Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Мушкерлер менен имамдардын имарат талашы


Караколдогу мечит
Караколдогу мечит

Караколдогу 1887-жылы салынган татар мечитинин имамдары менен бул мечиттин короосунда жайгашкан мушкерлер залынын машыктыруучулары соттошуп жатат.

Эки тарап тең мушкерлер залын талашып, өз ара пикир келише албай жаткан кези.

Чырдын башы – имамдар «шариятка ылайык бири-бирин бетке урууга болбойт» деп бокско каршы чыгышынан башталган.

Караколдун борбордук көчөлөрүндө жайгашкан имараттардын көбү 1800-жылдардын соңунда салынгандыктан тарыхый эстелик болуп эсептелет. Мындай имараттардын катарын №2 татар мечити толуктайт.

Мечиттин пайдубалы 1883-жылы түптөлүп, 1887-жылы эксплуатациялоого берилген. Муну ошол кезде Караколго келип отурукташып калган татар диаспорасы салганы айтылат. Кийинчерээк Советтер Союзунун учурунда мечит жоюлуп, кинотеатрга айланган. 2006-жылдары кайра мечит деген статусу кайтарылган.


Жалпы аянты 48 сотых жер аянтын түзгөн мечиттин короосунда жайгашкан мушкерлер залы бар.

Эми дал ушул имарат талашка түштү. Мечит жетекчилиги менен шаардагы балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдеги мектеби бул имараттын чыныгы ээси ким экенин аныктай албай, ортого мыйзамды арачы кылып соттук териштирүү баштаган.

- 2007-жылы 2-майда мамлекеттик акт, мамлекеттин «кызыл китеби» бизге берилген. 2015-жылы өспүрүмдөрдүн облустук спорттук мектеби бизге келип, «корооңордо турган мушкерлер залы биздики» деди. Биз «силердики болсо мейли. Азыр мечитке да, залга да кирүү бир дарбазадан болуп атат. Силер анда башка жактан эшик чыгарып алгыла» деп, каршылык көрсөткөн эмес элек. Бирок ушул жылы бизге соттон кагаз келди. Көрсө спорт мектеби арызданган экен. Биз айла жоктон жактоочу жалдап, алар берген район аралык сотко бара баштадык. Ишти караган район аралык сот, бул имараттын талашына шаардык прокуратура кийлигише албай турганын билдирип, «иш каралбайт» деген чечимин ушул жылдын 19-июлунда чыгарып берген, - дейт №2 мечиттин имамы Айбек Белогонов.

Белогоновдун айтымында, район аралык сот кийин бул ишке кайрылып, 9-октябрда иш кайра каралышы керек деген чечим чыгарган.

2007-жылдын 2-майында мамлекеттик актыны колуна алган мечиттин имамы «экинчи тарап мамлекеттик акт биздин колго тийгенден кийин үч айдын ичинде сотко кайрылууга укугу бар болчу, бирок азыр 12 жыл өткөндөн кийин алардын сотко кайрылганы мыйзамсыз» деп жатат. Ушундан улам 18-октябрда мечит жеке тарап катары район аралык соттун соңку чечимине макул болбой облустук сотко кайрылган.

Айбек Белогонов негизинен залда бокс боюнча машыгууларга каршы экенин, анткени бири-бирин бетке урган спорттун бул түрү шариятка каршы келерин кошумчалады.

Каракол шаардык спорт мектебинин директору Каныбек Шазыдаев бул имарат 1960-жылдары №14 кесиптик лицейдин өнөрканасы болуп салынганын айтууда. Имаратта 1980-жылдары өрт чыгып каралбай калган. Андан кийин 1985-жылы шаардык спорт мектебинин машыктыруучулары имаратты боксчулардын залына айлантып, ичин толугу менен оңдоп чыгышкан.

- 1995-жылы ошол кездеги шаар жетекчилиги мечиттин короосуна жакын жайгашкан музыкалык окуу жайын, концерттик залды, анан биздин мушкерлер сарайын «музыкалык окуу жайынын спорт залы» деп туруп мечитке өткөрүп берген. Бул документтерди карап чыгып, Мамлекеттик каттоо кызматы андан ары териштирбей эле биздин мушкерлер залын 2007-жылы мечитке чийип берип, мамлекеттик актыны колуна карматып койгон. Азыр биздин зал анклав сыяктуу эле болуп калды, башка жерден мечиттин имамы айткандай дарбаза чыгарып ала албайбыз.


Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Каракол шаардык кеңешинин депутаты Бейшенбек Саабатаров бул маселе боюнча «Азаттыкка» буларды билдирди:

- Бул зал 1984-жылдан бери иштеп келе жатат. Ушул казыяттын кылган иштерине байланыштуу сот процесси жүрүп, мушкерлер залын ремонттоого шаардык кеңештин мүмкүнчүлүгү болбой жатат. Булардын кылганы туура эмес деп эсептейм. Мен эмес облустун казысы Алмаз ажы да «спортчу балдардан имарат талашууну токтотуш керек» деп айткан. Келгиле, анда шаардагы балдар машыккан спорт залдын баарын мечиттерге берели. Ансыз деле балдарыбыз кышында эшикте машыгууга аргасыз болуп жатат. Дагы бир залыбызды башкалар тартып алган. Балдарды көчөгө кууп жиберели, бизге келечектин кереги жок болсо?

Азыр тараптардын иши облустук соттун кароосунда турат. Жалпысынан Каракол шаары боюнча Олимпиадалык резердвеги балдар жана өспүрүмдөр мектебине тиешелүү беш спорт зал бар. Ал эми шаар боюнча мечиттердин саны бешөө, алардын үчөө миңден ашык адамды батыра алат. Талашка түшкөн имараттын чоо-жайы тууралуу тактап аныкташ үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын шаардагы түзүмү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок «Азаттык» радиосу бул тараптын да жүйөсүн укканга даяр.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG