Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Окууга кабыл алуу онлайн жүрөт


Окуу жайдагы кабыл алуу учуру.
Окуу жайдагы кабыл алуу учуру.

Кыргызстандагы 145 коллеж абитуриенттерди онлайн негизде окууга кабыл ала баштады.

Билим берүү жана илим министрлигинде атайын портал түзүлүп, бүтүрүүчүлөр документтерин электрондук негизде каттап жатышат. Мындан сырткары окуу жайларга барып, документтерин тапшырып жаткандар да бар.

Сузак районундагы №2 Дом-Ата орто мектебинин 35 бүтүрүүчүсүнүн жетөө гана быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө катышты. Мектептин көпчүлүк бүтүрүүчүлөрү азыр орто кесиптик окуу жайларга онлайн түрүндө тапшырып жатат. Ал үчүн мектепте Интернетке туташтырылган компьютердик класстар уюштурулду.

Мектеп директору Гүлнара Юлдашева бүтүрүүчүлөргө жогорку окуу жайларга тапшырууга көмөктөшүп жатканын айтып берди.

«Балдардын ЖРТ (Жалпы республикалык тестирлөө) жыйынтыгы келгенге чейин логин, паролун алып бердик. Аларды окууга тапшырууга жардам берүү милдети мектеп директорлоруна жүктөлдү. Компьютер, Интернет, планшеттер менен камсыздап беришибиз керек. Алардын окууга тапшыруусун өзүбүз көзөмөлдөп турабыз».

Окуу жайдагы кабыл алуу учуру.
Окуу жайдагы кабыл алуу учуру.

13-июлдан тартып өлкөдө орто кесиптик билим берүү жайларына кабыл алуу башталды. Кесиптик лицейлерге жана коллеждерге сынак орто билим жөнүндө аттестаттын же негизги билим жөнүндө күбөлүктүн орточо баллынын суммасынын, адистик үчүн тиешелүү сабактан алган баанын негизинде өткөрүлөт. Аттестаттардын же жалпы билим жөнүндө күбөлүктөрдүн түп нускалары окуу жылынын башында кабыл алынат.

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окууга кабыл алуу жекече жана онлайн негизде жүргүзүлүп жатат. Жылда талапкерлер батпай турган кабыл алуу залынын ичинде азыр бирин-серин гана адам жүрөт. Окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Эмил Төлөнов буларга токтолду.

«13-июлдан тартып коллеждерге кабыл алуу башталды. Азыр айрымдары маалымат алууга жана окууга тапшырууга өздөрү келип жатышат. Коллеждерге аттестаттын негизинде кабыл алып жатабыз. Мурда атайын сынак тапшырчу, бул жолу атестаттагы бааларына карап жыйынтык чыгарып жатабыз. Мисалы, медициналык багытка тапшыра тургандардын биология, химия сабактарынан алган баалары каралып жатат. Көпчүлүк окуучулар мектептен тапшырып жатат».

Жалал-Абад мамлекеттик университети быйыл жогорку адистиктерге 1000, коллежге 1,5 миң студентти кабыл алууну пландоодо. Бирок бюджеттик орундар азырынча бөлүнө элек.

Эмил Төлөнов өлкөдөгү пандемияга байланыштуу быйыл келишимдик негизде окууга тапшыргандар жана чет өлкөдөн келген студенттер азайышы мүмкүн экенин божомолдоп отурат.

«Студенттер карантиндик шартта окуу акысын төлөөдөн кыйналышы мүмкүн. Андан сырткары Орусияда жана башка чет жакта иштеп жаткан мигранттардын акча которуусу да азайып, үй-бүлөлөрдө каржылык тартыштык жаралып жатат. Ошондуктан, келишимдик негизде окууга тапшыргандар аз болушу мүмкүн. Өзбекстан, Пакистан, Индиядан келчү студенттерге да онлайн негизде документ тапшырууга шарт түзүп жатабыз. Ал эми Бишкектеги жана башка аймактардагы эпидемиологиялык абалды эске алып, жергиликтүү студенттер быйыл өзүбүзгө көбүрөөк тапшырат деген план бар».

Орто кесиптик билим берүү боюнча окуу жайларына кабыл алуунун биринчи этабы 31-июлда аяктайт. Экинчи этап 1-22-август күндөрү болот. Билим берүү министрлигинин башкы адиси Динара Бекташева быйылкы кабыл алуудагы шарттар тууралуу айтып берди.

«Талапкер «www.2020.edu.gov.kg порталына кирип, өзүнүн каалаган коллежин тандап, окууга тапшыра алат. Аты-жөнүн, аттестаттын сериясын, паспортунун көчүрмөсүн тиркейт. Социалдык абалын да кошо белгилеши зарыл. Мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим балдарды сынаксыз кабыл алабыз. Мындан сырткары олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө да жеңилдиктер каралган. Аттестаттын баасын адистер компьютерге киргизген соң система бааларды өзү санап, орточо бааны эсептеп чыгарат. Ошого карап коллеждин адистери талапкерлерди кезек менен кабыл ала баштайт».

Өлкөдөгү 145 коллежге быйыл бюджеттик орун үчүн 4100дөн ашык орун бөлүнгөн. Орто окуу жайларда учурда 90 миңден ашык студент билим алат. Ал эми университеттерге республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгынын негизинде кабыл алуу 20-июлдан тартып башталат. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы буларды маалымдады.

«Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру 20-июлда башталат. Табыштаманы 22-июль күнү саат 14:00гө чейин берүү зарыл. Кабыл алууга сунушталган абитуриент 25-июль күнү саат 18:00гө чейин тандаган адистик боюнча билим ала турганын тастыкташы керек, тастыкталбаган учурда анын орду бош деп эсептелет. Бош орундар болгон учурда 2-тур 27-июлдан 1-августка чейин өткөрүлөт. Табыштамалар 29-июль күнү саат 14:00гө чейин кабыл алынат. 3-тур Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен 3-августтан 8-августка чейин өткөрүлөт, каттоо 5-август күнү саат 14:00гө чейин жүрөт. Окутуунун сырттан жана кечки формасына кабыл алуунун мөөнөтүн окуу жайы өз алдынча белгилейт».

Быйыл коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер жана башка бардык окуу жайлар карантинге жабылып, окуу жылы онлайн жыйынтыкталган. Өлкөдө 63 жогорку окуу жайдын 32си мамлекеттик болуп саналат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG