Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:30

Диний сабырсыздыктын саясаттагы илеби


2019-жылы Бишкекте окулган айт намазында тартылган сүрөт.
2019-жылы Бишкекте окулган айт намазында тартылган сүрөт.

Франциянын президенти Эммануэл Макронго каршы мусулман коомчулугунун бир катмарында күч алган маанай Кыргызстанда да байкалды.

Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда нааразылык акциялары да болду. Ушундан улам диний реакциялардагы саясий боёкту жана анын дипломатияга тийгизген таасирин адистер талдаганга аракет кылышты.

Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов, «Бурана» изилдөө институтунун директору, философия илимдеринин доктору Руслан Жалил жана Стамбул университетинин докторанты, теолог Абай Кенжекулов чогуу талкуулашты.

Канатбек Мурзахалилов: - Абай мырза, адегенде эле диний сабырсыздык менен диний сабатсыздыктын ортосундагы айырма жөнүндө айталы. Эки түшүнүк бири-бирин толуктайт десек болобу?

Абай Кенжекулов: - Бул эки түшүнүктүн ортосунда бир топ айырма бар. Диний сабырсыздык көбүнчө психологиялык факторлорго тиешелүү. Ал эми диний сабатсыздык негизинен билимге тиешелүү. Анын илим менен түздөн-түз байланышы бар. Диний сабатсыздыкты канчалык деңгээлде жойсок, ошончолук деңгээлде диний сабырдуулукка үйрөтөт деген жалпы бүтүм бар. Айрым учурларда сабырсыздык менен сабатсыздыктын ортосунда ар кандай айырмачылыктар менен өзгөчөлүктөр болот. Мисалы, сабаттуу деп эсептелген кишилерде кээде диний сабырсыздык көрүнүп калат. Жалпылап ала турган болсок, диний жактан сабаттуу болуу, дин жаатындагы кеңири түшүнүк жогорку деңгээлдеги сабырдуулукка түз таасирин тийгизет.

Канатбек Мурзахалилов: - Азыр дүйнөдөгү мусулмандардын бир катмарында Франциянын президенти Эммануэл Макронду жек көрүү сезими ойноп турат. Буга ал кишинин исламды глобалдык кризиске бет алган дин катары мүнөздөгөнү себеп болду. Бир катар мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында да Макронго каршы акциялар өттү. Бул жагдайды диний сабырсыздыктын көрүнүшү катары сыпаттасак болобу же диний сезимдер башкарган укуктук талаш болдубу?

Руслан Жалил.
Руслан Жалил.

Руслан Жалил: - Мусулмандардын пикетке чыгып, бир тараптуу өз пикирлерин айтышы мени тынчсыздандырат. Эмнеге? Ар бир окуянын келип чыгышынын эки башаты бар. Абалдын бир эле тарабына басым жасап, бир эле пикирди алдыга чыгарсак экинчиси ачыкка чыкпай калат. Абал толук түшүнүктүү болбойт.

Кыргызстандын мусулмандары, жалпы эле дүйнө жүзүндөгү нааразылык акцияларын уюштуруп жаткан мусулмандар жамааты эмоцияга алдырбай, кырдаалдын эки тарабын тең карап көрүшү керек.

Талкуунун аудиосун угуңуз:
Диний сабырсыздыктын саясаттагы илеби
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:44 0:00
Түз линк

Диний маселе, дин жөнүндө суроо - чагымчылдыкка абдан оңой шарт түзө турган нерсе. Пайгамбарыбызга карата болгон карикатуралар биринчи жолу чыгып жаткан жок. Мындай маселелер мурда деле болгон. Дагы боло берет. Мисалы, бир канча жыл мурун Данияда ушундай окуялар болгон. Анда деле дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттериндө ар кандай пикеттер, демонстрациялар болгон. Бул учурларда адамдар эле эмес, элчиликтер да жабыр тартышкан.

Канатбек Мурзахалилов: - Франция менен Кыргызстан - стратегиялык өнөктөш мамлекеттер эмес. Эки өлкөнүн ортосундагы ири алака-катыш тууралуу деле айта албайбыз. Бирок Бишкек менен Евробиримдиктин ортосунда бир катар келишимдер, макулдашуулар бар эмеспи. Макронго каршы маанай Франция, Евробиримдиктеги башка мамлекеттер менен саясий алака-катышка кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

Руслан Жалил: - Франциянын президентинин ислам динине түз тийген сөзүнүн артында себеп бар. Баарыбыз билгендей, бул окуянын алдында террористтик актылар болгон. Кандай учурда болбосун, ал диндин атынан же жөнөкөй эле окуя болсо деле мыйзамга туура келбеген соң эч ким колдоо көрсөтпөш керек. Бул абдан маанилүү нерсе. Ушуну мусулмандар эске алышы зарыл. Мусулмандар жамааты Франциянын өкмөтүнө каршы эмес, балким, өздөрүнүн катарындагы радикалдуу ой-пикирди алып жүргөн диндештерине каршы реакция көрсөтүшү керек эле.

Илимпоздор эмне үчүн мындай мүшкүл болуп жатканын изилдеши керек. Балким, Макрондун айткан сөзүндө кандайдыр бир деңгээлде чындык бардыр. Мүмкүн, мусулман коому эксзистенциялык кризисти, башкача айтканда тынчсызданууну, терең психологиялык дискомфорт сезимин башынан өткөрүп жаткандыр?

Канатбек Мурзахалилов: - Мусулманчылык толеранттуулукка, диний сабырдуулук менен чыдамдуулукка кандай карайт?

Абай Кенжекулов.
Абай Кенжекулов.

Абай Кенжекулов: - Диний толеранттуулук менен диний сабырдуулукту синоним катары колдонуп келе жатабыз. Чыдамдуулук лексикологиялык өзүнчө мааниси бар сөз. Бир сөз менен айтканда чыдамдуулук - бул адам айласыздан көтөрүп, чыдай турган жагдай. Ал эми сабырдуулук адамдын эркинен көз каранды. Айрым нерселерге күчү жетип турса да өзүңдү кармай билүүнүн өзү - сабырдуулук.

Канатбек Мурзахалилов: - Диний багыттагы агрессиялык мүнөздөгү окуялар, башка диний ишенимдеги адамдарга жасалган тескери мамиле коомдогу толеранттуулук менен чыдамкайлыктын жетишсиздигин көрсөтөт. Кыргыз коому бир динде болууга умтулуп, динчил жаштардын көбөйүшү, медиаларда диний лидерлердин элге берген кеп-кеңештери бир тараптуу болуп, сабырсыздыкты күчөткөн жокпу?

Руслан Жалил: - Учурда мусулмандар бир нерсеге реакция көрсөтө турган калк катары саналып калды. Балким, алар кайсы бир абалга тескери реакция кылып, мыйзам бузууга бара жатышабы? Ушул абалдын негизинде биз мындай суроолорго жооп издешибиз керек: «Эмне үчүн ислам мамлекеттеринде өнүгүү, экономикалык жана социалдык туруктуулук, саясий өнүгүү жок? Эмнеге көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндө жаңжал, чыр-чатак, согуш жүрүп жатат, социалдык көйгөйлөр көп?».

Мусулман коому мына ушул нерсеге намыстанып, реакция кылышы керек. Жалпы мусулмандар дүйнөсүндө, постсоветтик чөйрөдө, өзгөчө Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда интеллектуалдуу мусулмандар аз. Элди жакшы багытка буруп кете турган интеллектуалдар жетишсиз.

«Коомдо болуп жаткан маселелерди кантип чечебиз? Жакырчылыкты кантип жоёбуз? Теңчиликти кантип алып келебиз? Адам укуктарын канткенде кепилдикке алабыз? Жаштарга кандай деңгээлде билим беребиз? Дүйнөнүн эң алдыңкы университеттерин кантип курабыз?» деген сыяктуу глобалдуу суроолорду коюп, анын үстүндө иш алып бара турган интеллектуалдуу мусулмандар коому жок. Дегеле дүйнө жүзүн алып карай турган болсок мындай кыймылдар, окумуштуулар да аз. Массалык түрдө исламдын өнүгүү деңгээли күнүмдүк гана кызыкчылыктарды канааттандырып калган.

Биздин саясатыбыз да күнүмдүк гана чектин ичинде калып, стратегиялык ойлонуу жок. Биздин, мусулмандардын арасында да стратегиялык пландоо жок экендигин моюнга алышыбыз керек. Бул көрүнүш ислам чөйрөсүндө интеллектуалдардын жок экендигинен кабар берет. Менин оюмча, качан гана интеллектуалдык ойлонуу башталганда мусулман дүйнөсү ойгонуп, глобалдуу суроолорго реакция көрсөтө баштайт.

Канатбек Мурзахалилов: - Түзүлүшү дүйнөбий болуп саналган Кыргызстанда мамлекет диндин таасирине көз каранды эмес. Бирок өлкөдө диний сабырсыздыкка байланышкан чыр-чатактар мезгил-мезгили менен чыгып турат. Диний чыдамдуулукту, башка ишенимдеги адамдарга карата сабырдуулукту кыргыз коомунуна кантип жайылтса болот?

Абай Кенжекулов: - Дин дүйнөбий өлкөлөргө да таасир тийгизет. Албетте, диний сабырсыздыкка байланышкан чыр-чатактар болуп келе жатат. Бул кадыресе көрүнүш десек болот. Биздин эле өлкөдө эмес, башка жерлерде да мындай келишпестиктер болуп жатат.

Диний сабырдуулукту калыптандыра турган диний чыдамкайлык болууга тийиш. Диний сабырдуулукту мектеп жашынан баштап эле мамлекеттик түзүмдөрдүн жардамы менен калыптандырып, тарбиялоо абзел. Бир коомдо бардык көз караштагы, ишенимдеги адамдардын жашоосу шарт экендигин түшүнө турган кишилерди тарбиялоо зарыл. Мисалы, «биз кыргызстандыкпыз. Кандай түшүнүктө же ишенимде болбойлу, биз бир өлкөнүн жараныбыз» деген иденттүүлүктү чыңдоого аракет кылышыбыз керек. Диний маданият, диний сабырдуулук боюнча окутуу, түшүндүрүү иштерин жайылтуу менен коомду тарбияласак болот.

Канатбек Мурзахалилов: - Макронго байланыштуу бул окуялар саясий лидерлер дин жөнүндө сүйлөгөндө «жети өлчөп бир кесүү» ыкмасына аябай маани бериши керек экенин көрсөттү окшойт. Саясатчылар менен саясий лидерлердин дин темасындагы билдирүүлөрү кандай багытта болуш керек? Дин тууралуу билдирүүлөрдү жасаганда дин менен мамлекеттин ортосундагы кылдан ичке тең салмактуулукту, балансты кантип сактасак болот?

Руслан Жалил: - Саясатчылар дин тууралуу сүйлөп жатканда дүйнөбийликти, анын принциптерин унутпашы шарт. Эгерде саясатчылар, мамлекеттик кызматчылар диндин ички ишине аралашып, динди басмырлаган же дин мамлекеттин ишине кийлигише турган риторикадагы сөздөрдү колдоно турган болсо, анда Конституцияга, өлкө мыйзамдарына каршы келе турган аракет кылган болушат.

Кыргызстандагы саясатчылар деле Конституциянын ченемдерин дайым эске алып, тең салмакты сакташы зарыл. Алар жеке турмушунда дин менен жашашы мүмкүн. Намаз окуйт, орозо кармайт. Бирок коомго келгенде динди жактабай же болбосо таптакыр басмырлабай, бейтарап балансты сактап турушу кажет. Ошондо гана ар кандай чыр-чатактардан алыс болобуз деп ойлойм. Ал эми динге болгон мамилени, диний үгүттөрдү мамлекет уруксат берген уюмдар гана кыла алат. Биздин ар бир жараныбыз коомго зыян келтирбей турган деңгээлде өзү каалаган динин кармоого укуктуу.

XS
SM
MD
LG