Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

Кыргызстан мобилдик интернет арзан өлкө


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама.

"Кыргызстанда мобилдик байланыштын эркин рыногу"

Борбор Азиядагы аналитикалык бюро (CABAR) 25-октябрдагы көлөмдүү материалында аймактагы мобилдик байланыштын жана интернеттин жайылышын, калктын жарымы алыскы айылдарда жашаган өлкөлөрдөгү калың элдин андай кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн талдап чыккан.

Алматылык журналист Алтынай Каримова ошондой эле телекоммуникациялык тармактын өнүгүүсүнө жолтоо болгон факторлорго токтолгон.

Дигиталдык теңсиздик өзгөчө коронавирус пандемиясы маалында даана сезилгенин айткан автор, мобилдик байланыш жана интернетти пайдалануу азыркы доордо муктаждык эмес, адамдын укугуна айланганын белгилейт.

Кыргызстанга арналган бөлүгүндө журналист өлкө мобилдик байланыштын жеткиликтүүлүгү жагынан региондо алдыңкы орунда турарын жазат. 6,5 миллион кишиге 10,2 миллион СИМ-карта туура келип, бул көрсөткүч 155% түзөт. Башкача айтканда, калктын жарымында бирден көп СИМ-карта бар. Ал эми интернеттин жайылышы боюнча Кыргызстан үчүнчү сапта турат - 3,3 миллион интернет колдонуучу катталган. Бул калктын жарымынан көбүнө тете.

Макалада Speedtest көрсөткүчтөрү да келтирилген. Ага ылайык, Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча дүйнөдө 101-орунга жайгашкан.

Worldwide mobile data pricing 2021 деген рейтингде мобилдик интернеттин арзандыгы жагынан Кыргызстан дүйнөдө экинчи орунду ээлейт. Орточо баасы бир гигабайтка 15 центтин айланасында.

Автор "Кыргызстанда мобилдик байланыштын салыштырмалуу эркин жана өнүгүп жаткан рыногу калыптанган" деген тыянакка келет.

"Мисалы, англиялык Cable.co агенттиги өлкөнүн мобилдик тармагын “чет элдик инвестицияларга ачык” деп мүнөздөгөн", - деп улантат Каримова.

Журналист муну менен катар Кыргызстандагы саясий олку-солку мобилдик байланыш компаниялардын ишине таасир тийгизгенин да сөз кылган.

Телекоммуникациялык кызмат рыногунун кемчиликтери катары макалада казакстандык жана орусиялык спутниктерден көз карандылык, желенин тегиз эмес жайылышы, алыскы тоолуу аймактарда желенин жана интернеттин жоктугу аталган.

"Аблязовдун аялын экстрадициялоо иши"

Алма Шалабаева. Рим, 2013-жыл
Алма Шалабаева. Рим, 2013-жыл

Италиялык La Repubblica гезити 26-октябрдагы макалада казакстандык оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязовдун жубайы Алма Шалабаеванын ишинин айланасындагы жагдайларга дагы бир жолу кайрылды.

Эмки жылдын башында Перужжа шаарында Шалабаеванын экстрадициясы үчүн айыпталган полиция кызматкерлеринин апелляциялык арызы каралмакчы.

Лирио Аббате өткөн январда алты полициячы жана бир арачы сот кесилгенин, бирок өз иликтөөсүнө таянып, өкүм чыгарууда фактылар толук текшерилбегенин, судьялар чет өлкөдөгү документтерди көз жаздымда калтырышканын жазат.

Соттолгондордун арасында Италия полициясынын борбордук оперативдүү кызматынын мурдагы жетекчиси Ренато Кортезе, Римдин миграция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Маурицио Импорта бар болчу. Автор Кортезе Сициялиядагы мафиянын ана башыларын колго түшүргөн тажрыйбалуу офицер экенин белгилейт.

Андан ары автор 2013-жылы эл аралык саясий чоң жаңжалга айланган окуянын чоо-жайына токтолгон.

Макалада баяндалгандай, Кортезе казак дипломаттарын кабыл алганда алар Римдеги бир виллада өтө кооптуу качкын Аблязов жашырынып жүргөнүн, ал террордук чөйрөнүн мүчөсү, айланасындагы адамдар курал колдонууга чейин барышы мүмкүн деп сүрөттөшкөн. Бирок ошондо аялы тууралуу бир да сөз айтылган эмес. Эл аралык деңгээлдеги коркунучтуу адамды колго түшүрүүгө атайын күжүрмөн топ жөнөтүлгөн.

Журналист ал кезде Аблязов саясий качкын деген макамын ала электигин, ал эми тартип коргоочулар барган үйдөгү аял өзүн Алма Айял деп атап Борбордук Африканын дипломатиялык паспортун көргөзгөнүн, анын саясий башпаанек сураганын тастыктаган кагаздары турсун, Италияда жүрүүгө уруксат берген бир да документи жок болуп чыккканын жазат.

Бир нече убакыттан кийин гана Борбордук Африка жумуриятынын паспорту Шалабаевага “коопсуздук себептеринен” улам берилгени айтылган.

Кыскасы, автор кесилген полиция кызматкери Кортезе мыйзам чегинде аракет көргөнүн, экстрадиция ишке ашырылган 2013-жылдын май айында Казакстан кооптуу өлкө деп саналбаганы сотто айтылганын белгилейт.

Ошентип, мекенинен качып кеткен кооптуу кишинин артынан сая түшкөн тартип коргоочулар бардык жол-жоболорду так аткарабыз деп, адам уурдоо үчүн соттолду. Эң кызыгы ал адам Римде башка бирөөнүн атына жазылган жасалма дипломатиялык паспорт менен жүргөн, - деп жыйынтыктайт макаласын Лирио Аббате.

“Жапониялык Гарри менен Меган”

Каныке Мако жана Кеи Комуро. Токио, 2017-жыл
Каныке Мако жана Кеи Комуро. Токио, 2017-жыл

Жапонияда каныке Мако мурдагы курсташына турмушка чыкты. Император Нарухитонун бир тууганынын кызы карапайым үй-бүлөдөн чыккан жигит менен баш кошту. Бул тууралуу жазган басылмалар расмий үлпөттүн болбогонун, жаштардын үйлөнгөнү тууралуу кийин кабарланганын маалымдашты.

Болочок күйөө баланын жөнөкөй чөйрөдөн чыкканы алардын баш кошуусуна төрт жылдан бери жолтоо болуп келген. Мако менен Кеи Комуро 2012-жылы таанышып, 2017-жылы баш кошууну чечишкен экен. Жигиттин апасы финансылык кыйынчылыктарга туш болгону маалым болгондон кийин, нике жылдырылган. Айрымдар Комуро каныкеге ошол маселелерди чечүү үчүн үйлөнүп жатат деп айта башташкан.

Карпайым киши менен турмуш кургандан кийин Мако императордук үй-бүлөдөн кетти, Жапониянын катардагы жараны болуп калды. Жаштар эми Нью-Йоркко жайгашарын айтышты. Кээ бирлер аларды “жапониялык Гарри менен Меган” деп да атап жиберишти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG