Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Күнөөсүн сезип, пенсиядан баш тарткан карыя


Абдуллажан Насыров байбичеси менен.
Абдуллажан Насыров байбичеси менен.

Жалал-Абад шаарынын тургуну, мурда айдоочу болуп эмгектенген Абдуллажан Насыров мамлекет чегерчү пенсиядан өз ыктыяры менен баш тартканына бир топ жыл болду. Байбичесин да пенсияга чыгарган эмес.

Мындай кадамын ал кезегинде мамлекеттен мыйзамсыз алган ашык акчасынын кенемтеси катары түшүндүрүп келатат. Социалдык фонд башкармалыгы болсо карылыктын курагы келгенде пенсия алуу же албоо ар бир жарандын өз эрки экенин билдирүүдө. 70ке таяп калган бул үй-бүлөнүн тиричилиги менен муктаждыктарын азыр чет жакта эмгек миграциясында жүргөн балдары камсыз кылып турат.

Жалал-Абад шаарынын 68 жаштагы тургуну Абдуллажан Насыров алты жылдан бери мамлекет чегерген мыйзамдуу пенсиядан баш тартып келе жатат. Кезегинде автобазада айдоочу болуп иштеген Насыров «мамлекеттин казынасына мыйзамсыз кол салдым» деп эсептеп, ал үчүн азыр катуу өкүнүп жатканын айтууда.

- Адал менен арамды кеч аңдап билдим, - дейт Насыров. ​- Совет жылдарында мен автобустун айдоочусу болуп иштедим. Күн сайын Жалал-Абад - Өзгөн багыты боюнча эки каттамга чыгат элем. Өкмөткө бир күндө 70 сом план берсек, андан сырткары өзүбүз 150-200 сом иштеп тапчубуз. Өкмөттүн үч күндүк планын биз бир күндө өзүбүзгө иштеп алчубуз. Иш болбоду деген күнү өзүбүзгө 150 сом акча калат эле. Таксиде иштеп турган учурда да пландан ашкан акчаны өкмөткө кайтарчу эмеспиз. Ошол учурда өкмөттүн казынасынан уурулук кылып, азыр пенсияга чыгуу туура эмес экендигин түшүндүм. Ошол себептүү уялганыман жашым жана эмгек стажым туура келсе да пенсияга чыкпай койдум.

Абдуллажан Насыров 1977-жылдан тартып 23 жыл бою Жалал-Абад автобазасында айдоочу болуп иштеген. Ага чейин алты жыл катары менен Жалал-Абад шаардык аскер комиссариатынын айдоочусу болгон. 2000-жылдан кийин жүк ташуучу базада да бир топ жыл иштеп турган. ​

Абдуллажан Насыров жана байбичеси Вазирахан Насырова.
Абдуллажан Насыров жана байбичеси Вазирахан Насырова.

- Иштеп жүрүп ал жерде көп тааныштарды таптым. Кезегинде бир чоң мекемеде жетекчи болуп иштеп жүргөн адамды билчүмүн. Анын кол алдындагы ишканалары ай сайын миң сомдон ашык акча чогултуп берчү. Аны таанып билгендер «бул адам балдарына, неберелерине чейин жете турган акча жыйып койсо керек» деп айтышчу. Ал киши каза болуп, жылдык ашы өтө электе балдары үйүнүн полун чыгарып сатышты. Анткени балдары ичкиликке берилип, туура эмес жолго түшүп кеткен. Ошондон улам мен да арам акча таап жүргөнүмдү кийин кеч түшүндүм. Балдарыма адал тамак берүүнү туура көрдүм. Кезегинде уурулук кылган акчам үчүн Кудайдан кечирим сурап, азыр туура жолдо жүрүүгө аракет кылуудамын. Мен мурда кылган туура эмес иштерим үчүн азыр да жооп берүүгө даярмын. Бирок ал мезгил совет доорундагы жылдар эле.

Абдуллажан Насыров байбичеси Вазирахан Насырова экөө үч кыз, эки уулду тарбиялап өстүрүштү. Азыр алар эки уулу жана алардын үй-бүлөсү менен чогуу жашайт. Балдары Орусияда эмгек миграциясында. Вазирахан Насирова азыр 63 жашта. Кезегинде заводдордо жумушчу болуп иштеген экен.

"Уурдалган акчаны чогуу колдонгонбуз" деп мени да пенсияга чыгарбай келатат.

- Мен абышкама такай «пенсияга чыгалы» деп айтып келем, - дейт ал. - Ал «мурда уурдалган акчаны чогуу жегенбиз» деп такыр макул болбой келет. Бирок бизге окшогон адамдар азыр мамлекеттин камкордугунда, жакшына эле пенсия алып жашап жатышат. Биз да алсак туура эле болмок. Өзүм бир нече заводдо жумушчу жана Жалал-Абад курортунда бир топ жыл бою тазалык кызматкери болуп иштегем. 20 жылга жакын иш стажым болгону менен жолдошумдун каалоосу боюнча пенсияга чыкканыбыз жок. Акчага анча деле муктаждыгыбыз жок, бирок ашыкча болсо деле жаман эмес эле. Орусияда иштеген балдарым биз сурабасак деле тиричиликке жеткидей акча салып турушат.

Кыргызстанда эркектер 25 жылдык стажы менен 63 жашынан, ал эми аялдар 20 жылдык стажы менен 58 жашынан тартып пенсияга чыкса болот. Социалдык фонддун Жалал-Абад шаардык башкармалыгынын башчысы Рустам Тургунов пенсияга чыгуу ар бир адамдын өз каалоосу экенин айтты:

Рустам Тургунов.
Рустам Тургунов.

- Кыргызстанда ар бир адам карыган кезде иш тажрыйбасына карап пенсияга чыга алат. Ошондуктан ар бир адам жаш курагы келгенде бизге кайрылып, пенсияга чыкса болот. Эгерде андан баш тартып, келбесе өз эрки.

Баскан-турганы тың Абдуллажан Насыров күн сайын машинеси менен неберелерин окууга жана бала бакчага ташып турат. Байбичеси неберелери менен үйдө калат. Ал башкаларды азыртан таза иштөөгө чакырат:

- Балдарым жана неберелерим менен тынч болсом ошол мага бакыт. Кудай мындай кийин ден соолук берсе, ошол мага жетишет. Мен башкаларга кайрылат элем, азыр мамлекеттин казынасын тоноп, байыгандар көп. Мамлекеттин тагдыры кыйын абалда турат. Ар бир адам туура эмес жасаган иши үчүн кайсыл бир учурда жооп берчү кез келерин унутпаса. Болбосо ал жагдай балдарына таасир этиши мүмкүн. Мен бул аракетимди бирөөгө таңуулагым келбейт, бирок ар ким өзү туура жыйынтык чыгарышы абзел.

Жалал-Абад шаарында учурда 8200дөн ашык пенсионер бар. Жыл сайын алардын катары 600 адамга көбөйүп турат. Шаарда орточо пенсиянын көлөмү 5648 сомду түзөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG