Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Шевченколордун үй-бүлөсүнүн ооматы


Валентина Шевченко.
Валентина Шевченко.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFCнин аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук курун төртүнчү жолу коргоп калды.

22-ноябрда, АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 255 мелдешинин негизги беттештеринин биринде Валентина бразилиялык Женнифер Майяны жеңип алды.

Беш айлампага созулган айыгышкан беттеште кыргызстандык мушкер кыз толук артыкчылык көрсөтүп, калыстар беш айлампанын төртөөндө Валентина үстөмдүк кылды деп баалап, жеңишти кыргызстандык мушкерге ыйгарышты.

Анын алдында Валентинанын бир тууганы Антонина Шевченко да бразилиялык Ариана Липскини экинчи айлампада техникалык нокаут менен утту. Бул UFCнин тарыхында эже-сиңди бир мелдешке катышып, экөө тең жеңишке жеткен биринчи окуя болуп калды.

Бул боюнча беттештен кийин басма сөз жыйынында журналистердин: «Валентина, бир жуманын ичинде апаңдын, сенин жана эжеңдин жеңиши сага кандай сезим жаратты?» - деген суроосуна ал мындайча жооп берди:

«Бул жума Шевченколордун үй-бүлөсү үчүн эң ийгиликтүү болду. Бир тууган эжем экөөбүздүн жеңишибизге жакында эле муай тай (тай боксу) боюнча виртуалдык турнирде дүйнө чемпионун утуп алган апам Елена Шевченко шыктандырып, алдыга сүрөдү. Өзүбүзгө «апам сыяктуу биз да бул жолу жеңишке сөзсүз жетишибиз керек» деп сөз бердик. Биздин азыркы аракеттерди күчтүү аялдардын нагыз үлгүсү деп айтса болот. Бул биз үчүн эч кандай чек эмес. Алдыда эже-сиңдинин UFC беттештериндеги эки башка салмактан чемпиондук курга ээ болгонун да көрө аласыздар. Бул биздин башкы кыялыбыз».

АКШнын Лас-Вегас шаарындагы басма сөз жыйынында Валентина атаандашынын буга чейинки беттештерин байма-бай көргөнүн, анын чыдамкайлыгын байкаганын, ошондуктан бул беттешке олуттуу даярдык көргөнүн айтты:

«Азыр техника, ылдамдык боюнча эң бийик чокуга чыгуучу табигый салмагымда мушташып жатам. Ушул салмак категориясы мага көптөгөн каршылаштарымды жеңип чыгууга эбегейсиз чоң жардам берет. Көпчүлүк мушкерлер «Валентина, сен жеңилбес чемпионсуң, сени эч ким токтото албайт» деп көп айтышат. Бирок такыр андай эмес, себеби мен UFC чемпиону болуш үчүн басып өткөн жолум көптөгөн спортчулардын түшүнө да кирбесе керек. Мисалы, АКШдагы спортчулар 7-8 гана урушка катышып, андан кийин таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC уюмунун беттештерине чыга алышат. Ал эми мен Кыргызстанда төрөлүп, беш жашымдан бери машыга баштагам. Демек, UFCге келиш үчүн 22 жыл короттум. 17 жолу кармаш уруш боюнча дүйнө чемпионунун утуп, анан беш жыл мурун UFCге келдим».

Ал эми Антонина Шевченконун кармашы эң мыкты деп бааланып, UFC уюму кыргызстандык мушкерге бонус катары 50 миң доллар берди. Беттеш эки айлампага созулду. Биринчи бөлүктө кыргызстандык мушкер кыз ыңгайлуу позицияны ээлеп, муунтуу ыкмасын жасаганга аракет кылды. Экинчи раунд дээрлик партерде (жерде алышып кармашуу) өттү. Антонина атаандашын астына алып, бети-башына туш тараптан сокку ургандыктан калыс беттешти токтотту. Антонина Шевченко UFC уюмундагы беттештеринде алгачкы жолу грэпплинг ыкмасын мыкты колдонгону, биринчи ирет техникалык нокаут менен утканы белгиленди.

Таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC уюмунун жетекчиси Дана Уайт Шевченко UFCнин кыз-келиндер арасында дүйнөдөгү эң күчтүү мушкерлердин алдыңкы үчөөнө кирерин, ал эми аялдар арасындагы эң жеңил салмакта дүйнөнүн алдыңкы чемпиону экенин айтты. Мындан сырткары Дана Уайт Валентина Шевченконун кийинки беттештерде жеңил салмактагы мурдагы чемпион Жессика Андраде менен кезигиши ыктымал экенин кошумчалады.

Дана Уайт.
Дана Уайт.

«Азырынча дүйнөдө Валентинанын салмагында ага тең келе ала турган мушкер кыздар жокко эсе болуп калды. Бирок кийинки пландар боюнча айтсам, менимче Андраде менен Шевченконун ортосунда мыкты кармаш болот. Шевченкого жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар атаандаш керек. Андраде - ошолордун бири».

Валентина Шевченко - эл аралык аренада Кыргызстандын атын таанытып келаткан спортчу. Беш жашында спортко аралашкан Шевченко муай-тай боюнча дүйнөнүн 11 жолку, кикбоксингдин К-1 түрүнөн дүйнөнүн үч жолку, таймаштын аралаш түрлөрү боюнча (ММА) дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду.

Азырынча дүйнөдө Валентинага тең келген анын салмагындагы мушкер кыздар жок.

XS
SM
MD
LG