Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Колхоздоштуруу далайдын белин сындырган


Кулак колхоздон жогол! 1920-жылдаркы ураан плакат.
Кулак колхоздон жогол! 1920-жылдаркы ураан плакат.

Тагдыр иштерман, эрки күчтүүлөрдү да эптеп жан баккан бечаралар сыңары сындырат. Авторитардык совет өкмөтү 1930-жылдары эчендеген букараларды «эл душманы» деп каралап, ата журтунан сүрүп салган.

Авторитардык мамлекетте өкүмдардын ар бир саясий кадамы миллиондогон элдин тагдырына тамга салат.

1928-жылы январда Сталин поезд менен Шиберге аттанат. Сапардын максаты - жаңы башталган коллективдештирүүнүн жүрүшү менен таанышуу, дан даярдоону тездетүү, кызылды кырманга толтуруу үчүн керек болсо чукул чараларды киргизүү эле. Чукул чара, террор жана мажбурлоо кийинки жылдан тартып бүтүн өлкөдө, анын ичинде ал кездеги Кыргыз АССРинде күчөйт. Ошондо Талас жеринде колхоздоштуруу кандай жүргөнүн 90 жаштагы Асылбүбү байбичеден угалы:

«1932-жылы атам өлөт. Ал малынын баарын колхозго берет. «Колхоздун аты Ак-Сай болсун, бул Ак-Сайдын Ала-Тоосу» деп, биз отурган жер Ак-Сай колхозу болчу. Азыр «Манас» болуптур го.

«Бир ат, андан ашыкка уруксат жок. Башка мал алсаң милиция менен келип алып кетет. Ошондой закон бар» десе байлар түшүнбөйт. Тоо-тоого качат, малы менен. Милициялар тоодон малын айдап келип, өздөрүн камап, түрмөдөн келбей калгандар да болуптур. Ошондо «Манаста» эл айтыптыр: «Мына, Насыкулдун акылын карачы», - деп. Атамдын үч иниси бар да. Үч иниси кедей, жаңы турган. Ошолорго бир-бир жылкы, бир уй, он кой берет. «Бир кишиге бир жылкы, бир уй, он кой. Андан артык кармаба», - дейт да. Өзүбүзгө бир уй, бир жылкы, 10 кой калтырат. «Ошол деле көбөйүп кетти», - дейт апам. Атамды кулак кылган жок. Атамдын катарындагынын баарын кулак кылып камап, түрмөдөн келбей калды. Түрмөдө өлүп калганы да болду».

Acылбүбү апа балдары менен. 1960-жылдар.
Acылбүбү апа балдары менен. 1960-жылдар.

​Асылбүбү байбиченин атасы Насыкулдун чоң атасы Төкөлдөш бир кезде кадимки Жангарач бийге үч жыл желдет да болуптур. Төкөлдөш балбан, байбиче айткандай, Жангарач бий «чаап кел» дегенди чаап келип, «уруп кел» дегенин уруп келип жүрүп, анын Апалай деген бир тууган карындашына үйлөнөт. Насыкул жаңы бийликтин күчүн таанып, үйүр-үйүр жылкысын жана короо толгон бодо малы менен койлорун колхозго өткөрүп бергенине караганда, турмушка бүйрө киши болгондой.

««Ленин, Сталин чыгарыптыр да законду. Муну эч ким буза албайт» деп байларга айтса, атамды: «Сен бок жебе! Биз тоого качып кетебиз», - деп урушат алар. «Тоо да колхоздуку. Сен 1 грамм жерге кожоюн эмессиң. Бардыгы колхоздун жери болду энди. Ортого мал болот. Адам кайтарат. Акысын берет. Ар ким акыга колхозго иштейт» деп түшүндүрөт атам. Колхоз уюшканда эч ким баш ийбей коюптур да. Атам көбүн ушинтип баш ийдирет... «Дүнүйөгө тырышкан жаман» деп апам айтып отурчу. Дүнүйөгө тырышкандар келбей калды. Кырбаш келбей калды. Кожоке келбей калды. Малын бербей, алып кетти. Өлүгү да жок, тириги да жок. Балдары болсо тентип кетти.

Он кой 10 козу тууйт. Уй тууп, сүт болот. Апам айтып отурчу: «Ушул убакка чейин малыбыздын тукуму үзүлгөн жок. Атамдын катарынын баарын кулак кылып койду. Түрмөгө алып кетти. Келбей калды» деп... Дүйнөгө тырышпа. Барды бардай же. Туугандарыңдын баарына бөлүп бер. Ошонун пайдасы тиет».

Казакстандын Караганды аймагындагы ачарчылык.
Казакстандын Караганды аймагындагы ачарчылык.

Сталиндин ыкласы менен жүргүзүлгөн «кызыл террордон» мал-жандуу, казаны коюу кайнаган үй-бүлөлөр жабыркайт. Дандын мамлекеттик планы аткарылат. 1928-жылы 10,8 млн. тонна дан жыйналса, 1933-жылы 22,6 млн. тонна жыйналат. Сыртка 1,7 млн. тонна (1932-жылы 1,8 млн. тонна) дан сатылат. Бул 1928-жылдагыдан 5,9 эсе көп. Бирок, 1932-жылкы миллиондогон адамдардын башын жеген ачарчылыктан бир жыл мурда СССР 5 миллион тоннадан көп дан экспорттогон.

Колхоздоштуруунун айынан жут каптайт. Коңшулаш Казакстанда мал 10 эсе азаят. Жутта 2 миллиондой казак кырылат. Коңшу республикаларга 0,5 млн. жана Кытайга 1,5 млн. казак оойт. Москванын тизгининдеги Монголияда 1932-жылы малдын саны 8 миллионго кемиген соң коллективдештирүү токтотулат.

Бул каат мезгил Насыкул кызы Асылбүбүнүн эсине мөөрдөй басылган.

«Муну Сталин жана Ленин чыгарды да. Анын законун эч ким буза албайт да. Апам айтып отурчу. Атам түрмөгө да барган жок. Макталып, бригадирби, бир балакет шайлап коюптур, атамды. Ошондо элди иштетет, өзү да иштейт. Чоң арык казышат. Үч метрден жер беришет. Канал болот да, көлмө. Ошону атам казып атса, бирдеме шалдыр деп ыргып кетет. Атам жумушун токтото калып караса, бир кийизге ороптур дейт. Анын сыртынан дагы бир нерсеге ороп көмгөн 2 килограммдай алтын экен. Эч кимге айтпай, алтынды башкармага алып келет. «Мен жер казып атып таап алдым» деп. Текшерсе бир кылым мурда көмүлгөн алтын экен. Ошондо апам эки шундай алтын алып калыптыр. «Алба» деп атам айтыптыр да. Кийин атам өлгөндө апам «ошол эки сөөмөйдөй алтынга эки кап ун алдым» дейт. «Балдарга канча оокат болду» дейт. Акыл керек да».

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:45 0:00

Экинчи каарманыбыздын ата-энеси 1931-жылы Сары-Өзөн Чүйдүн батыш өңүрүнөн Украинага сүргүнгө айдалган үй-бүлөлөрдөн. Эки жашы кем сексендеги Рая эже Шаршенова 1941-жылы 28-декабрда бүгүнкү Токтогул районунда жарык дүйнөгө келген. Сүргүндөн кайтып келишкен бир боорлорун көргөндө, апасы эстен танып калганы байбиченин көз алдында күнү бүгүнкүдөй элестеп турат.

«Украинага апамдын атасы, эжелери, инилери айдалган. Алар 1948-жылы кайтып келишкен. Алардын кантип келгени али көз алдымда турат. Атчан бирөө чаап келип, апама бир нерсе деди эле, апам эсин жоготуп койгон. Ал кезде сүргүн жөнүндө эч нерсе айтылчу эмес. Ошого биз эч нерсе билчү эмеспиз. Анан эле кимдир-бирөө келип, баары ыйлап жатышты. Же мен аларды таанысамчы? Эки-үч күндөн кийин апамдан сурасам «бул таенең, таятаң тиякта каза болуптур» деди. Ошондой эле апамдын эжеси жана анын күйөөсү ошо жакта көз жумушуптур. Калган туугандары кайтып келишкен экен».

Колхоздордогу жумуш тартибин чыңдоо. 1930-жылдардагы ураан плакат.
Колхоздордогу жумуш тартибин чыңдоо. 1930-жылдардагы ураан плакат.

Рая эженин таенеси Бүбүсара жана таятасы сүргүнгө «бай-манаптын» тукуму деп айдалган. Антип айыптоого Бүбүсара Жаманкулованын таенеси Чүйдөгү белгилүү манап Жангарачтын бир тууган эжеси болгону жана колунда бар үй-бүлөдөн чыкканы негиз катары алынгандай. Себеби, «Таята-таенеңизге кандай айып коюлган экен?» деп сурасам, байбиче кыска гана «Манап!» деп жооп берди.

«Манап! Манап! Алар 1920-жылдары өз мал-мүлкүн колхозго толук тапшырып берген экен. Алар өздөрүнө боз үйүн жана тийиштүү сандагы кой, уй жана жылкысын калтырыптыр. Жалчыларды таркатып жиберишиптир. Бар дүйнөсүн бир жума бою каттаган соң карышкыр ичиктерин, саркеч кийимдерин, Кытайдан алдырган алтын бууланган идиштерин да совет бийлиги тартып алыптыр. Таенемдин айтымында, таятамда Михаил Фрунзенин «ал совет өкмөтүнүн душманы эмес. Ал бизди кабыл алды. Медресе калтырылсын» деген каты бар экен. Таятам аябай коркуп калган экен, ал катты эч кимге көргөзбөптүр. «Бизге алып келген кагазда «24 сааттын ичинде Кайыңдыга түшүп келгиле» деп жазылып туруптур», деп айтып берген таенем. Түн ичинде араба келип, алып кетиптир. Арабакеч орус экен. Аларды Кайыңдыдан поездге жүктөптүр. Аларды Украинага жөнөткөнү жакшы болуптур.

Алардан кийинкилерди Сибирге жибериптир. Поезд Сибирге жеткирип, бир станцияга калтырып койот. Күткөн эч ким жок. Баары поезддин ичинде суукка тоңуп калат. Муну мен чоңдордун сөзүнөн улам билдим. «Жакшы, бизди Украинага жөнөткөн экен» дешкен ошондо. Ушундай окуя болгон. Бул факт».

Херсон жеринде сүргүндө жүргөн кыргыздар.
Херсон жеринде сүргүндө жүргөн кыргыздар.

Кыргызстандыктар сүргүнгө Украинанын Одесса облусуна айдалган. Одесса облусунан 1937-жылы Николаев облусу, ал эми 1944-жылы 30-мартта Николаев облусу фашисттик аскерлерден бошотулганда Херсон облусу түзүлөт. Сүргүн кыргыздар негизинен Херсон жеринин Цюрупин районундагы Чалбасы кыштагында жана Хорловка районундагы Хлебодаровка кыштагында жайгаштырылат. Рая эженин жаш кезинде укканы боюнча, таята-таенеси чүрпөлөрү менен Керчте турушкан экен.

«Алар Керчте турушат. Согуш учурунда советтик армия артка чегингенде аларга: «Кампадан каалашыңарча алгыла. Калганын өрттөгүлө!» деп айтыптыр. Немистер басып алгандан кийин аларга тийбептир. Бирок, «үйүңөргө кимдир-бирөөлөрдү жашаганга алгыла» дейт. Таекем 14 же 9 жашта болсо керек. Таенем кичинекей немис баланы үйгө алыптыр. Ал немис таекем менен эртеден кечке ойнойт экен. Экөө бир жолу немис жана советтик аскерлердин ортосунда калат. Октор үстүнөн зуулдап өтөт экен. Алар чуңкур казып алып, таң атканча отурушуптур. Эртең менен үйгө келгенде таенем аларды көрүп, эстен танып калыптыр. «Неизвестная война» деген 22 сериялуу фильмди телевизордон көрсөтпөдүбү беле?! Ошол телесериалды көрүп отуруп, таенем: «Ганс үйүнө жеттиби же жеткен жокпу?» деп кайгырган. Ганс немис фермердин баласы экен. Немистер кыргыздарга тийбептир, таенемдин айтымында, алар кыргыздарга дары-дармек, самын беришиптир. Бирок немистер менен бирге кеткен кыргыз үй-бүлөлөр да болуптур. Кыргыздар турган колхоз кийин Киргизия деп аталыптыр».

Виноградово (Чалбасы) кыштагындагы «Кыргыз мазардагы» эстеликти ачуу. 28-сентябрь, 2013-жыл.
Виноградово (Чалбасы) кыштагындагы «Кыргыз мазардагы» эстеликти ачуу. 28-сентябрь, 2013-жыл.

Рая эженин таенеси Украинадан ата-журтуна аман-эсен келет. Ал эми таятасынын сөөгү Керч жарым аралында калат.

«Таенемдин аты Бүбүсара, фамилиясы Жаманкулова. Таякемдин аты Эсен. Роза таежемди Уларбү, таежем Керчке пионер лагерге алып барганда, алардын чачын кыска кылып кесишет. Ошол чачын кырккандан кийин эле таятам каза болуп калган экен. Таятам өлгөндө 40 жашка да чыга элек экен».

Жазыксыз сүргүнгө айдалган үй-бүлөлөр 1956-жылдан тартып акталганы менен, аларга «эл душманы» деп ишенбестик менен мамиле кылуу токтогон эмес.

«Сүргүн алардын тагдырына таасир этти. Таякемдерди университетке алган жок. Анын өздүк китепканасында классиктердин китептери толтура болчу. Ал абдан билимдүү адам эле. Бирок Улара таежем Сталинге кат жазып, «алар эл душманы эмес» деген жооп алган. Эсен таякем 16 жашында эле райондо башкы бухгалтер болуп иштеген. Өмүрүнүн акыркы жылдары райондук социалдык камсыздоо бөлүмүндө ревизор болуп иштеди».

Рая эже Шаршенова. 18-ноябрь 2018-жыл.
Рая эже Шаршенова. 18-ноябрь 2018-жыл.

Рая эженин атасы жана апасы сүргүнгө барышкан эмес. Эки жашты ата-энелери макулдашып туруп, Кетмен-Төбө өрөөнүнө таякелериникине качырып жиберишет.

«Таятам менен чоң атам бел куда болушкан. Алар балдары төрөлө элек кезде эле кудалашып алышат. «24 саатта Кайыңдыга келгиле» деген айдак келгенде, апам менен атамды Кетмен-Төбөгө жиберип салышат. Кетмен-Төбөдө чоң атамдардын таяталары бар экен. Апам менен атам ал кезде 18 жашка толо элек кези экен. Ошого Кетмен-Төбөдө 18 жашка толгондон кийин никесин кыйышыптыр. Мен 1941-жылы Кетмен-Төбөдө төрөлгөм. Биз 1943-жылы Чүй өрөөнүнө көчүп келгенбиз. Чоң атамдын таякелери Толукта жашайт. Үч жыл мурда Толукка бардык. Атам-апам жашаган үй ээн турса да таякем эч кимге аны бербептир. «Мына бул үйдө төрөлгөнсүң» дешти».

P.S. Сталин жана Молотов 1933-жылы 8-майда кол койгон купуя документтен бир сүйлөм: «Борбордук комитет жана Эл комиссарлар совети айыл-кыштактардагы биздин ийгиликтин натыйжасында кулактарды жана жеке менчик ээлери менен кээ бир колхозчуларды камтыган массалык репрессиянын кереги жок учур келди деп эсептейт». Ушинтип Сталин массалык репрессияга бөгөт койду. Бирок репрессия бийликтин канына сиңип калгандыктан, бул илдет Сталин өлгөнчө маал-маалы менен кенен масштабда кайталанып турган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG