Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:18

Мартабалуу сыйлыктардын санаасы


Сыйлык тапшыруу аземи. (Султан Досалиевдин фотосу)
Сыйлык тапшыруу аземи. (Султан Досалиевдин фотосу)

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев 128 адамга “Даңк”, “Эрдик” медалдарын жана Ардак грамоталарды тапшырды.

Эки жылдан бери биринчи жолу болуп жаткан мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде 10 “Даңк”, 6 “Эрдик” медалы жана 112 адамга Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы тапшырылды. Президент Алмазбек Атамбаев мындан сырткары атактуу спортсмен Каныбек Осмоналиевди I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады.

Атамбаев куттуктоо сөзүндө мурда мамлекеттик сыйлыкты жалаң гана “блатнойлор” алып келген болсо, эми ал чыныгы күжүрмөндөргө берилип жатканын белгиледи.

- Мен ушул силерге сыйлык тапшырып жатып кудайга абдан ыраазы болдум. Ушундай татыктуу адамдарга сыйлык берилип жатат. Өзүңөр да күбө болуп жатасыңар, жалаң гана күжүрмөндөр алууда. Мындайча айтканда, арасында блатнойлор жок. Мындан ары кудай буюрса күнү-түнү иштеген чыныгы иштермандар сыйлык алат.

Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды.
Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды.
Аталган сыйлыктар былтыр жарыяланган Иштерман жылынын жыйынтыгы катары ар кайсы тармактын өкүлдөрүнө тапшырылды. Сыйлык ээлеринин арасынан карапайым айдоочуларды, дыйкандарды, электриктерди да көрүүгө болот.

Кыргызстанда мамлекеттик наам берүүгө 2012-жылы мораторий жарыяланган. Мамлекеттик сыйлык боюнча комиссиянын катчылыгынын эксперти Эрнис Апилов президент тапшырган сыйлыктар аталган чектөөгө кирбей турганын айтып, коюлган мораторийди мындайча түшүндүрдү:

- Мораторий “Эмгек сиңирген...” деген наамга гана коюлган. Мына ушул наамдарды берүүнү иретке келтирүү боюнча атайын эксперттик топ мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламенттин кароосуна өткөрүп бердик.

Брежневдик синдром кете элекпи?

Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчысы Бүбүкан Досалиева сыйлык-наамдарды Брежневдик синдром менен сөзсүз эле көп жыл иштегендерге эмес, өлкөнүн өнүгүшү үчүн конкреттүү бир иш жасаган адамдарга берүү керек деген ойдо. Сыйлыктарга болгон умтулуунун артында эмне турат деген суроого Досалиева мындайча жооп узатты:

- Эң негизгиси материалдык кызыкчылык. Анткени эки жолу мамлекеттик сыйлык алган киши персоналдык пенсияга чыгат. Персоналдык пенсияга 60 пайыз кошуп төлөнөт. Сыйлык-наамга болгон умтулуу бул союз убагынан калган Брежневдик синдром десе болот.

Деген менен бир канча мамлекеттик сыйлыктын ээси Бексултан Жакиев мамлекеттик сыйлыктар материалдык эмес, моралдык колдоо үчүн берилерин айтууда.

- Менимче, сыйлык адамга моралдык жактан түрткү берет. Наамдардын акчасы деле жарытпайт. Мамлекеттик сыйлык алганда эле баарына акча кошула бербейт. Эгер бир адам эки-үч сыйлык алган болсо бирөөнө гана кошумча акча төлөнөт. Ушуну туура түшүнүшүбүз керек. Менимче, наам-сыйлыктар керек. Качан гана айлыктар жетиштүү деңгээлге көтөрүлгөндө таптакыр жоюп салса болот.

Ал эми "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиев мамлекеттик сыйлыктарга мораторий киргизүүнүн өзү туура эмес деген ойдо:

- Мораторий жарыялагандын өзү мыйзамсыз. Анткени мыйзамды токтотуунун жол-жобосу каралган эмес. Эми мынча болгондон кийин эки жылга созбой эле жаңы мыйзамды кабыл алыш керек болчу. Негизи сыйлык татыктуу адамдарга гана берилиши керек. Эгер андай болбосо коңшулардай кылып такыр жоюп салыш керек.

Адистердин айтымында, буга чейин мамлекеттик сыйлыктар өң-тааныштык менен жең ичинен берилип келгендиктен атайын чектөө киргизилген. Ошол эле учурда мамлекеттен сыйлык күтүп мораторийдин алынышын күткөндөр да аз эмес.

Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү мыйзам 1996-жылы кабыл алынган жана 2012-жылдын январь айында айрым чектөөлөр киргизилген.

XS
SM
MD
LG