Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:03

Саадайым алоо сезимди чанып кетти


Тун сүйүү тууралуу жазылган чыгармаларды чогулта келсе адабий китептердин теңинен көбүн түзөр эле.

Пенде баласынын турмушка жаңыдан аралашып аткан кезиндеги жубардай таза сезими ишке ашпай, кийинки өмүрүнө арман болуп калат. Бул жолу Кушубак Өмүралиевдин «Бүлбүлдөйт түндө шам чырак» баяны жөнүндө кеп кылабыз.

Бу ышкылуу сезим өчөшкөнсүп жаш адам чоң турмушка баш бага элек, анын толгон-токой куулук-шумдуктарын түшүнүүгө чарк-чамасы жетишпей турган чакта келет экен. Жылдыздарга суктануунун, келечек тууралуу жаркын кыялдардын, ай жарыгында алоо сезимди арноонун көбү алгачкы турмуш толкунуна туруштук бере албай тез эле кулап түшмөйү бар.

Кыялдуу кечтер

Белгилүү сюжеттик схеманын бир багыты мындай: мектепти бүткөн боз улан окууга өтүп кетет же аскерге алынат. Аны күтмөкчү болуп сөз берген бийкечти бирөө уурдап кетет же өз каалоосу менен башка бирөөнү таап алган болот. Жалпы сюжеттик линия эки чекиттин - айыл менен шаардагылардын мамиле-катнашына жараша чечилет. Күйөөгө тийип алуу же үйлөнүү - тун сүйүүнүн ишке ашпай калган армандарынын бири гана. Аны айрымдар өтө эле оор кабыл алышат, башкаларына бул боло жүрчү иштей сезилсе, кыялкеч жандарды арыз-арманы өмүр бою коштоп жүрөт.

«Бүлбүлдөйт түндө шам чырак» аңгемесинде шаарда окуган сүйгөн кызын күткөн боз уландын арзуусу башкы планга чыгат. Нуртай үчүн Саадайым дүйнөдө жок керемет жан эле. Айылдагы корукчунун кызы. Эрмат корукчу колхоз чоңдорунун бири болбогону менен коңшу-колоңдоруна таасирдүү жакшы киши. Ошол корукчунун кызы Нуртайдын ой-сезимин толук ээлеп, басса-турса эсинен чыкпаган эң жакын адамы болуп калган. Кыялкеч улан асмандагы чууда булуттарды апасы тыткан жүнгө окшоштура берет. Апасы болсо уулум келин алып келсе тойго салчу шырдак болсун деп тыным албай түмөн түйшүктү мойнуна илип алган. Кечкисин жөн отурбай айылдагы кыздардын баарын санап чыгат да Эрмат корукчунун кызын мактайт. Ал кыздын иштемчилдиги жагат экен. Апасынын тилеги ишке ашышын Нуртай деле каалайт. Кыялкеч боз улан Эрмат корукчуну көргөндө кадимкидей толкунданып, анын кызын эртең эле ала койчудай болуп, өрөпкүп чыгат. Сүйүүнүн көзү сокур, кыздын ичинде эмне болуп жатканы менен иши жок, үйлөнөм деп ээлигип алганын айт. Саадайымдын аркы өйүздөгү үйүнө суу кечип өткөнү өзүнчө эле бир сүрөт.

«Сууну кечкенинде көйнөгүнүн этегин өйдөлөтүп аяр кармап, апакай балтыр сандары көрүнө түшүп, ийни ылдый төгүлгөн чачы сууга тиер-тийбес болуп өтчү. Анын суудагы мындай абалы көзүмө жакшы көрүнчү. Айлуу түндө ушул сууну жээктей басып жүргөнүбүздө, ай нуру сууда мелт-калт болуп кошо аккансыйт. Жээгиндеги ит мурундарды кармалап көрөбүз.

«Булар эми гүлдөйт», - дейт Саадайым. – Анан мен кызыл ашынан жипке тизип мончок кылам» – дечү. А мен жолукканымда угуп көргөн кызыктарымдын баарын айтууга ашыкчумун.

- Булар күн күркүрөгөндө сүткө толду – деп, талаадан казып алган корголдой мандалактарды берчүмүн. Ал турмак апам айткан: илгери каркыралар келген жылы баласыздар бала көрүп, жакшы жыл болгонун айткам. Ага айтканымда үстүбүздөн канаттары шуулдап каркыралар учуп өтүшкөн эле. Ошондон улам эсиме түшкөн. Биз анда ал экөөбүз Кызыл-Адырда турган элек. Каркыралар болсо үстүбүздөн жай гана каалгып учуп баратышкан.

– Каркыралар! – дедим сүйүнгөнүмдөн. Саадайым да: - Карачы, Нуртай, кандай жакшы канаттуулар! Баары тизилип учушат ээ, - деп жоолугун булгалап турган. «Адамдарга жакшылыкты каркыралар канаттарына кошо илээштирип келишет» – деп көңүлүмө жат болгон апамдын сөзүн айтып бергем».

Азырынча көк асман, канат серпкен каркыралар, түнкүсүн куйрук үзүп учкан жылдыздар. Жер үстүндөгү турмуш - Саадайымдын шаардагы окуусу. Коштошпой капыс кеткен кыздан Нуртай канчадан бери кат күтөт. Айылда экенде кез-кез жолугушчу.

Саадайымдын бары-жогун кичине бөлмөдөн жарык чачкан шамчырактан билчү. Кечке жуук илбериңки кыз билигин тазалап, айнегин аарчып, майын куюп, күйгүзүп койгондо караңгылыкты кубалап ийген шамчырак Нуртайды алыстан чакырып турчу. Ошол чырак эң жакын буюмундай, экөөнүн арзуусуна чын дилден жардам берип, жакшылыкты гана каалап тургандай сезиле берчү. Чырак тууралуу сырын уккандан кийин аны Саадайым гана жакчу болгон.

Шамчырак

Нуртай кечке жер айдап талаадан чарчап келатканда айыл четиндеги бийик дөңдөгү үйдөн чыккан жарык аны өзүнө чакырып тургандай көрүнчү. Майланышкан эски чырактын ушунчалык баалуу экенин ал билген эмес, андай ой эсине деле келбептир. Анысы Нуртайды алыстан өзүнө чакырып, жол көрсөтүп, уялчаак үмүтүнө дем берип жатканын ою бир жерге топтоло элек селки кайдан билсин. Ошол шам чырак үйдө отургандардын баарын сырттан караган кишиге көрсөтүп турат.

«Үйдүн төрүнө туш кийиз тартылып, жүк тиреле жыйылган. Атасы төрдө үргүлөп, комуз чертип олтурса, апасы шырдак шырып, Саадайым болсо улагада кир жууп олтурат. Чырак үй ичинде ушуларга жарыгын чачат экен. Булар мал-жанын көздөп алышкандан кийин гана көңүлдөрү тынч ушинтип олтурушат да. Мен үй ичиндеги буларды көз айрыбай тиктеп алып адырга жашынып калам. Ары жактан чоң суу шаркырап, асман бетинде бирин-серин жылдыздар чыга баштачу. Так ошондо жүрөктү болк эткизип Саадайым чыга калар эле».

Саадайым Нуртайдын чырак тууралуу кызык кебине эргип, экөө түнкү асман бетин толук ээлеп алган жылдыздарга суктанышып, таттуу кыялдарга батышчу. Ысык мамиле жүрө-жүрө экөөнү бир үйдөн түтүн булатууга алып келерине Нуртай ишенчү. Нуртайдын токтоо билбес кыялы алып-учуп, экөө үйлөнүп калышса анан ушул чыракты белекке беришсе деп тилек кылып иет.

«Баары макул болушуп, биз колубузга чыракты кармап үйгө келатканыбызда, артыбызды бир кылчайып карасак, адырдын түбүнөн баягы бүлбүлдөп турган чырак жок. Анда менин бир нерсем жоголуп кеткендей болот эле. Жараталышта өзү жаралган нерсеге кол тийгизсе эле өзүндөй болбой бузулуп калат. Мына сага, адырдын түбүндөгү бүлбүлдөп турган чыракты эми көрбөйм. Ал колдо баратат. Эч деле кызыгы жок. Мен чечкиндүүлүк менен:

- Жок, Саадайым! Силердин үйүңөрдөн эч нерсе албайбыз. Баарын өзүбүз курабыз, - деп чуркап барып чыракты ордуна коет элем. Анан ал чыракты биздин үйдөн Саадайым экөөбүз тиктеп жүрмөкпүз. Ушундай таттуу кыялга батып олтурганымда, каалгасы кыйч ачылып, Саадайым өзү чыкканда жүрөгүмдүн ого бетер катуулап соккону өзүмө сезилчү. Узун көйнөкчөн аны – Саадайым! – деп кучактап калчумун. Экөөбүз көптөн бери көрүшө электей көпкө чейин кучакташып турчубуз. Бири-бирибизге ыкташкан бойдон көктү тиктегенибизде, анда жылдыздар толуп калганын көрөр элек. Анын мен суктанган жоодурган көзү, караңгыда жылтырап көрүнөр эле. Ошол көзүнөн өпчүмүн. Көптөн кийин кол кармашып, жалгыз аяк жол менен басчубуз. Ал түнү биз баскан ийри-буйру жалгыз аяк жол көктөгү саманчынын жолуна окшош эле. Ошондуктан жолубузду саманчынын жолу дээр элек. Ага жетпесек да суктанып колубузду созчубуз. Биз кол сунган андагы саманчы жолу асмандын бул учунан тиги учуна чейин бозомук тартып созулуп кетчү. Минтип жүргөнүбүздү бирөө жарып көрөт деп түк коркчу эмеспиз. Кызыл-Адыр айылдан бир топ алыс турат да».

Эки жаштын таттуу кыялдарына Кызыл-Адырдын ээн талаасы, жерге көмкөрүлүп койгондой бажырайган асман бетиндеги жымыңдаган жылдыздар күбө болушчу. Жылдыздарды аралап саманчынын жолу менен басышып, көк бетинде каалгый учуп, жердеги турмушка түшкүсү келишпей кыялданып отура беришчү. Андайда жер үстүндөгү жашоо-турмуштун кыйынчылыктары унутта калып, баарысы кыял кемесинде калкып калышчу. Саадайымга Нуртайдын эски чыракка сугулганы кызыкча сезилчү, ар бир үйдө жанып турган катардагы чырактын бирин ушунча кеп кылат деп Нуртайга кээде түшүнбөй калчу. Анын ою шаарга барып окууга өтсө, гүлдөрдү аралап басып жүрсөк дегенге өтүп кетчү.

Кат

Саадайымдын окуусу чечилип калган, шаардагы эжесинин үйүндө жүрүп окуйт, анан айылга келет. А мүмкүн келбей калар, шаарда канчасы калып эле жатпайбы. Шаарда окуп жүргөндө Нуртай аны күтөбү? Шаар деген шаар, кыялкеч кыз башка бирөөгө имерилип, айылдагы балалык сүйүүсүн чанып кетсечи? Мунун баары Нуртайга белгисиз болчу, ал айылдагы шамчыракты гана ойлоп, аны экөөлөп күйгүзөбүз деп бекем ишенип алган. Алдыда эмнелер турат?

Нуртай бир күнү жумуштан келип Саадайымдын окууга кетип калганын укту. Айтпай-дебей чоң чемоданын алып шаарга кеткен экен. Коштошпой кетишинин себебин ал кийин катында жазды. Айтымда атасы Маймактан кызын Фрунзеге узатмак болуп, шашылыш жолго чыгышыптыр, ошондон коштошо албай кетиптир. Ошол эле. Башка эч кандай делебе козгочу сөздөр жазылбаптыр. А бирок ошол катты алгандан кийин Нуртайга канат бүтүп, жерге батпай толкунданып жүрдү. Аз жерден апасына келин алып келерин айтып ие жаздады. Айтпаганы абийир болгон экен. Анан Саадайымдан кат такыр эле келбей, кабагы салынып, эмне кылар айласын таппай калды. Ошол кезинде күн сайын айылдагы кыздардын кимисин келин кылып алууну божурачу апасы ичиндеги жашырын сырды билип тургандай: «Бизге тиги Эрматтын кызы эле ылайыктуу – жашынан үй оокатына тың, чыйрак өстү. Атасы да жакшы киши» деп Саадайымды айтып калат».

Акыры бир күнү шаарда окуган классташынан Саадайым жашаган үйдүн телефонун таап, кат жазбай калган ашыгынын тааныш үнүн угайын деп атканда трубканы алган кичинекей бала эжеси күйөөгө тийип кеткенин айтып салбаспы.

«- Аа – деп колумдагы трубканы шалак эте таштаганымда, көз алдыма Кызыл-Адырдын түбүндөгү күйгөн чырак жалп өчүп, шаңгыр эте сынып калгандай болду. Ал качан күйөөгө чыкты экен? Саадайымдын ушундай кабарын угуп, аны азыр эле колуман жулдургандай ат үстүндө көңүлсүз шылкыйып келатам. Эми мен үчүн мындан ары жашоонун деле эч кызыгы жоктой сезилди. Айылга жакындаганымда биздин үй үңүрөйүп суук көрүндү. Андагы келин алып келүүмдү күткөн апамды эстегенимде катуу ыйлагым келди...»

Кыздар эне болуп кетишет

Турмуштук катаал сыноону Нуртай айла жок ушинтип көтөрдү. Арызын кимге айтат? Ичинен күйүп, үшкүрүнүп тим болду. Кыялкеч түндөр, андагы жалындуу сөздөр абага учуп кеткен экен. Адамды ушунча үмүткөр кылып, шаарга баргандан кийин башка бирөөнүн этегин кармап кеткен экен. Нуртай ошондо да кызга жаман ойлободу, бактысын тапса экен, таап алган сүрөтчүсү көңүлүн оорутпай, бактылуу жашаса экен деп тиледи. Кийин айылга баратып Саадайым капысынан тракторуна түшүп калганда да таарыныч-урунучун айтпады. Баары капыс болуп кетти.

«Мына Саадайым! Көзүбүз чагылыша түштү. Ал мени көрүп кайра артка кетенчиктей берди. Бир саам ушинтип тиктеше калгандан кийин, жанындагы күйөөсү бизге түшүнбөй:

- Бол, отурбайсыңбы Саадайым, - деди. Ал жаныма отуруп колуна ымыркайын алды. Ал ак шейшепке оролгон. Мына Саадайым. Мен кат күткөн Саадайым. Ушинтип жанымда олтурат. Аны минтип жолуктурам деген оюмда жок эле. Колундагы ак шейшепке оролгон ымыркайы гана болбосо баягы эле Саадайымдын өзү. Ал күйөөгө тийип, мен суктанган көзүнөн эч ким деле өппөгөндөй сезилет. Бирок минтип эрте төрөп алыптыр.

Саадайымдын ушинтип менин тракторума түшүп калышы ойдо жок жерден болду. Мен да эмне кылаарымды билбей дал болуп турдум.

- Ой, айдай бер! – деп артымдан чыккан үн оюмду бөлдү.

Тракторумду жай гана айдап жөнөдүм. Колумдагы тегерек рулду оңго-солго буруп, аны карап келем. Ал да бет алдын ойлуу тиктейт. Эмнени ойлоп келатты болду экен? Бир кезде кол кармашып жүргөн күндөрдү ойлоду бекен?! Ошондогу бек карышкан назик жылуу колу али да жүрөгүмө жылуулук берип турат. Ошол эле колу менен эми наристесин жанымда кармап отурат. Ошол эле колу менен Кызыл-Адырдагы жалгыз үйүндөгү чыракты жандырчу. Кыздардын баары эне болушат экен деп келаттым. Жанымда жүргөн Саадайым да ушинтип эне болуптур. Мен ага эч бир үн катпадым».

Эмне деп айтышмак, ансыз да баары дайын болуп турса. Нуртай ышкылуу кыздын адамгерчилик мамилесин сүйүү деп ойлогон экен. Мүмкүн сүйүүдүр. Сүрөтчү күйөөсүнө нааразы болгондо Нуртайды, айылды, кыялдуу кечтерди эстээр. Адам болгондон кийин кантип эстебей койсун? Ичинде кылдай арамдыгы жок жигиттин сезимине муздак суу чачып, башка бирөөнүн этегин кармап кеткендеги абийир-уяты Саадайымды деле ойлонтор.

Кушубак Өмүралиев жашоо-турмуштун алгачкы оор сабагын алган жаш адамдын сезим дүйнөсүн ишенимдүү чагылдыра алган. Пенде баласынын жашоо-турмуштагы алгачкы аруу сезимдин сыртка сүрүлуп калышы кандайынан келгенде да аябай оор го. Айла жок, аны көтөрүш керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG