Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:05

Ошто ун кымбаттады


Тандыр нан.
Тандыр нан.

Өлкөнүн түштүк аймагында бир кап ундун наркы 300 сомго кымбаттады. Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөрү Казакстанда буудайдын түшүмү начар болгону үчүн баа өскөнүн айтышууда. Кыргызстандын материалдык резервдер фондунда элди кыштан чыгарганга жетерлик ун барбы? 

Өлкө түштүгүндө мурда бир кап ун 1200 сомдон сатылса, учурда Ош шаарында 1570, Жалал-Абад шаарында 1500 сомго көтөрүлдү.

Айрым адистер кырдаалга байланыштуу нандын баасы да кымбатташы мүмкүн экенин айтышууда.

Ош шаарында наабайканда иштеген Абдисатар Агжалов нандын баасын көтөрбөсө, кеткен чыгымды актабай жатканын айтып берди:

- Мисалы, менде алдын ала камдап койгон ун жок. 100 кап ун алсак, бир айда эле түгөтөбүз. 15 күндөн бери жөн эле иштеп жатабыз. Пайда жок. Дүкөнчүлөр "нандын баасын көтөрөлү" десек, көнбөй жатышат. Бирок биз минтип иштөөгө көпкө чейин туруштук бере албайбыз. Мен бир кап ундан 180 нан жасайм. Бизге пайда калышы үчүн ар бир нандын баасын эки сомго көтөрүш керек.

Жалал-Абад шаарында тегирмен иштеткен ишкерлердин бири атын атабоону суранып, кампаларда ун жок калганын, жагдай оор экенин билдирди.

- Ундун баасы күн эмес, секунд сайын өсүп жатат. Англисче сүйлөбөй буудайды камдап, тегирменчи ишкерлерди колдоп койгулачы. Ушундай мезгилде унду ундай, буудайды буудайдай сактап, бааны кармап берсин деп Абылгазиевге айтсаңар боло? Казакстан чек арасын жаап, унду чыгарбай койсо эмне болот? Ушуну чоңдорго жеткирип койгула.

Маалыматтарга караганда ундун баасы кошуна Казакстан менен Өзбекстанда да көтөрүлгөн. Кыргызстан акыркы жылдары буудай айдалган талааларынын аянтын кыскартып, буудай өндүрүүнү дээрлик токтоткон.

Дыйкандар дагы баасы арзан болгондуктан мээнети акталбай калып жатканын бир нече жылдардан бери айтып келет. Мындан улам Кыргызстан унду толугу менен Казакстандан импорттойт.

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

Мурда ун бизнеси менен алектенген депутат Чыныбай Турсунбеков Казакстанда буудайдын түшүм начар болгону үчүн ушундай кырдаал түзүлгөнүн айтууда.

- Негизи баары түшүмгө байланыштуу. Быйыл Казакстанда буудайдын түшүмү начар болду. Түндүк Казакстанда кургакчылык болду. Жайлай жаабаган жаан буудай орулуп атканда жаады. Ушундан улам Казакстандын өзүндө да буудай кымбаттап кетти.

Өкмөт азырынча ундун эмнеге кымбаттап жатканын элге түшүндүрө элек. Ундун баасын чектөө боюнча көрүп жаткан чаралары тууралуу да маалымат чыга элек.

Азык-түлүк коопсуздугуна жооптуу Мамлекеттик резервдер фондунун жетекчиси Каныбек Айдаров кампада канча ун бар экенин айтуудан баш тартты.

- Буудай бар. Бирок анын көлөмү жашыруун. Кайсы бир убакытка чейин кармай алабыз. Кыштан чыгабыз. Баасын, кымбаттаса кайсыл чекке жетип токтошун биз көзөмөлдөбөйбүз. Жакынкы күндөрү Монополияга каршы комитет, Айыл чарба министрлиги чогулуп, бул маселе каралат. Мына ошондо бир чечимге келебиз.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кытайды көбүрөөк буудай сатып алууга чакырганы тууралуу маалымат чыккан. 11-сентябрда Бээжинге эки күндүк расмий иш сапар менен барганда Кытайга 2 миллион тоннага чейин буудай жеткире ала турганын айткан.

Ал эми Кыргызстандын унга болгон бир жылдык керектөөсү 1.5 миллион тоннага жакын.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG