Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Парламент үгүттөгү калпыстыкты талкуулады


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш президенттик шайлоо алдындагы абалды талкуулады. Жыйында депутаттар үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө административдик ресурс колдонуу, добуштарды сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттер катталып жатканын билдиришти.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, административдик ресурс, добуш сатып алуу жана таза шайлоо. Мына ушул сөздөр 28-сентябрь күнү шайлоо алдындагы абалды талкуулаган парламент жыйынында эң көп айтылды.

Ири саясий өнөктүккө даярдыкты талкуулоо Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизилсе да, маселени кароо алдында Социал-демократиялык фракция мүчөлөрү каршы чыкты.

Аталган фракция мүчөлөрүнүн жүйөсүндө, бул маселени талкуулоо депутат болуп туруп шайлоого аттанган талапкерлерге үгүт катары кабыл алынат. Бирок оппозициядагы депутаттар муну четке кагып, кайым айтыштан соң маселе парламентте каралды.

Административдик ресурска байланыштуу мыйзам бузуулар болуп жатканын лидери президенттикке ат салышып жаткан "Республика-Ата- Журт" фракциясынын мүчөлөрү көтөрүштү.

Депутат Бактыбек Райымкуловдун айтымында, мамлекеттик кызматкерлер менен дин ишмерлери белгилүү бир талапкерди үгүттөп жатат:

- Мыйзам бузулуп, ким акча берип, ким административдик ресурс колдонуп жатканын элдин баары эле көрүп турат. Ал гана эмес, муфтий баш болуп, Чүй облусунун казысын сөгүп, имамдарга чейин ар бириңер ондон адам алып келесиңер деп опузалап жатыптыр. Мындан сырткары мугалимдерди да коркутуп, адамдардын паспортторун алдырып жатышат.

Муну эркин депутат Жанар Акаев да колдоп, мыйзам бузган жетекчилерге катуу чара көрүлсө, башкаларга сабак болмоктугун айтып чыкты:

- Өкмөт эгер президентти колдосоңор БШК Зилалиевден баштап, Юридикалык академиянын мугалими, Аравандагы айыл өкмөттүн катарынан кызматтан алуу керек болчу. Ошондо эле ишенип калмак. Силер иликтөө жүргүзүп жатабыз деп айткан менен анын шайлоодон кийин бүткөнүнүн эч кимге кереги жок. Аны шайлоого чейин кылуу керек.

Социал-демократчы депутаттар болсо үгүт учурундагы добуш сатып алуу фактыларынын жүрүп жатканына көңүл бурушту.

Депутат Мурадыл Мадеминовдун айтымында, учурда административдик ресурстан да добуш сатып алуу маселеси коркунучтуу болуп турат:

- Ууру баарынан ууруну карма деп катуу кыйкырат. Азыр массалык түрдө добуштарды сатып алууга өтүштү. Мисалы, Кадамжайда белгилүү эле биздин атаандашка жолугушууга он адамды алып келсең мынча, жыйырма адам алып келсең мынча деп таратып жатат. УКМК, силер иштейсиңерби? Азыр массалык акча таратып жатат. 7 миң сомго чейин чыкты.

Ал эми вице-премьер-министр, шайлоону уюштуруу боюнча штабдын жетекчиси Темир Жумакадыров шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар териштирилип жатат деп ишендирди. Анын айтымында, учурда добуш сатып алуу аракети боюнча 10, жарнактарды айрып-тытууга байланыштуу 19 факт катталды:

- Айтылган фактыларга көңүл бурулбай жатат деген проблема жок. Биз ар бир фактыга көңүл буруп, териштирип жатабыз. Бирок интернеттеги, ЖМКлардагы айтылган маалыматтар такталбай жатат. Ошондуктан ар бир маалыматты ийне-жибине чейин териштирип, чара көрөбүз.

Шайлоону талкуулаган жыйын учурунда жыйындар залында депутаттардын теңинен азы калганы белгилүү болду.

Үгүт өнөктүгү башталганы депутаттардын көпчүлүгү талапкерлер менен бирге аймактарды кыдырып кетип, парламенттин иши үзгүлтүккө учурап жаткан. Муну моюнуна алышкан эл өкүлдөрү алдыдагы эки жума аймактардагы шайлоочулар менен жолугушуу деген жүйө менен пленардык жыйындарды токтотту.

Муну жарандык коом өкүлдөрү сынга алышууда. Алар депутаттардын Эмгек кодексинин бузуу менен өлкө үчүн эң жооптуу учурда эс алууга кеткени туура эмес болгонун айтышууда. Алардын бири - "Жарандык платформа" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Айнура Усупбекова:

- Депутаттар саясий кызматты ээлешет. Аларды каржылоого мамлекеттин акчасы кетип жатат. Ошондуктан булар эмне менен алектенип жүргөнү тууралуу ачык маалымат бериши керек. Ал эми алардын негизги иши мыйзам чыгаруу. Ошол иши менен алектениши керек болчу.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Шайлоого 50дөн ашык адам талапкерлигин коюп, мыйзам талаптарына жооп берди делген 13 жаранды БШК расмий каттаган. Учурда өлкө аймагында үгүт өнөктүгү жүрүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG