Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:45

«Айылдык эне» дүйнөдөн өттү


Жаркын Балыкбаева.
Жаркын Балыкбаева.

Белгилүү актриса Жаркын Балыкбаеванын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.

Актриса 6-апрель күнү бөйрөгү иштебей калып, 77 жашында борбордогу ооруканада көз жумган. Аны менен коштошкону кесиптештери, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, күйөрмандары келишти.

Балыкбаева кезинде театр сахнасында да бир топ образдарды жаратып, «Айыл өкмөтү», «Боз салкын», «Чиркин өмүр», «Апамдын махабаты», «Белгисиз маршрут» тасмаларына тартылган. Кийинки муун өкүлдөрү актрисаны «Айыл өкмөтү» тасмасында:

« - Менин келиним жарым жылдан бери тынчымды алып айламды кетирип жатат.

- Сиздин келиниңизге менин кандай тиешем бар?

- Сен участковый болгондон кийин айылды тартипке сен салышың керекпи? Куу тумшук менин жанымды жеп жатпайбы. Силер мени коргойсуңарбы же жокпу?» - деген эпизоддогу келинин милицияга «тарбиялаткан» кайнене катары жакшы таанышат.

Театр таануучу Жаныш Кулмамбетовдун айтымында, актриса чынында эле жогорудагы тасмаларда өз чыгармачылыгынын жаңы барагын ачкан.

Жаныш Кулмамбетов.
Жаныш Кулмамбетов.

«Жаркын Балыкбаева кинодо кыргыз көрүүчүлөрүнө «Айыл өкмөтү» тасмасы менен таанылды. Менимче анын амплуасын өзгөрткөн ролдорунун бири ушул болсо керек. Биз бул кинодон театрдагы Балыкбаевага анчалык коошо бербеген жаңы кырын көрдүк. Ал кыргыздын айылдык энелеринин, айылдык аялдардын типтүү образын ушул эпизод менен бере алган», - деди Кулмамбетов.

Кулмамбетов кийинки кезде курагына байланыштуу Жаркын Балыкбаева актриса катары өзүнүн дагы бир өзгөчөлүгүн таап, айрыкча тасмада мээримдүү, салабаттуу, сыпайы байбиченин образын эң мыкты ойной баштаганда дүйнөдөн өтүп кеткени улуттук маданият үчүн чоң жоготуу болгонуна кейип отурду.

Балыкбаева 1966-жылы Ташкенттеги Театралдык институтту Кыргызстандан барган таланттуу жаштар менен бирге аяктап келген. Студент кезинен таанымал актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын эң жакын курбусу, кийин сахнада өнөктөшү, дублеру болуп жүргөн. Бул тууралуу актриса менен бирге окуган курсташы, Эмгек сиңирген артист Нуркан Турсунбаев кеп салды:

«Группада сегиз кыз окуган. Алардын ичинен Таттыбүбү экөө аябай жакын эле. Бирин бири сыйлап, урматтап жүрүштү. Өмүр бою дос болуп жүрүштү. Жатаканада экөө бир жашап, баскан-турганда да экөө эгиз козудай ээрчишип алар эле. Кийин чоң-чоң ролдорду экөө дублер болуп ойноп жүрүштү. Жаркынды көргөндө Таттыбүбүнү көргөндөй элестетчүмүн».

Балыкбаева окууну бүтүп келгенден кийин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында иштеп калат. Актрисанын алгачкы ийгиликтерине күбө болгон Эл артисти Чоро Думанаев ошол күндөрдү мындайча эскерди:

Чоро Думанаев.
Чоро Думанаев.

«Ошондо булар Таттыбүбү эже баш болуп театрдын жылдыздары экен да. Башкы каармандарды: ханыша айымдарды, бийкечтерди ойноп турушкан кези экен. Белгилүү ролдору абдан көп. Мисалы, «Кар ханышасы» булардын дипломдук иши экен. Жаркын эже ошондо каракчы аялдын тентек кызынын образын жараткан. Элдин баары жактырып, булар келатканда «каракчылар келатат» деп карап калышар эле».

Балыкбаева театрда көбүнчө актрисалар Таттыбүбү Турсунбаеванын, Жамал Сейдакматованын ролдорун экинчи составда ойноп келген. Эл артисти Жамал Сейдакматова замандашын мындайча эскерди:

«Биз Өзүбекованын «Карагыз» деген спектаклин койгонбуз. Жаркындын сахнадагы өнөктөшү көбүнчө ыраматылык Муканбет Токтобаев болор эле. Ал экөөнүн чыгарган бир образы бар эле. Аны мен актерлук чеберчиликтин эң бийик чокусу деп эсептейм. Ал экөөнү сахнада ошол эпизодду ойноп жатканда залдагы көрүүчүлөр эле эмес, биз да көшөгөнүн артынан чуркап келип көрүп турчу элек. Бир жагынан күлдүрүп, бир жагынан ыйлатып ойношор эле».

Сейдакматова курбусу акыркы жылдары театрга караштуу окуу жайында актерлук чеберчилик боюнча сабак берип, өзүнүн педагогдук ишмердүүлүгүн көрсөтүп, бир нече шакирттерин тарбиялап чыкканын кошумчалады.

Актриса Жаркын Балыкбаева Сокулук районунун Жыламыш айлынан болот. Ал Эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы болчу. Ырчы Мойдунов мындан төрт жыл мурун жүрөк дартынан каза тапкан. Кош жылдыз сыяктуу чогуу өмүр өткөргөн эки өнөр адамынын артында эки уулу, неберелери калды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG