Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:45

Чет өлкөнүн намысын талашкан улакчылар


Красноярск командасында ойногон кыргыз улакчы.
Красноярск командасында ойногон кыргыз улакчы.

Көчмөндөр оюндарына башка өлкөлөрдөн келген командалардын курамында кыргыздар да ойноп жатат.

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттун 37 түрү ойнолуп жатса, анын ичинен эң кызыктуу оюндардын бири көкбөрү болуп саналат. Быйыл көкбөрүгө катышуу үчүн 11 команда келсе, анын арасында мигранттардан жана этникалык кыргыздардан турган командалар да бар.

Красноярск шаарынан Көчмөндөр оюндарына келген команданын курамында улуту орус бир улакчы жок. Бардыгы эле Кыргызстанда төрөлүп, бирок Красноярскта жашаган кыргыздар.

Красноярск көкбөрүчүлөрүнүн башкы машыктыруучусу Нурали Маткасымов алардын командасы Орусиянын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөнүн айтты.

- Командабызда 13 киши Красноярсктан келдик. Биз экинчи жолу келип жатабыз. Бардыгыбыз ошол жакта эмгектенебиз, бардыгында орус жарандыгы бар. Красноярск бийлиги да кызыгып колдой баштады, менин оюмча кийинки оюндарга командабыз орус оюнчулары менен толукталат, себеби азыр Красноярскта көкбөрүгө жергиликтүү эл арасында кызыгуу күч.

Чет өлкө үчүн ойногон кыргыз улакчылар
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:01 0:00

Казактардын каршылыгына өзбектер макул эмес

Көчмөндөр оюндарына Орусиядан төрт команда келди. Алар Красноярск шаары, Москва облусу, Алтай жана Башкыртстандан келген улакчылар. Булардын ичинен Москва облусунун улакчылары да Красноярсктай эле мигранттардан түзүлгөн команда.

Мындай көрүнүш Казакстан курама командасынын нааразычылыгын жаратып, кыргыздардын башка өлкөнүн командасына ойношуна каршы протест жасады. Бирок уюштуруучулар казак тараптын нааразылыгын негизсиз деп, улакчылар кыргыз болгону менен башка өлкөнүн жарандары экенин билдирди.

Өзбекстан командасы да казак көкбөрүчүлөрүнүн нааразылыгына каршы пикир билдирди. Команданын машыктыруучусу Кудрат Жураев, Өзбекстандын курамында ойноп жаткандар этникалык кыргыздар экенин, алардын бардыгында өзбек паспорттору барын айтты.

- Биздин командабызда кыргыздар гана эмес, эки казак оюнчусу да бар. Алардын бардыгы Өзбекстанда туулуп-өскөн. Бардыгында өзбек жарандыгы бар. Эми кыргыз менен казактар көкбөрүнү жакшы ойношот, ошондуктан командабызга аларды тарттык. Бирок бардыгы өзбек жарандары экенин дагы бир жолу белгилейм. Биз даярдыкты Ташкентте өтүп келдик, өзүбүздө көкбөрү жакшы жолго салынды, кызыккандар да көбөйүп баратат.

Өзбекстан командасы
Өзбекстан командасы

Франциянын оюнчулары кемиди

​Ошентсе да Казакстандын нааразычылыгы айрым командалардын оюнчуларынын санын бөксөттү. Кыргыз тарап казактардын сынынан кийин командалардагы оюнчуларды бир сыйра текшерип, Франция командасындагы беш кыргыз улакчыга ойноого тыюу салды.

Алардын бири Арзымат Казакпаев Франция бир жылдан бери Көкбөрү федерациясы менен сүйлөшүп, беш кыргыз оюнчуну катарга кошуу маселеси бардык документтер менен макулдашылып, элчиликтин деңгээлинде чечилген болчу деди:

- Ооба, бизде кыргыз паспорту эле турат, бирок Франция элчилиги менен документтер ырасталган. Биз Франция курама командасына декларация толтуруп, тийиштүү кагаздар менен оюнга кошулмакпыз. Бирок биз алгачкы оюнга чыкканда эле казак тарап макул болбой жатат деп калыстар чыгарып салышты.

Натыйжада тарыхта биринчи жолу түзүлгөн көкбөрү боюнча Франция улуттук курама командасы алты оюнчу менен гана калып, Өзбекстан менен Башкыртстанга утулуп, тайпадан чыкпай калды.

Анткен менен көкбөрүгө келген он чет өлкөлүк команданын баарында тең кыргыз аттары ойноп жатат. Бул көрүнүшкө командалар жана уюштуруучулар тарапта түшүнбөстүк жок. Казак көкбөрүчүлөрү да аты жок келгендиктен, Сары-Өзөн жана Талас командасынын аргымактарын минүүгө аргасыз.

Казакстан - Красноярск оюн учуру
Казакстан - Красноярск оюн учуру

​Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов муну атты алыстан алып келүү оор жана кымбатка турган иш экени менен түшүндүрдү. Ал эми башка командада ойноп жаткан кыргыздарда ал өлкөлөрдүн жарандыгы бар экендигин тастыктады.

6-сентябрда көкбөрү боюнча жарым финалдык оюнда казак командасы Өзбекстандан утулуп калды. Финалдык оюндар 7-сентябрда өтөт.

Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын көк бөрүдөгү байге фонду 6 млн. 200 миң сом деп белгиленди.

Көк бөрү: Казак улакчылары атайын утулдубу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG