Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Карантинде талкууну күчөткөн талаштуу мыйзам


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдарга талапты күчөткөн мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өткөнү жатат. Укук коргоочулар өзгөчө кырдаал режимине карабай талкуу өткөрүүнү сындап чыгышты.

Бир топтон бери жарандык коом өкүлдөрү менен парламенттеги айрым депутаттардын талашына себепкер болуп келген, өкмөттүк эмес уюмдарга талапты күчөткөн мыйзам долбоору боюнча коомдук талкууну уюштуруу жаңы кайым айтыштын башын ачты.

Жогорку Кеңештин расмий сайтында аталган мыйзам долбоору боюнча 22-майда коомдук талкуу өтөрү жөнүндө маалымат жакынкы күндөрү гана жарыяланды.

Муну байкаган укук коргоочулар коомчулук коронавирус пандемиясы менен алек болуп, өлкөдө өзгөчө кырдаал режими толук алына элек шартта коомдук талкуу өткөрүлүшүнө нааразы болуп жатышат.

Маселен, укук коргоочу Динара Ошурахунова бул антикризистик долбоор эмес экенин белгилеп, парламент депутаттары демилгени эртелеп өткөрүүгө умтулуп жатат деген ойдо.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Кыргызстанда эң курч турган маселе - өкмөттүк эмес уюмдардын отчёту окшойт, - деди ал. - Ушундай шашылыш түрдө, «карантинди сактагыла» дегенге карабай чыгарып жатканы бир ойго түртөт. Демек, бийликке биздин кемчиликтерди ачык көрсөтүп, айтып жаткан сыныбыз жакпай жатат. Алар шашып-бушуп өкмөттүк эмес уюмдарга көзөмөлдү күчөтүүгө аракет кылып жатышат».

Дал ушундай эле пикирди айткан «Интербилим-Ош» уюмунун жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева азыр коомдук талкууга көпчүлүк укук коргоочулар катыша албай калат деп чочулайт. Анын айтымында, мыйзам долбоорун эртелеп кабыл алууга пандемия учурундагы жарандык коомдун ачыктыкты талап кылышы да себеп болушу мүмкүн.

«Пандемия күчөп жаткан март-апрель айларында коомдук уюмдар колунан келишинче жардам берүүгө аракет кылышты. Бийлик аны да көрдү. Ал кезде «буларга тийишпей туралы» дегендей маанайда болчу. Бирок аны менен кошо өкмөттүк органдарга сын-пикир пайда болуп, ачыктыкты талап кыла баштаганда бул мыйзамды эртелеп өткөрүүгө түрттү көрүнөт», - деди ал.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча коомдук талкууну Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо комитети уюштурганы жатат.

Комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекованын айтымында, коомдук талкуу өткөрүүнү мыйзам долбоордун демилгечилери сунуш кылышкан.

«Бул жерде иш өз ыргагы менен кетип жатат. Жогорку Кеңештин регламенти боюнча мыйзам долбоорун ким сунуш кылса комитетке кайрылат. Анын негизинде биз карап, коомдук талкуу өткөрүү боюнча чечим кабыл алабыз. Бул мыйзам долбоору боюнча биздин комитетке кайрылып, «22-майга коюп бергиле» деди. Мен аны комитет жыйынына алып чыгып, ушундай чечим кабыл алынды», - дейт ал.

Ал эми мыйзам долбоорунун негизги демилгечилеринин бири, депутат Бактыбек Райымкулов укук коргоочулардын чочулоосун негизсиз деп атады. Ал коомдук талкуу өткөрүүдө санитардык нормалар сакталарын билдирди:

Бактыбек Райымкулов.
Бактыбек Райымкулов.

«Азыр Жогорку Кеңеш иштеп жатат. Комитет жыйындары, парламенттик талкуулар өтүүдө. Биз бул мыйзам долбоорун биринчи окууда караган учурда коомдук талкуу өткөрөбүз дегенбиз. Андан бери эки айга жакын убакыт өттү. Эми өз мөөнөтүнө жараша ошол талкууну өткөрүүнү деп чечтик. Өкмөттүк эмес уюмдардын көпчүлүк өкүлдөрү бул талкууга катышууга макулдук беришти».

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүчү мыйзам долбоору быйыл жыл башында иштелип чыгып, март айында биринчи окууда жактырылган.

Демилгеге ылайык, өкмөттүк эмес уюмдарга байланыштуу эки мыйзамдагы үч беренеге өзгөртүү киргизилет. Тагыраагы, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Эгер бул талап аткарылбаса жоопкерчиликке тартылат.

Укук коргоочулар буга чейин деле өкмөттүк эмес уюмдар мындай отчётторду тиешелүү органдарга тапшырып келгенин, акыркы аракеттер жарандык коомго кошумча басым көрсөтүүгө тете болорун айтышууда.

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети 2014-жылы да болгон, анда бул аракет ишке ашкан эмес. Былтыр Европа Биримдиги Кыргызстандагы жарандык коомдун ролунун жакшы жагын баса белгилеп, өкмөттүк эмес уюмдардын каржылоосуна көзөмөлдү күчөтүү тууралуу чакырыктарга тынчсыздануусун билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG