Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:42

“Манасты” өзбекче сүйлөткөн Малика


Оштук акын Малика Камилжан кызы Мар Байжиевдин “Манас жөнүндөгү дастанын” өзбек тилине которуп, гезит аркылуу коомчулукка сунуштады.

10 миң саптан ашуун дастанды өзбекчелеген мекендешибиз эми аны китеп кылуу чыгарууга бел байлап турган кези. Бирок каржы тартыштыгынан улам аны ишке ашыруу күмөн болуп жатыптыр.

64 жаштагы мугалим Малика Камилжан кызын Оштогу тааныштары “Манасчы эже” деп алышкан. Ал “Манасты” кыраатына келтирип айтпаса да, эпостун мазмунун башынан аягына чейин билет жана баатырдын эрдиктери жөнүндө той-топурдабы, сабак учурундабы кеп сала берчу адаты бар.

Малика Камилжан кызы
Малика Камилжан кызы

“Манас” эпосун өзбек тилине которууну Малика айым тээ жаштайынан эле максат кылыптыр. Бирок котормо эпостун өзүндөй маңыздуу болобу же жокпу деп арсар ойдо жүргөн экен. Анан эле жазуучу Мар Байжиевдин эпостогу бардык окуяларды камтып жазган “Манас жөнүндө дастан” аттуу китеби колуна тийип калат. Ушуну котором деп бел байлаган мекендешибиз аз өтпөй эле ал чыгарманы ташкендик жазуучу Учкун Назаров өзбекчелеп койгонун угат:

- Оштогу Бабур атындагы өзбек театрынын артисттери Учкун Назаровдун котормосунун негизинде Манас жөнүндө драма даярдап жатышкан экен. Бирок ал киши чыгарманы сөзмө-сөз гана которуп койгондуктан, актерлор айрым жерлерин түшүнбөй кыйналышыптыр. Каныкейдин образын жаратып жаткан Самида Ханым мага дастанды түшүнбөй жатканын айтты. Демек, мен аны которушума негиз бар экен дедим да, ишке кириштим.

Ошентип Мар Байжиевдин өзүнөн телефон аркылуу уруксат алып, 10 миңге жакын саптан турган “Манас жөнүндөгү дастанды” которгон Малика Камилжан кызы аны облустук өзбек тилдүү “Уш садоси” гезитине сунуштайт. 2011-жылдын 27-августунан баштап дастан сандан-санга басылат. Чыгарманы 3 айда өзбекчелеген акын которуп жаткан кезиндеги таасирлерин мындайча баяндайт:

- Которуу оңой болгон жок. 3 ай ушул иш менен гана алектендим. Дастандын талаптары бар да, уйкаш сөздөрдү табуунун өзү канчалык машакаттуу. Которуп отуруп ыйлаган учурларым болду. Кыйналганымдан эмес, Манас баатырдын эрдиктери, элинин ынтымагы үчүн жасаган аракеттерин көрүп, көзүмө жаш келди. Анын зайыбы Каныкей жөнүндө да өзүнчө чыгарма жаратса болот. “Манасты” жаш кезимден окуп жүрсөм да, Мар Байжиевдин дастанын которуп жатып, баатыр жөнүндөгү түшүнүктөрүм бир топ кеңейди. Мен өзбек элине бул чыгарманы сунуштаганыма сыймыктанам, бул – чоң иш мен үчүн.

Малика Камилжан кызы азыр алдына “Манас жөнүндөгү дастанды” китеп кылып чыгаруу максатын койгон. Бирок каржы жагынан каралашаар демөөрчү жок туруп калган кези. Анткени, акындын пенсиясы 4 миң сом. Балдарынын тапканы да күнүмдүк оокаттан ашпайт.

Малика айымга ыраазы болгон Мар Байжиев Бишкектен 3 миң сом акча жөнөтүптүр. Котормочу ал акчаны чыгарманы компьютерге түшүрүүгө сарптадым дейт.

Дастан өзбек тектүүлөрдүн арасында канчалык даражада кабыл алынып жатат болду экен?- деген ойдо, айрымдарды кепке тарттык. Сарварбек деп өзүн тааныштырган жигит мындай ойдо:

- Мен “Манас” эпосунун күйөрманы болом. Бирок көп жерлерин түшүнбөйт болчумун. “Уш садоси” гезити “Манас жөнүндөгү дастанды” басып жатканын көрүп, такай окуп жүрдүм. Башында ойлоппун, өзбекстандык акындар которгонго деп, аны оштук эле эже которгонун жакында билдим. Малика Камилжан кызына рахмат.

Өзбекстанда “Манас” эпосун Өзбек эл жазуучусу Миртемир 1964-жылы Саякбай Каралаевдин вариантында өзбекчеге которгон. 1987-жылы Султан Акбарий аттуу акын Сагынбай Орозбак уулунун вариантын өзбекчелеген.
XS
SM
MD
LG