Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Диний уюм Базар-Коргонго батпай турат


Базар-Коргон районунун Совет айылындагы «Жахабанын күбөлөрү» диний агымына таандык сыйынуу үйү.
Базар-Коргон районунун Совет айылындагы «Жахабанын күбөлөрү» диний агымына таандык сыйынуу үйү.

Базар-Коргон районунун Совет айылындагы «Жахабанын күбөлөрү» диний агымына таандык сыйынуу үйүнүн курулушу убактылуу токтотулгандыгы жана уюмдун ишмердиги иликтенери кабарланды.

Мындай аракеттерге диний агымдын ишмердигине карата жергиликтүү тургундардын нааразылыгы себеп болгон. Протестанттык уюмдун жергиликтүү өкүлдөрү болсо өз аракеттеринде мыйзам бузуу жок экенин айтып жатышат. 16-августта Кеңеш айыл аймагындагы диний азчылыкты түзгөн уюмдун ишмердиги эки жыйында талкууланды.

Жыйындарды уюштурууга айылда протестанттык ишенимдеги тургундардын аракеттерине нааразылык себеп болгон. Айылдыктар бир жума мурда сыйынуу үйүнүн курулушуна каршы болуп райондук жана жергиликтүү бийлик органдарына кайрылышкан болчу. Анын негизинде түзүлгөн райондук комиссия Совет айылында уюштурулган элдик жыйынга катышты. Анда жергиликтүү тургундардын бири Баймурат Калбаев жагдайды минтип түшүндүрдү:

Кызуу кандуу жаш балдарды биз, аксакалдар, азыр араңдан зорго кармап турабыз.

«Бул үйдү бир ай мурда сатып алып, ичинде курулуш жүрүп жаткан. Айылдыктар арасында «мейманкана болот экен» кабар бар болчу. Кийин эле бөлмөлөрүн чоңойтуп, ичине сахна коюп жасай башташты. Башка диндегилер бул жайга чогулуп, ырдап сыйынышат экен. Аны билген соң эл каршылык көсөтүп, ичине кирип бардык. Өкүлдөрү менен сүйлөшүп, токтотууну талап кылып жатабыз. Эгерде курулуш токтобой, алар иштей баштайбыз десе эл «өрттөп жиберебиз» дегенге чейин барууда. Кызуу кандуу жаш балдарды биз, аксакалдар, азыр араңдан зорго кармап турабыз. Эртерээк бир тарапка чечилбесе жаңжал чыгып кетиши мүмкүн».

«Жахабанын күбөлөрү» диний агымынын Юра аттуу өкүлү дин эркиндиги жөнүндө мыйзамга шайкеш иш жүргүзүп жатышкандыгын белгилеп, нааразылыкка негиз жок деп эсептей турганын билдирди:

«Биз бул жерде тынч эле иштеп жатабыз, кошуналар менен анча талаш-тартыш маселе чыккан жок. Бул жерде эч кандай мыйзам бузулган жок, эгерде курулуштун документтерин текшерүүнү кааласа, биз мамлекеттик органдарга көрсөткөнгө даярбыз. Биз демократиялуу жана тынчтык өкүм сүргөн коомдо жашап жатабыз. Кайсы динди тутунат, кантип жашайт - ар бир адамдын өз эрки. Ага эч ким тоскоолдук кылбашы керек».

Жыйындын катышуучулары.
Жыйындын катышуучулары.

Райондук комиссиянын мүчөсү, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин райондогу өкүлү Эмил Досов жыйындагы сөзүндө жергиликтүү элди сабырдуулукка, мыйзамды сыйлоого чакырды. Ал тараптардын пикир келишпестиги кылдат териштирилерин, ага чейин сыйынуу жайынын курулушу убактылуу токтотуларын кеп кылды:

«Курулуш иштери азыр териштирүү аяктаганга чейин убактылуу токтоду. Аларга «үйлөрдү кыдырып үгүт кылганды токтотуп тургула» деп эскерттик. Кудай сактасын, эртең ушул айылдан кимдир-бирөөнүн көзү өтүп кетсе, эл арасында ошондо жаңжал чыгат. Көрбөдүкпү, Ала-Букадагы сөөгү көмүлбөй талаш болгон аялдын окуясын. Ошондой кырдаалга жеткирбей, азыртан алдын алышыбыз керек. Сиздер да уул-кыздарга, тууган-урукка түшүндүрүү иштерин алып барыңыздар».

Ушул эле күнү элдик жыйындан кийин Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттары сессияга чогулуп, сыйынуу үйүнүн ишмердүүлүгүн карап чыгууну тийиштүү органдарга сунуш кылышты.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Жалал-Абаддагы өкүлү Нурбек Кайсарбаевдин билдиргенине караганда, «Жахабанын күбөлөрү» уюмунун ишмердиги мыйзамдуу болуп эсептелет.

«Кыргызстанда «Жахабанын күбөлөрү» 1998-жылы каттоодон өткөн, - деди ал. - Базар-Коргондогу өкүлдөрү катталган ошол уюмдун күбөлүгү менен иш алып барышат. Ошол себептүү булардын ишмердүүлүгү мыйзамдуу десек болот. Болгону тургундар арасында пикир келишпестик бар».

Бирок ошондой болсо да дин комиссиясынын өкүлү териштире турган жагдайлар бар экенин моюнга алды:

«Эл тарабынан «Биздин балдарыбызды жана туугандарды «Жахабанын күбөлөрү» диний уюмунун өкүлдөрү өздөрүнө тартып, динине кошуп жатат, ошого чектөө коюп бергиле» деген талап болуп жатат. «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамдын 5-22 беренесине ылайык жүйөлүү болуп саналат. Макулдашуусуз же өзүнүн ыраазычылыгы жок алдоо жолу менен кайсы бир динге кошуу - бул мыйзамга жат көрүнүш».

Мындан тышкары калктуу конуштардагы турак үйлөрдө диний иштерди жүргүзүүгө мыйзам жол береби-жокпу деген маселе да териштирилгени турат. Ошондуктан, Нурбек Кайсарбаевдин айтымында, 16-августтагы жыйындардын негизинде райондук комиссия протестанттык агымдын мыйзамдуулугун жана арыз-даттануулардын жүйөсү бар-жогун 26-августка чейин териштирип чыгат.

«Жахабанын күбөлөрү» протестанттык диний агымы айылдык кеңештин аймагында акыркы беш жылдан бери иш жүргүзүп келатат. Район аймагында бул ишенимди тутунган ар кайсы улуттардагы 30дай адам бар. Курулуп жаткан сыйынуу үйү элүү кишиге эсептелген. Бул үйдүн кожоюну, болгар улутундагы жаран көчүп кеткендиктен колдон-колго сатылып отуруп, бир ай мурда диний агымдын өкүлдөрү сатып алышкан.

11 миң калкы бар Совет айылы СССР мезгилинде көп улуттуу айылдардын бири катары белгилүү болчу. Калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн орус, татар өңдүү улуттардын көпчүлүгү кийин көчүп кеткен. Азыр айылда 4 түтүн гана орус үй-бүлө калды.

Кыргызстанда азыр 2400гө жакын диний уюм бар. Алардын негизги бөлүгү ислам багытында иш жүргүзөт. Кыргызстандын Конституциясы дин тутуу эркиндигине кепилдик берет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG