядан качканга аракет кылып жатышат. Ал жакка байлар кирип алган. Партиянын идеологиясын, программасын, көз карашын, стратегиясын эч ким колдогон эмес. Ошол партияга киргендер азыр өзүн сактап, тагдырын ойлоп азыр бул партиядан баш тартып жатышат. КСДП "Ар-намыс" партиясынын тагдырын кайталап калышы да мүмкүн. Азыр мурдагы президенттин жанында эч ким деле калган жок.

Саясат таануучу Эмил Жороев КСДП кеминде экиге бөлүнөт деп эсептейт:

Эмил Жураев.
Эмил Жураев.

- Эгер бул партия эртең-бүрсүгүнү шайлоого бара турган болсо, анда абалы өтө кыйын болуп калат. Калыптанып, кайсы бир деңгээлде турукташып калган партия саясий институт катары сакталып калышы керек болсо, бөлүнүп-жарылып жаткан кишилер бир өңчөй болуп чечилип, кимдер чыгары, кимдер калары ачыкка чыгышы керек. Менимче бул партия экиге бөлүнөт, жаңы бир партия пайда болот. Азыркы президент Сооронбай Жээнбековду колдоп, мурунку президенттин тушундагы кайсы бир саясий иштерди сындап жаткандар балким кайсы бир партияга биригиши мүмкүн.

Буга чейин КСДПдан башка парламенттик шайлоого катышкан, жеңип келген партиялардын дээрлик баары бир канчага бөлүнгөн, саясий кризиске кабылган, өз ара араздашкан учурлар болгон. Саясат таануучу Эмилбек Жороевдин баамында, КСДПдагы жагдай Кыргызстанда партия саясий институт катары калыптана электигин дагы бир ирет бышыктады.

- КСДПнын мисалында партиянын күчтүүлүгү, аброю бийлик кимдин колунда экенинен көз каранды болорун дагы бир жолу байкадык. "Социал-демократиялык идеяларыбыз, программабыз бар эле, өлкөнүн өнүгүү жолун жактап, колдоп келе жаттык эле" деген ойлор тилекке каршы тээ алыста эле калды.

2010-жылдан бери бийликте турган КСДП 1994-жылы түзүлгөн жана ушул тушта мүчөлөрү, Жогорку Кеңеште жана жергиликтүү кеңештерде эң көп депутаттары бар партия болуп эсептелет. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагасы болуп быйыл март айында кайра шайланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG