Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Түмөнбаев: АКШда тил үйрөнүп, машыгып жатам


Бээжин Олимпиадасынын коло байгесинин ээси Руслан Түмөнбаев.
Бээжин Олимпиадасынын коло байгесинин ээси Руслан Түмөнбаев.

Балбан Руслан Түмөнбаев Олимп оюндарынын коло байгесин утканына быйыл 12 жыл болду.

Ал 2008-жылы Бээжинде өткөн жайкы Олимп оюндарында грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта коло медаль тагынган.

Бээжин Олимпиадасында Канат Бегалиев күмүш, Базар Базаргуруев коло байге алган. Андан кийинки Олимп оюндарында кыргыз спортчулары байге ала элек.

Руслан Түмөнбаев 2012-жылы спорттогу карьерасын жыйынтыктаган. Учурда ал Американын Филаделфия шаарында жашап жатат.

- Мындан туура 12 жыл мурун Олимпиаданын коло байгесин утуп, Кыргызстанды сүйүнткөн элеңиз. Ошол күндү эстеп турасызбы?

- Олимпиада мен үчүн эсте кала турган жакшы ийгилик болгон. Канча жыл өтсө дайыма эстеп турам.

- Олимпиаданын байгесин алуу кандай кыйынчылыктар менен коштолду эле?

- Олимпиадага биринчи жолдомо алуу эле өтө көп кыйынчылыктар менен коштолгон. Себеби, биринчисинде дүйнөлүк чемпионаттан жолдомо албай калганбыз. Андан кийин Түштүк Кореяда өткөн Азия чемпионатында гана жеңишке жетип, Олимпиадага жолдомо алганбыз. Мунун баары оңой болгон жок. Ошондо жолдомону алыш үчүн машыгып, абдан көп эмгектенгенбиз. Ошол эмгектин акыбети кайтты деп ойлойм.

- Ошондогу атаандаштарыңыз тууралуу айтсаңыз?

- Ал атаандаштарым менен Олимпиададан кийин да күрөштүм. Азыр эми алар менен Интернет аркылуу сүйлөшүп турам. Ошол учурдагы беттештерим тууралуу айтсам, ар бир спортчу өзгөрүп турат эмеспи, күрөштө. Ошол учурда мага өтө күчтүү атаандаштар туш келген.

- Атактуулук сиздин спорттогу карьераңызга таасирин тийгиздиби?

- Биринчи кезекте атакка жетишим үчүн менин бир туугандарымдын, ата-энемдин салымы чоң. Себеби ата-энем тапкан тыйынынын баарын бизге жумшаганы үчүн ушундай ийгиликке жеттим. Ийгиликке жеткеним үчүн атак-даңк келди. Ал да жөн келбейт, эмгек менен келет экен. Тынбай эмгектенип, ийгилик коштоп атак-даңкка жеттим. Атак-даңкка жеткенден кийин эле көп адамдар «өзгөрүп кетти» деп айтат. Ошол эле тармакта жүрөсүң, жакшы жыйынтык көрсөтүп, элдин көзүнө көрүнүп калгандан кийин «ал минтип кетти, өзгөрүп кетти» деп сөздөр болот экен. Ушу сыяктуу көп эле сөздөрдү уктук. Эми эл оозунда элек жок дейт. Мен андай сөздөргө көп маани берген жокмун. Анткени эмгектин артынан ийгиликке жеттим жана ошонун артынан атак-даңкты кудай насип кылыптыр.

- 2012-жылы да Лондон Олимпиадасына катышууга да камынып, бирок жолдомо ала албай калдыңыз эле. Бээжин Олимпиадасындагы ийгилигиңизди кайра кайталай албай калгаңызга эмне себеп болду? Азыр өкүнбөйсүзбү?

- Ошол маалда Курманбек Бакиев президент эмес беле. Ошондо мамлекеттен сыйлык алганбыз. Темир тулпар берген. Ошого байланыштуу жол кырсыгына кабылып калбадыкпы. Ошол жол кырсыгынан кийин 60 күн ооруканада жаткам, оор жаракат алдым. Башыма 12 тигиш салынды. Ийгиликке жетпей калганымдын себеби ошол деп ойлойм. Анткени канчалык аракет кылсам да, эмгектенсем да мурунку көрсөткүчкө жете албай койдум.

- Спорттук карьераңызды 2012-жылы жыйынтыктагансыз. Кийин Америкага кеткениңиз белгилүү болгон. Эгер сыр болбосо учурда эмне менен алексиз?

- Америкада азыр деле машыгып жатам. Башка жумуштар менен эле алек болбостон спортту да таштаган жокмун. Англис тилин үйрөнүп, сабактарга катышып жатам. Андан сырткары күнүмдүк жашоого, тамак-ашка ар кандай жумуштар бар. Негизгиси машыгып жүрөм.

- Мелдештерге катышып жатасызбы?

- Азырынча ден соолукка байланыштуу мелдештерге катышкан жокмун. Анча-мынча дарылай турган жерлер бар. Ошондуктан чоң мелдештерге катыша элекмин.

- Чоң спорттон кийин жай турмуш менен алектенүү оңой эле болдубу?

- Биздин кесибибиз спорт болгондон кийин, биз спорттон биз кеткен жокпуз, тескерисинче чоң спорт бизди таштап кетти. Бул сөздүн маанисин түшүндүрсөм, спорт өзү кете берет экен, спорт боло берет экен. Эрежелер өзгөрөт, салмак категориялары өзгөрөт, бирок спорт өз нугунда кете берет экен. Болгону спортчулар жаңы эрежелерге, жаңы көрсөткүчтөргө алы келбей калат экен. Ошол себептен айтылган сөз - биз спортту таштаган жокпуз, спорт бизди таштап кетти.

Руслан Түмөнбаев.
Руслан Түмөнбаев.

- Спорттук карьераңызды жыйынтыктагандан кийин спорт тармагында мамлекеттик кызматта эки жылдай иштедиңиз. Кызматтан кетүүгө эмне себеп болду?

- Кызматтан кеткен себептерим - ар бир директор өзүнө жакын адамдарды алып келет экен. Мисалы Канат Маратович Аманкулов менен биз жакын мамиледе болчубуз, бирок жумуш алкагында ал өзүнө абдан жакын адамдарды алып келгенге аракет кылды. Мен ал нерсени түшүнүп, өз каалоом менен арыз жазып кетип калдым. Ачыгын айтканда кызматтан кетишиме ушул себеп болгон.

- Ошол кезде сизди «жол эрежесин бузуп, кайгуул кызматы менен чатакташты» деген видео тарады эле. Ошол маалдагы маалымат каражаттарында тараган дооматтарга сиз азыр эмне деп айта аласыз?

- Биринчиден, ошол МАИ кызматкерлери менен болгон окуя жумуш тармагына эч кандай тиешеси жок. Экинчиден, болбогон эле нерсе ушунча резонанс болуп, элге жайылып кетти. Айтып кетсем жол эрежеси ал жерде бузулган эмес. МАИ кызматкерлери эмне документти талап кылса, ошонун баары бар болчу. Ал жерде МАИ кызматкери менен экөөбүздүн ортобуздагы пикир келишпестиктен ушул нерсе чыккан. Кийин көп адамдар айтты, мени «жол эрежесин бузган, ичип алган» деп айтышты. Бирок факт боюнча ачык айта турган көп нерселер бар. Көп кишилер аны билбей эле, сырттан карап сөз кылышты. Адвокат жалдап, биз баарын өз учурунда тактап коёлу десек, өйдө жактагы адамдар ал нерсени токтотуп коюшкан. Мен ошондо кан тапшырып, ичимдик ичпегенимди тастыктагым келген.

- Жаш спортчуларга тажрыйбаңыз менен бөлүшүү планыңызда барбы? Мисалы чоң спорттон кийин көпчүлүк спортчулар машыктыруучу болуп иштеп кетишет. Машыктыруучу болуу оюңузга келди беле?

- Мен азыр аракет кылып жатам. Атабек Азизбековго өзүмдө болгон тажрыйбам менен бөлүшүп, Олимпиадада кантип ийгиликке жеткенимди айтып берип жатам. 60 килограммга чейинки салмакта күрөшкөм. Азыр бул салмакта Калыбек Жолчубеков күрөшүп жатат.

Ага да акыл-насаатымды айтып жатам. Мен машыктыруучулук сапатты сыйлайм жана машыктыруучу болгум келет. Тилекке каршы азыр жеке жашоого байланыштуу, өзүбүздүн жеке жашоону бир жолго коюш үчүн иштеп жатабыз. Кийин сөзсүз машыктыруучу болуу оюм бар.

- Буга чейин Бишкекте өзүңүздүн спорт залыңызды ачуу планыңыз бар эле. Муну качан ишке ашырайын деп жатасыз?

- Мисалы көпчүлүк залдардын баары айыл жергесинде болуп жатпайбы. Айыл жергесиндеги залдар көпчүлүк учурда бюджетке байланыштуу жабылып калып жатат. Менин жакшы оюм бар, шаардын борборуна же четине болобу, өзүмдүн атымдан жакшы бир зал салып, машыктыруучулук менен алектенип, тажрыйбамды бөлүшөм деген жакшы ой, максаттарым бар.

- Бээжин Олимпиадасынан кийин Кыргызстан Олимп оюндарында дагы эле байге ала элек. Сиздин оюңузча буга эмне себеп болууда?

- Спортто талыкпаган эмгек керек. Мен Бразилияда өткөн Олимпиадада болдум. Ошол эле Арсен Эралиев, Айсулуу Тыныбекова жакшы күрөшүп, медалга чейин келип, бирок ийгилик коштобой, жетишпей калып жатпайбы. Негизи мындай учурлар көп эле болот. Көп нерсе ийгиликке да көз каранды. Данияр Көбөнов «талыкпай эмгек кылып, бирок кичинекей жерден жетпей калып эле, ийгиликке жетишпей кала бересиң» деп айткан жайы бар. Ал эми ийгилик эмгектен көз каранды. Талыкпай эмгек кылыш керек. Ар бир нерсени аягына чейин кылбагандыктан ушундай ийгиликке жетишпей калып жатат деп ойлойм. Балким машыктыруучулар жамаатында да анча-мынча жетишпегендик болуп жаткандыр.

- Азыркы жаш спортчуларга эмне кеңеш берет элеңиз?

- Ар бир спортчуга талыкпас эмгек, спорттук режим керек. Ушул экөө болсо эле жакшы ийгиликтерге жетет. Кудай деле «кимдин канча эмгеги болсо, ошого жараша ийгилик берем» дейт го. Канчалык көп эмгек кылса, ошого жараша ийгилик болот. Бизде жакшы спортчулар көп. Талыкпай машыгып, эмгектенип жатышат. Бирок кичине-кичине аягына жеткире эмгек кылбай жаткан спортчулар да бар. Анан ийгиликке жетпей калып эле бирөөнү күнөөлөгөн болбойт. Ар бир ийгилик ар бир спортчунун өзүнөн көз каранды. Ошон үчүн баарына «эмгектенгиле» деп айтмакчымын. Жакшы ийгиликке жетиш үчүн биринчи кезекте талыкпай эмгектениш керек, анан өзүн туура сакташ керек.

- Эгер сыр болбосо качан Америкадан Кыргызстанга кайтып келейин деп пландап жатасыз?

- Ачыгын айтсам ушул жылдын декабрь айына пландап жатам. Бул жакта анча-мынча документ тууралуу көп маселелер бар. Ошол үчүн кармалам го. Бирок декабрда Кыргызстанга келем деген оюм бар.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG