Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Лицейде уулануунун себеби белгисиз


Иллюстрация
Иллюстрация

Таластагы "Манас Ата Сапат" балдар лицейинин 35 окуучусу ууланып, анын 11и ооруканага жатып чыкты. Райондук санэпидемстанция көзөмөл борбору уулануу эт азыктарынан болгон деп божомолдоп жатканын билдирди. Ал эми лицей жетекчиси тамак-аштын ууланууга тиешеси жок экенин айтууда.

10-класстын окуучусу Медер Таластагы "Манас Ата Сапат" лицейинде ууланган балдардын бири.

- Түштө айран ичтик, кечинде эт жегенбиз. Анан ичибиз ооруп, агайларыбыз менен ооруканага барып келдик. Ал жактан капельницада жаттык. Азыр жакшы.

Аталган лицейдин алты окуучусу 16-октябрда түңкү саат 11 чамасында ичи ооруп жатканын айтып, облустук ооруканага кайрылышкан. Ал эми 17-октябрда кечки саат алтыларда дагы беш окуучу ооруканага жаткырылганын облустук биргелешкен оорукананын башчысы Шаршенбек Жумашалиев билдирген.

Бирок Талас райондук санэпидемстанция көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Дамира Алиева жалпысынан 35 окуучу ууланганын айтып, жагдай боюнча буларга токтолду:

- 17-октябрда эле токтомдун негизинде тамак-аш блогун жапканбыз. Азыр анализдерди лабораторияга изилдөөгө алганбыз. Арткан тамак-ашты, сууну алдык. Болжол менен тамак жасап жатканда бузуулар болгон деп эсептейбиз. Булар кечки тамакка фрикадельки шорпо, макарон, жер-жемиш, нан жеп, чай ичишиптир. Фрикалделькиден шекшип турабыз. Эт менен жасалган тамак да.

Ууланган балдар 7-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары болгон. Алар лицейде жатып окушкандыктан, кечки тамакты мекеменин ашканасынан жешет.

Уулануу эт азыгынан болгон деген пикирди лицейдин директору Ильяс Арслан четке какты. Ал мунун себебин малды көбүнчө өздөрү соёрун, базардан эт сатып алышпаганы менен түшүндүрдү:

- Бизде жада калса туздун да сертификаты бар. Баарынын сертификаты бар. Эч кандай даттануу болгон эмес. Тамак-аштан маселе жок. Анализдерибизди тапшырдык, дүйшөмбү күнү жыйынтыгы келет. Ал күнү тамакты биз да жегенбиз. Түшкүсүн да, кечкисин да балдар менен кошо тамактанганбыз. Жалпысынан 11 окуучу ооруканага түштү. Бул жерге келгенде санэпидемстанциянын дарыгерлери дагы 24 окуучу ууланган деп чечти.

Дарыгерлер билдиргендей, учурда балдардын абалы канааттандырарлык. Лицейдин директору болсо бүгүнкү күндө беш бала өз үйүндө экенин айтып, калган отузу окуусун улантууда деп ишендирди.

Окуя милициянын да көзөмөлүндө экенин Ички иштер министрлигинин облустук башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

- "Манас Ата Сапат" окуу жайындагы уулануу боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Тергөө иштери жүрүп жатат. Кошумча маалыматты билдиребиз.

Адистердин маалыматына ылайык, Таласта буга чейин мындай маасалык уулануу болгон эмес.

"Манас Ата Сапат" балдар лицейи Таласта 2004-жылы ачылган. Учурда 453 окуучу билим алат.

"Сапат" билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1993-жылдан бери иштейт. Учурда өлкө боюнча 20дан ашуун окуу жайлары бар. "Сапаттын" бүтүрүүчүлөрү бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматтарда, эл аралык уюмдарда жана дүйнөлүк компанияларда иштеп жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG