Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

"Орус тили жабышып алып үстөмдүк кылып атат"


1978-жылдагы Кыргыз ССРинин Конституциясы адистердин талкуусунда (Сакан Сатыбеков оңдон үчүнчү).
1978-жылдагы Кыргыз ССРинин Конституциясы адистердин талкуусунда (Сакан Сатыбеков оңдон үчүнчү).

Чыңгыз Айтматовду партиялык төбөлдөр эмнеликтен жактырышкан эмес? Кыргызстанда укуктук маданиятты кантип калыптандырууга болот?

Баш мыйзамды улам-улам өзгөртүүнүн артында кандай саясий максат-мүдөөлөр жатат? Ушул жана башка суроолорго Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи, белгилүү илимпоз Сакан Сатыбеков жооп берди.

"Азаттык": Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Азаттыктын” сынагында жакшы сыйлыкка ээ болдуңуз. Улуу жазуучу менен социализм кезинде Кыргыз ССРинин Конституциясынын кыргызчасын даярдоого катышып калган экенсиз. Кепти ушундан баштасак...

Сакан Сатыбеков: Чыңгыз Айтматов тууралуу жазган элем, ошону баалап, сыйлык тапшырышты. Ошол кезде да айттым эле.

Азыр мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, эл уга элек бир сөз бар эле, ошону айта кетсем. 1967-жылы Москва университетинин күндүзгү аспирантурасын бүттүм. Кандидаттык диссертациямды жактадым. Ошондогу бир окуя эсимден кетпейт. МГУда кафедрада чогуу иштешкен Аркадий Добровольский деген профессор бар эле. Ошол киши 70ке чыгып, мага чакыруу кагазы келди. Мен анда Кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы болчумун. 70-жылдар эле, бармай болдум. Менин илимий жетекчим, чоң окумуштуу Александр Клейнман ошол кезде кайтыш болуп кетиптир. 96 жашка чыккан киши эле, аны эскерүү учурунда мага сөз тийип калды. Сүйлөдүм.

МГУнун парткомитетинин катчысы Заикин деген академик сөз берип аткан. Ал мага: “Сиз Кыргызстандансызбы? Сиздерде Чыңгыз Айтматов...” деп калды. Эл көп, ошондогу ал кишинин сөзү али эсимде. “Сиздердин Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары мааниси жагынан Пушкин менен Толстойду чогуу алгандагыга барабар” деди. Мына ушундай сөз, аны эч ким укпаса керек. Кандай адамдар баалап атышат? 70-жылдары ошондой баалашкан. А биздечи? Ал жактан, чет өлкөлөрдөн наамдарды алып, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгын алгандан кийин бизде Токтогул сыйлыгын беришти го. Биздин Илимдер академиясына академиктикти деле Германиядан бир академиянын анык мүчөсү болуп келгенден кийин беришти. Анан айтайын дегеним - ошол Кыргыз ССРинин Конституциясынын кыргызчасындагы бир сөз – "Родина" деген которулбай калыптыр. 1978-жылкы Конституция, мен да комиссияда болчумун. Ал убакта Конституция, мыйзамдардын баары орусча жазылып, анан кыргыз тилине которулчу. Котормону Кыргызстан КП БКнын катчысы Кеңеш Кулматов баш болгон комиссия мүчөлөрү карап чыкканбыз. Анан Кулматов менен “Советтик Кыргызстан” гезитинин редактору Жаныбек Турсунов экөө каршы чыгып, “ушул “Родина” эле боюнча калсын” деп туруп алышпадыбы. “60 жылдан бери “Родина” дегенге эле көнүп калдык, эми кайра “Мекен” дегенде болбойт” деп каршы чыгып туруп алышты. Экөө тең тилчи, билип эле турушат, аларды деле түшүнсө болот. Кызматтары милдеттендирип атпайбы, аябай кыйналышты. Чыкемдин ачуусу аябай келип: “Ай, Жаныбек, сен экөөбүз ата-энеден калган мүлктү, мурасты бөлүшө албай атабызбы? Эми токтотпойсуңбу, болду, койбойсуңбу!” деп ордунан тура калды. Ушундай ахывал болгон.

Биз - юристтер Рафик Тургунбеков, Кубанычбек Нурбеков, мен бар болчубуз. Тилчи-академик Бүбүйна Орузбаева, Жаныбек Турсунов анан Чыке – жети киши болчубуз. Жаныбек кайра-кайра туруп атты. Ошонун кесепети менен "Родина" деген сөз кыргызча Конституцияда калып калды. 14 союздук республиканын ичинен бизде гана "Родина" деген сөз которулбай калып кеткен.

"Мама тил, папа мекен"

"Мама тил, папа мекен"

Кыргыз тили жөнүндө кыйнаган ойлор. Эне тилибиздин акыбалы жылдан-жылга оорлошуп баратканын, ага себеп болуп жаткан башкы жагдайларды белгилүү экономист Сапар Орозбаков кезектеги ой-толгоосунда кеңири талдоого алат.

"Азаттык": Сиз “мыйзамдар ал кезде орусча жазылып, кыргызча которулчу эле” дедиңиз, азыр деле ошондой. Ошол кез менен азыркы учурдун айырмасы барбы?

Сатыбеков: Мен ошого келе жатпаймбы. 1978-жылкы Конституциянын текстинде жалгыз сөз калганы үчүн Чыңгыз Айтматов командировкага кетип жаткан жеринен кайрылып, комиссияны чакыртып, “кыргызча кылайын” деп атпайбы. Ансыз деле жогору жактын Чыкеме көзү түз эмес болчу. Эмне деген тобокелдик? Бул эрдик да. Чыкемдин тил, дил, "Манас" деп айтып келатканын элдин баары билет. “Командировкага кетип калсам ушул сөз – “Родина” кандай чечилип калат? Орусча болуп калбасын” деп атайын чакыртты да. Бирок болбой калды. Ал убакта эч мүмкүн эмес эле.

Азырчы? Мына, 2010-жылкы Конституция орусча жазылбадыбы. Анан кыргызчага которулуп атат. Мыйзамдуулук деген акыры келип Конституцияга такалат. Анда биздин мамлекет “светтик, демократиялык, укуктук мамлекет” деп жазылган. Укук, тартип болмоюнча эч нерсе болбосу түшүнүктүү. Укук бизде бар, жаманбы-жакшыбы, укук бар. Ошо Конституцияда жазылгандарды ишке ашырыш керек. Ошондо адамдардын укуктары сакталып, элдин турмушу жакшырып, өлкө алдыңкы мамлекеттердин катарына кошулат. Ошонун баарына мыйзам түрткү болушу керек.

Өз алдынча өлкөбүз, кыргыз тили мамлекеттик тил болду. Андай болгон соң мыйзамдар, токтомдор, иш кагаздары мамлекеттик тилде жазылышы керек. “Орус тили расмий тил” деп атышпайбы, ал жабышкан нерсе. Бирок ал жабышып алып үстөмдүк кылып атпайбы. Бардыгы кыргыз тилинде болушу керек, ошондо атына заты жарашат. Зарылчылык болсун. Кыргыз тилинде айтпасаң, жазбасаң ишиң бүтпөй калса – ошондо үйрөнөсүң. Ансыз орус тили өз ишин аткара берет. Орус тилинде жазылган Конституциянын котормосун айтпай эле коёюн. Укук жаатында эч ким жаза элегинде кыргыз тилинде окуу китептерин мен жазгам, азыр студенттер окуп атат. Кыргызча жазуу, котормо деген эмне экенин жакшы билем. Өкмөттүн токтому бар, “эгер бир маселе боюнча талаш чыгып калса, кыргыз тилиндеги текст өтүмдүү” деп белгиленген. Ошого жетишсек кыргыз тили чындап мамлекеттик тил болот.

"Азаттык": Укуктук маданият деген эмне? “Мыйзам негизинде жашайбыз” дейбиз. Укуктук маданиятка кантип жетебиз?

Сатыбеков: 60 жылдан бери студенттерди окутуп келатам. 200дөн ашуун илимий эмгек жаздым. Укуктук тарбия, маданият деген мындан башталат. Ар бир жаран өз укугун билиши керек. Бизде “кыргызчылыктан” улам баарына көңүлкош карашат. Ал жагынан кенендик бар, “ай...” деп коюп жүрө беребиз. Ал кенендик бир күнү башыңа тиет. Укук өзү жалпы маданиятка кирет. Мамлекетти куруш үчүн жалаң парламент аздык кылат. Ал жерде отурган депутаттардын түрүн билебиз. Эки сөздүн айырмасын ажырата албаган депутаттар бар. Кайсы мыйзамды жаза алышат? Накта депутаттар он чакты эле. Башкалары өз кызыкчылыгы менен отурушат, ал эми өзүнчө тема. Минтип отурсак кантип укуктук мамлекет болобуз?

"Азаттык": Баш мыйзамыбызды абдан көп өзгөрттүк. Андан мамлекетибиз оңолуп деле кеткен жок. Ушул жагынан алганда сиз кандай кеңеш берер элеңиз? Азыркы укукчу адистер, юристтер - негизинен сиздин шакирттериңиз. Биз негизги мыйзамыбызды таба албай жатабыз. “Конституция” деп айланчыктап атабыз, мындан кантип чыксак болот?

Сатыбеков: “Баш мыйзам” деп бекеринен айтылбайт. Башка мыйзамдар, токтомдор, чечимдер – баары Баш мыйзамга кайчы келбей, ага шайкеш келиши керек. Мыйзамдуулукка көз салып туруу зарыл. Баш мыйзам көп алмашылып кетти. Американын Конституциясына салыштырууну бизде жакшы көрүшөт. Мен билгенден 240 – 250 жыл ичинде 26 жолу ошол Конституцияга кошумча-алымча киргизишкен. Мүмкүн отузга жетер, мен аны санап отурганым жок.

Биздин Конституция канча өзгөртүлгөнүн айтпай эле коёюн. “Биздеги адамдардын ниэти, кадр маселеси, анан менталитети” деп бүтүн кыргызга шек келтиргим келбейт. Бизде көрө албастык, жеп-ичмей сыяктуу “иттиктер” көбүрөөк. Мамлекеттин башына келгендин максаты - бийлигин кармап калуу. Мүмкүн болсо узартуу керек. Ошого эле иштеп калды. Акаев дагы өзгөртүү киргизди, кийинкиси да, ооштуруп-кыйыштырып отуруп азыркы парламенттик башкарууга алып келишти.

Мен жеке пикиримди айтайын. Боз үй ичинде отуруп алып кеңешип, бир киши эмес, көптөп акылдашып, бир чечимге келүү - жакшы идея. Демократия жакшы, бирок ага жетиш үчүн элдин аң-сезими өсүшү керек. Мисалы, Британияда 200 жылдан ашты, жүздөгөн жылдар демократия деп келатышат. Ошентип барып калыптанат. Элдин абалы, парламенттин түрү тигил. Демократия болуш үчүн элдин аң-сезими менен парламентте мыйзам чыгарып аткандардыкы туш келиши керек. Мыйзам аткарылышы керек, ага адамдар баш ийиши абзел. Азыр аткаминерлер өз билгенин кылат, мыйзам бул жакта эле калып атпайбы. Анан каяктан укуктук мамлекетти курабыз? Мына ошого жетиш керек, бирок бул өтө кыйын иш.

"Азаттык": Ырахмат, аңгемеңизге!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG