Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Конгантиев экинчи жолу «акталды»


Молдомуса Конгантиев.
Молдомуса Конгантиев.

Биринчи май райондук сотунун мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди актаган чечимин коомчулуктун кайсы бир бөлүгү кескин сындап жатат.

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди актаган чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-июлда чыгарды. Ага каршы ачылган иштин курамында кылмыш аныкталбаганы үчүн сот аны актаганын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди:​

«Азыр чечим күчүнө кире элек. 10 күндөн кийин эч ким каршы арыз бербесе, толук акталат. Иштин курамында кылмыш аныкталган жок».

Мамлекеттик айыптоочу Конгантиевди алты жылга камап, 100 миң сом айыпка жыгууну суранган болчу. Эми прокуратура он күн ичинде бул чечимге каршы шаардык сотко кайрылса болот. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева буларды айтты:​

«Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө чечим бизге берилгенден кийин ал маселе каралат. Азыркы учурда чечим келе элек».

8-июлда апрель ыңкылабынын катышуучуларынан турган «Айкөл Ала-Тоо» жана «Айкөл Таза коом» уюмунун жыйырмадай мүчөсү Биринчи май райондук сотунун алдында чогулушуп, Конгантиевдин акталышына нааразылыгын билдиришти. Алар соттун чечимин каршы арыз менен кайрылмай болушту.​

«Ок чыгарды, атты. Майып балдар отурат. Эми сот системасы аны ак деп чыгарып койгон чечимине каршы келдик. Азыр соттун төрагасына жолугуп чыктык. Ал «соттун чечимине каршы кайра арыздансаңар болот» деп айтты. Кыскасы, эми прокуратурага кайрылып, кайра арыз жаздырып, ишти аягына чыгарганга аракет кылабыз», – деди «Айкөл Ала-Тоо» коомунун өкүлү Жылдызбек Исаков.

Апрель окуясынын дагы бир катышуучусу Таалай Айдаров жакынкы күндөрү бул чечимге каршы акция өткөрүүнү пландап жатканын кабарлады. Айдаров Конгантиевди апрелдеги каргашалуу окуялардын негизги күнөөкөрлөрүнүн бири катары көрөт.

«Эч кандай күнөөсү жок» деп соттон чечим чыкты. Эми аны сабаган балдарга арыз жазууга укуктуу болуп калды. Ал балдарды тааныйт, сүрөт, видеолору жүрөт. Мен апрель окуясында жакындары каза болгондорго деле түшүнбөй калдым. Билбейм, бул жерде эмне деген оюн болуп атат? Мурат Суталиновду актаганда эч ким унчуккан жок, эми Конгантиевде деле үн катышпады. Эми биротоло Бакиевдерди алып келип актап бергиле», - деди ал.

2010-жылдын апрелиндеги кандуу окуяга байланыштуу айыпталгандардын көпчүлүгү түрмөдө жазасын өтөп, чыгып бүтүп калышты. Бирок ошол кезде милициянын башында турган Молдомуса Конгантиевге апрель окуясына байланыштуу кылмыш иши козголгону менен 2018-жылы «кылмыштын курамы болгон эмес» деген негизде иш сотко жетпей кыскарган. Экс-министр ден соолугуна байланыштуу тергөө абагына да камалган жок. Анткени Конгантиев 6-апрелде Талас шаарында катуу сабалганы белгилүү.

2018-жылы да Конгантиевдин иши кыскарып кеткени президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигине карата сынды күчөткөн. Анткени шайлоо учурунда Конгантиев Жээнбековду колдогон эле. Бирок кийин президенттин тапшырмасы менен экс-министрдин иши кайра иликтенип, Конгантиевге 2005-жылы 24-март окуясына байланыштуу козголгон иш кайра жанданган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бөдөш Мамырова экс-министр моралдык жактан өз жазасын алды деп эсептейт.

Бөдөш Мамырова
Бөдөш Мамырова

«Кыргызда «темирди кызуусунда сок» дейт. Убагында кылмыш иши козголуп, далилдер табылбагандан кийин эми күнөөсүн аныктап мойнуна коюш кыйын болуп калды. Ошол себептен бул кишиге олуттуу күнөө коюга негиз табылган жок окшойт деп ойлойм. Ал эми саясий жагынан өзүн-өзү эчак эле актап алды. «Бакиевдин командасы» деп жатышат. Азыркы күндө Бакиевди ошондой абалга түрткөндөр бийликте жок деп айта алабызбы? Конгантиев ошол күндөн бери моралдык жазасын тартып, кызматы жок жүрөт».

Милициянын генерал-лейтенанты Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши ачылган.

Молдомуса Конгантиев 2010-жылдан бери өлкөдөгү коомдук-саясий окуяларга аралашпай келет. Өзү жана кылмыш иши жөнүндө журналисттерге комментарий берген эмес. Айрым талдоочулар ошол кездеги таасирдүү министр эми саясатка аралашпайт деп божомолдошот.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG