Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Экс-спикерлер кырдаалды курчутпоого чакырды


Бишкек.
Бишкек.

Кыргызстанда парламенттин мурдагы он бир төрагасынан турган Спикерлер кеңеши өлкөдөгү акыркы саясий кырдаал боюнча билдирүү таратты. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге мыйзамды сыйлоого, мыйзам алдында баары бирдей экенин унутпоого чакырык ташталган.

Чолпонбаев: Атамбаевге да, бийликке да сын айттык

Мурдагы спикерлер азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековду да кадр саясаты жана башка маселелерди кылдат чечүүгө үндөштү. Билдирүүнүн чоо-жайы тууралуу "Азаттык" Спикерлер кеңешинин мүчөсү Мукар Чолпонбаевге бир нече суроо менен кайрылды.

"Азаттык": Мурдагы спикерлер буга чейин өлкөдөгү кырдаал боюнча пикир билдире элек болчу. Азыркы билдирүүгө эмне негиз болду?

Мукар Чолпонбаев.
Мукар Чолпонбаев.

Мукар Чолпонбаев: Мурдагы төрагалардын чогулушу консультативдик түрдө болду. Негизи биз азыркы төрага менен да жолугушуп турабыз.

Ага Жогорку Кеңештин иши, жалпы эле Кыргызстандагы саясат, экономика тууралуу, кемчиликтер, жетишкендиктер жөнүндө өзүбүздүн ой-пикирибизди айтып келебиз. Кечээги жолугушууда да азыркы парламенттин, сот тармагынын, өкмөттүн ишиндеги кемчиликтер ачык айтылды.

"Азаттык": Сиздер тараткан билдирүүдө негизинен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айткандары, акыркы кадамдары сынга алынган турбайбы?

Мукар Чолпонбаев: Азыркы болуп аткан абал боюнча Алмазбек Шаршеновичтин кылгандары, анын элди бөлүп-жарганы, президент болуп иштеп турган кезде жасаган кылмыштары айтылды. Биз эл-журтка "түндүк-түштүккө бөлүнбөгүлө, Атамбаев сыяктуулардын чагымына кошулбагыла, мамлекетти өзүбүз курабыз, бирөө келип куруп бербейт" деген мааниде кайрылдык.

"Азаттык": Алмазбек Атамбаевге кандай чакырык таштап жатасыздар?

Мукар Чолпонбаев: Атамбаевге "токтот" деген мааниде айттык. "Мындай кылганга болбойт, анткени өзүң бийликте турган кезде ушулардын баарын баштап бергенсиң, кылгылыктын баарын кылгансың, бир кезде өзүң "баары мыйзамдын чегинде болуп, ууру түрмөдө отурушу керек" деп айткансың, эми кайра Жогорку Кеңеш, тергөө органдары өзүңдүн кылмыш жасаганың тууралуу айтса, мен аларга ишенбейм, курал менен коргоном" дегениң туура эмес. Азыр реалдуу түрдө ким кылмыш жасаса, жоопко тартылышы керек деген пикирди билдирдик. Анан мыйзам баарына тең болушу керек. Президентсиңби же жөнөкөй адамсыңбы баарына бирдей кароо зарыл. Ушундай талаптарды коюп жатабыз.

"Азаттык": Азыркы бийликке карата да кандайдыр бир сын же кеп-кеңеш айтылдыбы? Себеби, коомчулукта эки жакты тең сындагандар да бир топ болуп жатпайбы?

Азыркы бийликтин кемчиликтерине токтолдук. Кадр саясатын туура жүргүз дедик. Бийликке, жетекчилик кызматтарга компетенттүү, татыктуу адамдар келиши керек.

Мукар Чолпонбаев: Азыркы бийликтин кемчиликтерине токтолдук. Кадр саясатын туура жүргүз дедик. Бийликке, жетекчилик кызматтарга компетенттүү, татыктуу адамдар келиши керек. Алардын кай жерде туулганы, кимге кандай тууганчылык жайы бар экенине карабастан, ишке болгон мамилеси менен компетенттүүлүгүнө карап кызматка алыш керек деген маселени койдук.

"Азаттык": Кыргызстандагы Спикерлер кеңеши бир канча жыл мурда түзүлгөнү белгилүү. Бирок иштеген-иштебегени калың журтка белгисиз болчу. Кеңеш качантан бери иштей баштады? Ага азыркы саясий абал түрткү берген жокпу?

Мукар Чолпонбаев: Спикерлер кеңеши Акматбек Келдибеков төрага болуп турган кезде спикердин алдындагы кеңеш болуп түзүлгөн. Бирок Келдибеков кызматтан кеткенден кийин токтоп калган. Быйыл 3-мартта биздин биринчи отурумубуз болгон. Ага чейин, былтыр 22-ноябрда президент мурдагы спикерлердин баарын кабыл алган.

Алардын ой-пикирлерин сураган болчу. Андан кийин чогулуу тууралуу демилге пайда болгон эле. 3-мартта кайра түзүлүп, биринчи жыйын өткөргөнбүз. Экинчи жолу жыйынга 3-июлда чогулуп, акыркы кезде Кыргызстанда болуп жаткан саясий кырдаалды жана башка окуяларды талкууладык. Жыйында кандай жетишкендиктер жана кемчиликтер бар экени бүт айтылды.

"Азаттык": 3-июлдагы жыйынга мурдагы спикерлердин баары келиштиби?

Мукар Чолпонбаев: Жыйынга мурдагы спикерлердин баары чакырылган. Кечээ үчөө келе албай калды. Калгандарыбыз катышып, билдирүү тараттык.

Кырдаалды тынчытууга кандай кадамдар керек?

Буга чейин учурдагы саясий кырдаал боюнча экс-президент Роза Отунбаева менен парламенттин мурдагы спикери, саясатчы Адахан Мадумаров да кайрылуу жолдошкон.

"Алмазбек Атамбаевдин бир өнөрү бар – ал тирешүүнү, келишпестикти, радикализмди козгогон бузуку түшүнүктөр менен тренддерди баштап жибергенди жакшы билет. Бул күндөрү Атамбаев мыйзамга каршы аракеттерге чакыруу катары бааласа боло турган көп эле нерселерди айтып алды. Азыркы бийликти бакиевчил деп атоо менен ал бир гана максатты – аймак аралык кастыкты козгоону, өлкөнү өз жана өгөй кылып бөлүүнү көздөп турат", - деген Роза Отунбаева элге жолдогон кайрылуусунда.

Экс-президент парламентаризмди орнотуу оңойго турбаганын, мамлекеттин кызыкчылыгы саясий дымактан жогору тураарын белгилеген.

"Биздин жаш мамлекетибиздин калыптанышы оңой эмес, оомал-төкмөл болуп чыкты, биз тандап алган парламентаризм биз үчүн оңойго турган жок. Биздин досторубуз, ишкерлик өнөктөштөрүбүз, саясий талдоочулар жана албетте, биздин чет өлкөдөгү мекендештерибиз - биздин өнүгүшүбүзгө көз салып, баалап, кабатыр болуп тургандардын баары - КРда үчүнчү революция башталабы деп нес болуп күтүп калышты. Эли байыркы, өзү жаш мамлекет эки революциянын тажрыйбасын эске алуу менен эмне кылар экен деп баары байкап турушат. Элибиздин эстутуму узунбу же кыскабы? Ал өткөндөн сабак ала билеби?".

Ал эми Адахан Мадумаров видео кайрылуу аркылуу интеллигенцияны, аттуу-баштуу адамдарды эрегишкен тараптарды ынтымакка чакырууга үндөгөн.

«Тилекке каршы, болор иш болду. Эми мындан ары аксакалдарыбыз айткандай «ийри отуруп, түз кеңешчү» мезгил келди. Болбосо биз кыргыз мамлекеттүүлүгүн, бүтүндүгүн жоготуп алчу коркунучта турабыз. «Адам сөзгө байланат, айбан чөпкө байланат» дегендей биз сөз издеп, сөз таап, бир сөзгө келишибиз керек».

​Бирок ошоль эле маалда Атамбаев менен Жээнбековду жараштырып коюу туура эмес деп эсептегендер да жок эмес. Мурдагы башкы прокурор, саясатчы Азимбек Бекназаров Атамбаевди тарапкерлерине таянбай, маселени сот аркылуу чечүүгө, ал эми президент Жээнбековду калыс сот жараяны үчүн шарт түзүүгө чакырган.

«Аларды жараштыруу, кылмышты жаап коюу коомчулукта туура эмес кабыл алынат. Экинчиден, дүйнө жүзү карап турат. Ошондуктан Атамбаев менен Жээнбековду акыл-эстүүлүккө чакырат элем. Жээнбековду сотту калыс жүргүзүп, мурдагы президенттер кетирген каталарды кайталабай, бир тараптуу өкүм чыгара койбой, кылдаттык менен иликтеп, Атамбаевдин күнөөсү бар-жогуна сот аркылуу гана чекит коюуга чакырам. Бул үчүн Жээнбеков кепилдикте туруп башкы прокурор, сот менен бирдикте, Атамбаевди камабай, үй камагына коюп, мамлекеттик резиденцияда үй-бүлөсүнүн, өзүнүн коопсуздугун камсыз кылыш керек. Ошол эле учурда Атамбаев, элди чогултпа, Кыргызстандын ташын корооңо топтоп алсаң да жардам бербейт. Күңөөң жок болсо сотко келип, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, акталып ал».

Саясатчылардын ушул сыяктуу кайрылууларына президент Жээнбековдон да, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден да жооп боло элек. Азыркы учурга чейин Атамбаевден кол тийбестик алынганы менен кылмыш ишин козгоо же суракка чакыруу боюнча аракеттер тууралуу маалымат жок.

Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери 3-июлда Бишкекте митинг өткөрүшү.

«Соке болбой калды» деп аталган митингге мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышып, азыркы бийликке алты талап коюп, аны аткарууга эки ай мөөнөт берилерин жарыялады. Кокус "чыр чыгып кетсе" жоопкерчилик бийликте болорун эскертти.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин «экс-президент» макамын алып, кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечим укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мурдагы президенттин тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүндө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат.

"Ыңгайсыз суроолор": Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? 4-июль, 2019-жыл

Мамлекеттин келечеги үчүн ким жооптуу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:47:44 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG