Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:52

Кеңеш Жусупов - "дыйкан" жазуучу


Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов.
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов.

Кыргыз эл жазуучусу, мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты Кеңеш Жусупов ушул күндөрдө 75 жашка чыгып отурат.

1-декабрда Улутук китепканада башталган Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун мааракесине жана чыгармачылыгына арналган көргөзмө “Жүрөгүм менин тоолордо” деп аталды. Анын ачылышына келгендер жазуучунун мааракесин белгилеп, чыгармачылыгы тууралуу жылуу ой-пикирлерди айтты.

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун өткөн кылымдын 60-жылдардан басылып чыга баштаган “Жашоо кумары”, “Алыкул”, “Жүрөгүм менин тоолордо”, “Карагайчылар”, “Эне кудурети”, “Ата Журт”, “Күлгүн курак” аңгемелер, повесттер жыйнактары – кыргыз айылдарындагы турмушту өз ырайында, өз табында кагаз бетине түшүрө алгандыгы менен окурмандарды муюткан эле.

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Абдыганы Эркебаевдин баасында, Кеңеш Жусупов дүйнөлүк адабият менен маданиятты өзүнө терең сиңирүү менен кыргыз адабиятын, маданиятын дагы жаңы бийиктикке чыгарды:

- Дүйнөлүк тажрыйбаны өздөштүрүп отуруп, Кеңеш Жусупов кыргызга кыргыздын өзүн кайра жаңы бийиктиктен ачып берди. Жазуучу, журналист, тилчи, адабиятчы, тарыхчы, коомдук ишмер катары зор эмгектерди жаратты.

Кеңеш Жусуповдун кыргыз элинин көөнө мурастарын 20 жыл чогултуп, топтоп алгач 10 томдук, кийин 14 томдон турган “Кыргыздар” аттуу китепти чыгарышы – кыргыз коомчулугу тарабынан бүтүндөй бир институттун, энциклопедиялык басманын жасай турган эмгеги катары бааланып келатат. Тарых илимдеринин доктору, публицист Тынчтыкбек Чоротегиндин пикиринде, Кеңеш Жусуповдун бул эмгектери – кечээки, бүгүнкү күн үчүн гана эмес, эң негизгиси келечек муун үчүн да кызмат кылчу чыгармалар.

“Мыкты чыгармаларды мыкты адам гана жаратат”, демекчи Кеңеш Жусуповду замандаштары эң алды чыныгы чыгармачыл инсан катары баалашат.

Алардын бири Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев Кеңеш Жусуповду мезгил сыноолорунан өткөн чыныгы досум, мээнеткеч инсан деп баалады:

- Кеңеш Жусупов ойчул, ар бир сөзүн терең ойлонуп сүйлөгөн ички көрөңгөсү бийик, абдан эмгекчил, достукка бекем, мекенчил адам.

Филология илимдеринин кандидаты, профессор Кадыралы Коңкобаев:

- Кеңеш Жусупов – чыгармачылыгы менен да, адамдык сапаты менен да адам суктанарлык, баарыбызга үлгү болуп келаткан инсан. Башкалардай болуп, “муну жаздым” деп көкүрөк койгулап, мактанбай, унчукпай эле иштей берген баба дыйкан жазуучу. Андыктан ал жараткан чыгармалар да мыкты. Ал алгач 2 том, кийин 4 том, анан 10 томдук, кийинки Каныбек Иманалиев экөө биргелешип жазып, чогулткан 14 томдук “Кыргыздар” жыйнактары не деген эмгек!

Кеңеш Жусуповдун аңгемелеринен, эскерүүлөрүнөн жана өзү жөнүндөгү замандаштарынын ой пикирлеринен турган отуз алты басма табак көлөмүндөгү “Жан шерик” аттуу китеби да коомчулук тарабынан жылуу кабыл алыган.

Чыгармачылык коштогон өмүрүндө кыркка жакын китеп жараткан эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун демилгеси жана редакторлугу менен “Кыргыздардын улуттук маданияты” аттуу 970 беттен турган көлөмдүү китеп жарык көрүп, бет ачаары да жазуучунун мааракеси менен коштолду.

Кыргыз эл жазуучусу, мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты Кеңеш Жусупов эмгек жолун өткөн кылымдын элүүнчү жылдарында Нарын районундагы «Коммунизм» колхозунда колхозчу, китепканачы, комсомолдук уюмдун катчысы болуп иштөөдөн баштаган. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тил жана адабият факультетин бүткөн. 1961–1963-жж. Нарын облустук гезитинде, 1964-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы «Басма сөздө мамлекеттик жашыруун сырларды сактоочу башкы башкармалыкта» (Главлитте), 1966–1968-жж. «Кыргызстан» басмасында редактор, 1968–1973-жж. «Кыргызфильм» киностудиясындагы сценарий бөлүмүндө редакторлук кызматты аткарды. 1973-жылдан «Ала-Тоо» журналында, 1978-жылдан Нарын облусу боюнча Жазуучулар союзунда адабий консультант, 1984-жылдан «Манас» эпосун көркөм чыгаруу секторунда жана 1987-жылдан «Ала-Тоо» журналында башкы редактор болуп иштеген.

Жазуучунун "Түш" деп аталган алгачкы аңгемеси 1958-жылы «Ленинчил жаш» гезитине басылып, 1965-жылы «Жашоо кумары» деген китеби чыккан. Жазуучунун айрым аңгеме, повесттери түрк, украин, өзбек, чех, орус, казак, татар, араб, француз тилдерине которулган. Кеңеш Жусуповдун «Лесорубы» («Карагайчылар») деген аңгеме, повесттер жыйнагы 1975-жылы Москвадан жарык көргөн.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG