Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Атамбаев түзгөн партия ыдырады


КСДПнын шайлоо алдындагы жүрүшү. 2015-жыл.
КСДПнын шайлоо алдындагы жүрүшү. 2015-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясындагы (КСДП) ич ара ажырымга чекит коюла элек.

Партиянын саясий кеңешинин соңку жыйынында жетекчилик алмашып, бир катар мүчөлөр партиядан биротоло чыгып кетишти. Уюмдун басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, ич ара болуп жаткан ыйкы-тыйкылар 26-майда саясий кеңештин 24 мүчөсү катышкан жыйында талкууланды.

«Партия жетекчилигинин бир бөлүгү Кой-Таш окуялары боюнча соттук териштирүүлөргө тартылганына байланыштуу төраганын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова кызматтык милдеттерин тапшырып, аны Анвар Артыковго өткөрүп берди. КСДПнын төрагасынын орун басары деген милдетти Рыскелди Момбеков менен Кундуз Жолдубаева да тапшырды. Алар саясий кеңешке мүчө болууну токтотту, бирок партияда калышат. Төраганын дагы бир орун басары Ирина Карамушкина саясий кеңеште да, партияда да мүчө болуусун токтотууда. Назгүл Мамытова да саясий кеңешке мындан ары мүчө болбойт, бирок КСДПнын катарында калат. Мээрбек Мискенбаев, Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеев саясий кеңештен да, партиядан да чыгышты. Катардан Кундуз Ажыбекова да чыкканы жатат» деп жазылган билдирүүдө.

Ошол эле кезде Карамушкинанын партиядан чыкканы тууралуу эки ача маалымат айтылууда. Аны такташ үчүн депутат менен байланышуу аракетибизден азырынча натыйжа чыга элек.

Жарандык активист Адил Турдукулов өз кадамын мындайча түшүндүрдү:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

«Партиянын, өзгөчө саясий кеңештин мүчөлөрүнүн ортосунда чечилгис карама-каршы ойлор түптөлүп калыптыр. Ошондуктан партиянын ичинде бир пикирге келүү оор, керек болсо мүмкүн эместей сезилди. Ошондуктан мен партиядан чыгууну чечтим. Менин пикиримде жаңы партия түзүүнүн кажети жок болчу. Тескерисинче, тарыхы бар партияны күчтөндүрүүгө аракет кылыш керек эле».

Буга чейин жыйынга катышкан Адил Турдукулов депутат Рыскелди Момбековдун да партиянын катарынан чыкканын билдирген. Депутаттын өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Ал 27-майда «Инстаграмдагы» расмий баракчасына жергиликтүү медиалардын бириндеги видео маегин жайгаштырып, партиянын катарында калганын айтты:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Саясий кеңештин отурумундагы айтылган маселелер ачыкка чыгып кетти. Биз ачыкка чыгарбайбыз деп сүйлөштүк эле. Мен партиянын катарынан чыккан жокмун. Мен саясий кеңештен кетүү, орун басарлыкты токтотуу боюнча билдирүү жасадым. Мындай чечимге келиш мага оңой болгон жок. Оор болду. Бирок негиздүү себептер болду. Биринчиден, мен бул партияга ата-балага кызмат кылам деп кирген эмесмин. Ата мекенге кызмат кылам деген позицияда болгом. Экинчиден, менин бир топ партиялаштарым уюм менен буюмдун айырмасын түшүнбөй коюшту».

Ага чейин Адил Турдукулов шейшембидеги отурумда Момбековдун да партиянын катарынан чыгары айтылганын маалымдады:

«Биз кечээ Момбеков партиядан кетет деп түшүнгөнбүз. Балким жыйындан кийин ойлонуп көрүп ушундай чечим кабыл алгандыр. Ар кимдин өзүнүн чечими да».

Эми Атамбаевди колдогон КСДПнын саясий кеңешинин жаңы курамына байланышкан суроо ачык калды. Партиянын маалыматына караганда, саясий кеңештин жыйынында түзүлгөн кырдаал гана талкууланып, андан бөлөк чечим кабыл алынган жок.

Атамбаевди колдогон КСДПда жарака кеткени өткөн аптада ачыкка чыгып, Атамбаевдин уулдары Сейитбек жана Кадыр Атамбаев «Кыргызстан социал-демократтары» деп аталган өз алдынча партия түзүп алганы белгилүү болгон. Ага чейин депутат Ирина Карамушкина партиядагы кайчы пикирлердин учун чыгарып, Адил Турдукуловду, Кундуз Жолдубаеваны жана Асел Кодураңованы «Атамбаевди колдобой калышты, сатты» деп айыптаган, алар менен бир иштей албай турганын жарыялаган. Турдукулов тескерисинче Ирина Карамушкина менен саясий кеңештин дагы бир мүчөсү Темирлан Султанбековду жана Атамбаевдин уулдарын «жең ичинен сүйлөшүп алып, эч кимге айтпай жаңы партия түптөп алышты» деп сындап чыккан.

Атамбаевдин уулдарынын партиясынын расмий бет ачары азырынча боло элек. Бирок бул саясий уюм КСДПнын атрибуттарын колдонуп, күзүндө парламенттик шайлоого барары күтүлүп жатат. Эки партиянын аталышында аз эле айырма болгону менен «Кыргызстан социал-демократтардын» Кыргызстан социал-демократиялык партиясына (КСДП) тиешеси жок. Жаңы партия 2019-жылдын декабрь айында Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өткөн.

Алмазбек Атамбаевдин балдары КСДП ичиндеги ажырым боюнча комментарий бере элек. Сейитбек Атамбаев «Азаттыкка» «толук маалымат кийинчерээк берилет» деп жооп берди. Ушу тушта Атамбаев бийликте турганда «КСДПнын тизмеси менен парламентке келген депутаттардын иши кандай болот?» деп суроо салгандар чыгат.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров кийинки парламенттик шайлоодо кайсы партия менен барарын ойлонуп жатканын билдирди:

Төрөбай Зулпукаров.
Төрөбай Зулпукаров.

«Фракция - конституциялык өзүнчө орган, партия - өзүнчө орган. Партиянын чечимдери фракцияга таасир эте албайт. Бул эки башка маселе. Бизди убагында өздөрү чыгарып коюшкан. Саясий кеңештен да чыгарып салышкан. Өздөрү чыгарса биз аны эмнеге трагедия кылышыбыз керек? Бизде ар бир депутаттын шайлоо алдындагы планы, электораты бар да. Партиянын идеологиясына добуш берилди деген туура эмес».

Бул - Атамбаев бийликте турган кезде башкаруучу партия болгон КСДПдагы биринчи ажырым эмес. Мурдагы жана азыркы президенттердин ортосундагы саясий тиреш учурунда да уюм экиге бөлүнгөнү маалым. Азыр эми экиге эмес, иш жүзүндө үчкө бөлүнүп отурат. 2018-жылы түзүлгөн «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси, КСДПнын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абдрахмановду Юстиция министрлиги 2019-жылы КСДПнын лидери катары каттап, партиянын дарегин өзгөрткөн. Ал эми Атамбаевди жактаган тарапты депутат Асел Кодуранова убактылуу жетектеп калган болчу.

КСДПнын мүчөсү бойдон калган парламент депутаты Чыныбай Турсунбеков соңку жиктешүү мурдагы пикир келишпестиктин уландысы деп эсептейт. Ал тарыхы узун КСДПны сактап калуу аракети көрүлүп жатканын айтты.

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

«Партияга мүчө болгон миңдеген адамдарды элестетип, ошолордун көңүлү үчүн дегендей болуп турам. Болбосо, маселени кандай чечүүнү ойлогондор бар. Жакында эле Туйгунаалы Абдраимов (Ред: өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү, БШКнын мурдагы төрагасы, Атамбаевдин жакын санаалашы катары айтылып келген) менен сүйлөшкөм. Ал киши партияны жоготпоштун аракетин көрүп чуркап жүрөт. Башка да күчтөр бар окшойт. Балким ошол кишинин аракети менен бир нерсе болуп калаар. Болбосо, турмуш ошондой да. Ал партиянын атын жоготпой сактап калууга аракет кылып, жаңы партия түзүлүп жатканын көрүп атабыз. Сагынбек Абдрахмановду ээрчибегендер өзүнчө кетебиз деп аракет кылып, ал жакта да бөлүнгөндөр болду. Азыр партия бир жерге, бир жолго токтой албай атат. Ал эми фракция менен партиянын байланышы үзүлгөн. Фракциянын депутаттарынын дээрлик көпчүлүгү тагдырын, келечегин башка жактардан издеп жаткан чагы. Издеп кеткен десек да болот. Көзгө көрүнүп, элге алынган партия болгону үчүн лидерликти талашкан күчтөр пайда болду. Кырдаал ошого алып барды».

Чыныбай Турсунбеков кеп кылган Туйгунаалы Абдраимов Атамбаевди колдогон КСДПны жетектеши мүмкүн экени жана 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоого ушул партия менен барары тууралуу каңшаар буга чейин тараган.

Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө, эл арасында КСДП сыяктуу ири партиялардын мындай арабөк абалда калышы ар кандай бааланып жатат. БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев бул көрүнүш уланып, партия дагы алсырай турганын боолголоду:

Акылбек Сариев.
Акылбек Сариев.

«Биз партиялардын атын көргөнбүз, бирок затын көрө элекпиз. Өз кызыкчылыктары үчүн эле бириге калып, максатына жетип жүрүшөт. Мисалга 2015-жылдагы шайлоонун алдында түзүлгөн «Республика - Ата Журтту» алсак болот. Башында «бириккенбиз» деп айтышкан. Көп эл биригүү болду деп ойлогон. Кийин бирикпей эле жаңы партия түзүп алышканы ачыкка чыккан. КСДПдагы акыркы жагдайлар боюнча таң каларлык эч нерсе жок. Табигый эле көрүнүш. Бул партиянын эми ийгиликтерге жетиши кыйын. Алсырап калганын баарыбыз билебиз. Шайлоодо утуп эле парламентке келип калбаса, такыр иштебей да калышы ыктымал. Анын катарынан чыгып кеткендерге деле таң калып кереги жок. Партияны ушул деңгээлге жеткирген адамдын ал-акыбалына жараша партия да өз күчүн, таасирин жоготту».

КСДПнын мурдагы лидери Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында отурат. Ал 2019-жылдын август айында Кой-Таш окуясында камакка алынып, оор кылмыштар үчүн айыпталууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG