Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Чолпонбаев: Бардык көйгөйдүн башаты башкарууда


Чолпонбаев: Бардык көйгөйдүн башаты башкарууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:44:48 0:00

Жогорку Кеңештин 1-чакырылышынын мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев Кыргызстан эгемендик алган күндөн бери аксап келе жаткан мамлекеттик башкаруунун негизги көйгөйлөрүн чечмелеп берди. Мукар Чолпонбаев мамлекеттик башкарууда кесипкөй жана эрктүү жетекчилердин таңкыстыгы улуттук кызыкчылыкты жетиштүү коргоого тоскоол болгонун айтып, эгемендиктин алгачкы жылдарындагы тажрыйбасыздыктын жана жүгүнүүчүлүк саясаттын кесепеттерин өлкө эмдигиче тартып келе жатканын белгиледи.

Өлкө алдыга өнүгө албай, бийлик белчесинен коррупцияга баткан терс көрүнүштөрдүн себебин саясатчы мамлекеттик башкаруунун туура эмес коюлганы менен байланыштырды. Баш мыйзамды бийлик кызыкчылыгына карата улам өзгөртүү, айыл чарбасы менен өндүрүштү талкалоого алып келген саясатты сындаган Мукар Чолпонбаев мурдагы президенттер менен болгон татаал мамилеси тууралуу кеп салды. Бийликтин ыйгарым укугу менен жоопкерчилиги шайкеш келбеген мамлекетте өнүгүү болбосун айткан парламенттин мурдагы спикери Мукар Чолпонбаев өлкө учурда президенттин, парламенттин жана башка бийлик түзүмдөрүнүн отчеттуулугун камсыздай турган конституциялык реформа жүргүзүүгө муктаж экенин билдирди.
XS
SM
MD
LG