Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Убактылуу Өкмөт президент менен жолугат


Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү.
Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү.

2010-жылдын апрель окуясынан кийин түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бейформал чөйрөдө чогулушту. Алар ишемби күнү президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууну пландап жатышат.

Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү үй камагына чыккан саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов менен учурашып, өлкөдөгү саясий абал жөнүндө пикир алышканын маалымдашты.

2010-жылдагы окуялардан кийин мамлекетти башкаруу үчүн түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн бул жолугушуусу алардын саясий күч катары салмагы, таасири боюнча кеп козгоого себеп болду.

Мурдагы премьер-министр, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу демилгеси президенттик аппаратка таандык экенин белгиледи. Азырынча эмне маселе талкууланары беймаалым экенин айтты.

Темир Сариев.
Темир Сариев.

«Буга чейин эле президенттик аппарат жолугушуу тууралуу демилге көтөргөн. Ишемби күнү чогулуп сүйлөшсөкпү деген ниетин баарыбыз кабыл алдык. 31-августта өлкөнүн мурдагы жооптуу жетекчилерин чогултуп, дасторкон үстүндө сүйлөшүү болгон. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен да жолугушуу ушул багытта болот. Бардык мүчөлөрдү чакырды, кимиси келет айта албайм. Президент менен мамлекеттин багыты, социалдык-саясий-экономикалык абалы, чечилип-чечилбей жаткан маселелер, сунуштар болсо керек. Балким өзүнүн оюн айтып, маалымат алат».

«Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары Өмүрбек Текебаев дагы президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугабы? Анда эмне маселелер талкууланат?» деген суроолордун жообу азырынча белгисиз.

Президенттин аппараты бул тууралуу расмий билдирүү тарата элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев 10-сентябрда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жолугуп, өлкөдөгү саясий абал боюнча пикир алмашканын билдирди. Дүйшөбаев учурда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн пикирлери дээрлик бирдей экенин белгилеп, алар Алмазбек Атамбаевдин тушунда куугунтукка кабылганын айтты:

Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

«Чогулган 11 адамдын пикири, позициясы бирдей десем болот. Үч мүчөсүнүн өзүнүн башка пикири бар, ал өз эрки. Атамбаев болсо эми Убактылуу өкмөткө кошулабы же жокпу, бир Кудай билет. 2011-жылы президент болуп шайлангандан кийин Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн куугунтуктап, басым көрсөтүп, жаманатты кылган иштердин башында Атамбаев турган деген пикирдебиз. Эми азыркы президент менен жолуга элекпиз. Жакын арада Убактылуу Өкмөттүн форматында жолугабыз го деп турабыз».

Дүйшөбаев айтып жаткан 11 киши - Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Роза Отунбаева, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Элмира Ибраимова, Болот Шер, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жолугушууга катышкан.

Бирок Азимбек Бекназаров менен Эмилбек Каптагаев эч кандай саясий талкуу болбогонун айтышты. Ал эми коомдук ишмер Топчубек Турганалиев менен парламент депутаты Иса Өмүркулов бул жыйынга барган эмес.

Тургуналиев «Азаттык» радиосуна жолугушуу тууралуу маалыматы болбогонун билдирди. Ал эми Иса Өмүркуловдун эмнеге катышпай койгону белгисиз. Убактылуу Өкмөттүн дагы бир мүчөсү, Кой-Таштагы окуяларга жана кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн эрте бошогонуна байланыштуу Алмазбек Атамбаев УКМКнын абагында отурат.

Учурда Абдыганы Эркебаев менен Иса Өмүркуловдон башкалары мамлекеттик кызматта иштебейт.

Соңку кабардан кийин «Убагында белгилүү саясатчылардан куралган бул түзүмдүн мүчөлөрү коомдук-саясий абалды реалдуу баалап, бийликке альтернативалуу саясий күч боло алабы?» деген суроо жаралды. Алардын президент Сооронбай Жээнбековго жолугуу ниети эмнени каңкуулайт?

Саясий серепчи Турат Акимовдун пикиринде, 2010-жылдагы окуялар боюнча Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө коомчулукта суроо көп.

Акимов «саясатчылар өз кызыкчылыгын коргош үчүн гана чогулуп жатат» деген пикирде:

Турат Акимов.
Турат Акимов.

«2010-жылы далай кылмыштар болгон. Ортодон акча жоголгон. Эми кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткен мезгилге жетиш керек. Ошонун негизинде жаңы күчтөрдү бийликке алып келишпейт. «Жаңы күч келип калса, ал иштерди териштирет» деп ага каршы иштешет. 2020-жылга чейин башкаларды бийликке жолотушпайт».

Акимов Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн арасынан саясий чөйрөдө Өмүрбек Текебаев гана негизги оюнчу катары роль ойнорун кошумчалады.

Бирок саясий серепчи Эмилбек Жороев президенттин мурдагы бийлик жетекчилери менен жолугуп жатканын жакшы көрүнүш катары баалады.

«Кандай болгон күндө да Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү - өлкөдө саясий көз карашы, таасири бар адамдар. Кандай гана болбосун диалог маанилүү. Айрыкча мамлекет башчы үчүн бийликтен сырткары турган, айрым учурда өзүнө кайчылаш пикир айткан адамдар менен жолугушканы жакшы. 2010-жылы алар саясий окуяларга чечим кабыл алган адамдар. Аларды угуп коюу туура болот».

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен президенттин жолугушуусундагы көңүл буруучу жагдай үй камагындагы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун маселеси болууда. Алар кылмышка шектүү катары эсептелип турган чакта мамлекет башчысы менен кезиккени соттордун чечимине таасир этпейби деген суроо жаратты.

"Азаттыктын" архиви: Убактылуу Өкмөт: кечээ жана бүгүн

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү: кечээ жана бүгүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:12 0:00

Убактылуу өкмөт мурдагы президент Курманбек Бакиев 2010-жылы 7-апрелде бийликтен кулатылгандан кийин түзүлгөн.

Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Элмира Ибраимова, Эмилбек Каптагаев баштаган он чакты оппозиция лидери жарым жылдык мөөнөткө аткаруу бийлигин колго алышкан. Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаевага 2011-жылдын 31-декабрына чейин өткөөл мезгилдеги Кыргызстандын президентинин укуктары ыйгарылган. Ушул эле жылы ноябрь айында Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп шайланган.

Мурдагы президент Атамбаев менен Убактылуу өкмөттүн калган мүчөлөрүнүн мамилеси 2016-жылы август айынан кийин бузулган. Анда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бийликке ачык кайрылуу жазып, Конституциянын кол тийбестигин 2020-жылга чейин коргоого жана өлкөдө авторитардык режимдин калыбына келишин токтотууга чакырышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG