Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Оодарылган бийлик, ойлондурган кырдаал


Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Ошентип президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүү жөнүндө чечими коомчулукта түрдүүчө кабыл алынды.

Айрымдар муну туруктуулукту сакташ үчүн туура ойлонулган иш катары баалашса, башкалары мамлекет башчынын өзүнүн жана жакындарынын мурдагы аракеттери ушуга алып келгенин эске салышууда. «Азаттык» бир катар саясий жана коомдук ишмерлердин пикирлерин чогултту.

Президенттин чечими

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев ушу тапта Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткени жөнүндө видео кайрылуу кылып, журналисттерге, элге чыгып жарыялашы зарылдыгын белгилейт:

Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

“Биз президент кандай талап менен, кандай жагдайда кол койгонун билбейбиз. Тексти чыкты, бирок өзү видео кайрылуу кылып журналисттерге, элге чыгып жарыяласа ишенимдүү болот эле. Эртең Жогорку Кеңеш кабыл ала турган болсо өзү чыгып сүйлөп берсе эч кандай күмөн саноону туудурбайт эле. Себеби ага чейин жолуккан коомдук ишмерлер Эркебаев, Кулов «Президент кетпейм» деп айткан деп жазышты. Бир саатта эле ичинде эмне өзгөргөнү, ага эмне себеп болгону коомчулукта, маалымат айдыңында да суроолорду жаратып жатат», - деди Иманалиев.

Мурдагы акыйкатчы жана укук коргоочу Турсунбек Акун Жээнбековдун чечимин "аргасыз кадам" катары баалап, бирок процесстин арты жашыруун болуп жатканына кабатырланды:

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

«Президент 5-октябрдан кийин эле жалпы журтка кайрылып, кызматтан кетерин билдирген. Ал эки айдан кийинби же беш күндөн кийинби, кыскасы ушундай позициясын айткан. Ошондуктан анын кызматтан кетиши күтүлгөн нерсе эле. Бирок башка жагдай - «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзамга ылайык, өзгөчө абал учурунда президенттин ыйгарым укуктары башка адамга берилбейт. Ошондуктан мамлекет башчы 19-октябрдан кийин кетиши керек эле. Дагы бир маселе - мамлекет башчы кызматтан кетип жаткан себебин парламенттин, коомчулуктун алдында ачык айтышы керек. Премьер-министр менен болгон сүйлөшүүдө кандай сөздөр болду? Ошолор айкын болушу зарыл. Кызматтан кетишине мен каршы эмесмин, бирок анын артындагы кептер жашыруун болбошу керек. Коркутуу болду деп айта албайм, бирок ачык болбосо адамдарды ар кайсы ойлорго түртөт».

«Президенттин өзүнүн саясаты ушуга түрттү»

Абактан чыккандан бери мамлекет башчыны сындап келген саясатчы Бектур Асанов президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүү боюнча чечимин кубаттоо менен кабыл алды. Ал саясий кризистин фонунда президенттин кетпей турушун жактап жаткан, бирок кырдаалдын курчуп кетиши ушуга алып келди деп эсептейт.

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

«Президент өзү айткандай кан төгүлбөсүн деген максат менен ишин тапшырып берди, - деди ал. - Бул туура чечим болду. Себеби моралдык укугу да, элдин ишеними да төмөндөп кеткен. Бул бүгүнкү күндөгү саясий кризисти, чыңалууну түшүрөт. Башкача айтканда саясий температура басаңдайт. Эми бийлик талашып жаткан тарапка толук шарттар түзүлдү. Канчалык мыйзамдуу экени башка маселе, бирок бийлик ошол экинчи тараптын колуна өттү. Мындан аркы саясат ошолордун, Садыр Жапаровдун жана анын тарапташтарынын аракетине жараша болот».

Башка бир коомдук ишмер, саясий талдоочу Төлөгөн Келдибаев болсо мамлекет башчынын соңку чечими анын буга чейинки саясатынын жана анын жакындарынын аракеттеринин жыйынтыгы экенин айтты:

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

«Акырына чейин «укуктук алкакка кайталы» деп келбедиби? Бирок ага чейин, шайлоодо же башка процесстерде укуктук негизде иш жүргүзүштүбү? Жок. Өздөрү, президент баш болуп мыйзамсыз иштерди жасап жүрдү. Президенттин ушундай туңгуюкка кептелип калганына ошол аракеттери, президенттик аппараттын иши, айланасында билимдүү, стратегиялык ой жүгүрткөн адамдардын жоктугу себеп болду. Президенттин жүргүзгөн саясаты, «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Кыргызстан» партияларынын шайлоодогу аракеттери жана жергиликтүү бийлик органдарынын да сабатсыздыгы ушуга алып келди. Келип-келип мамлекет башчы кадыр-баркын кетирди. Ошондуктан президенттин кызматтан кетишин Кыргызстандын бүткүл аймагында туура эле кабыл алып жатышат».

Таза шайлоо өткөрүү талабы

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Кыргызстанда кырдаалды жөнгө салуу үчүн тез арада таза шайлоо өткөрүү зарыл экенин айтты. Президенттин милдетин эми премьер-министр аткара турган болду.

Аида Салянова
Аида Салянова

“Ошондо сот бийлигин эсепке албаганда өлкөдө бир эле бийлик калат. Президенттин дагы, премьер-министрдин ыйгарым укуктары бир адамга өтөт. Парламент ишин токтотот. Демократиянын кепилдиги - бийлик бутактарынын тен салмактуулугу түп тамыры менен жок болот. Баланстын жоктугу узурпацияга алып келиши толук мүмкүн. Эки бийликке ээ болуп калуу - олчойгон бийлик эле эмес, эбегейсиз жоопкерчилик! Жарандык коомдун дыкат көзөмөлү гана эки баштуу бийликти тизгиндей алат”- деди Салянова.

Саясатчы ошондой эле мындай кырдаалда “референдум жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес” деген пикирде. “Референдумду парламент гана жарыялай алат. Бирок жарыялаш үчүн парламенттин колунда элдин элегинен өтүп келген долбоор болушу керек. Андай долбоор жок. Парламенттин колунан келе турган өзгөрүү бул шайлоо босогосун 3% түшүрүп, күрөөнү кескин азайтып, №2 форманы чектөө. Конституциялык реформадан да бүгүн ушул маанилүү” - деди Салянова.

Конституциялык жолдон чыкпаш үчүн парламенттик жана президенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өткөрүүнүн маанисин мурдагы премьер-министр Темир Сариев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү шартта мыйзамга ылайык 20-декабрга чейин парламенттик, 15-январга чейин президенттик шайлоо өтүшү керек.

“Бирок эки шайлоону бир күндө өткөрсөк болот деп да айтып жатышат. Эгерде

Темир Сариев
Темир Сариев

бул шайлоону өткөрбөсөк, конституциялык нуктан чыгып кетебиз. Бирок 2010-жылы өзгөчө шарт болуп калганда Убактылуу өкмөт өзүнө бардык жоопкерчиликти алып, конституциялык реформа жүргүзүп, анын негизинде парламенттик шайлоо өткөргөн. Анда Конституциянын айрым пункттарын токтотуш керек. Бирок ал учурда өзгөчө шарт болгон үчүн эл аралык коомчулук, коңшу мамлекеттер аны кабыл алышкан. Бул жолу андай болбой калышы мүмкүн. Ошон үчүн саясатчылар акыркы абалды карап, конституциялык жол менен кетүүгө чакырышыбыз керек”-деди Сариев.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Коммунисттик партиянын лидери Исхак Масалиев өлкө үчүн кооптуу жагдай түзүлгөнүн эскертип, бул жерде премьер-министрликке келген Садыр Жапаровдун аракеттеринен көп нерсе көз каранды экенин белгиледи:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

«Конституцияда так жазылып турат. Үч айдын ичинде президенттик шайлоо дайындалышы керек. Балдарда акыл-эс болсо, «бийликтин бардыгын өз колумда кармайм» дебесе, өз жолу менен кетиши керек. Максаты башка болсо анда билбейм. Конституциянын нормасы боюнча президенттин милдетин аткарган киши президенттикке кое албайт», - деп кошумчалады экс-депутат.

Прогрессивдүү күчтөр биригеби?

Кыргызстандагы акыркы кырдаалда бийликтин бир колго топтолбошу үчүн бардык прогрессивдүү күчтөр чогуу иш алып барышы керек. Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Азаттыкка» билдиргендей, учурда Кыргызстанда абалды укуктук алкактан чыгарбай кармап турууда парламенттин мааниси чоң.

Алтынбек Сулайманов
Алтынбек Сулайманов

«Азырынча андай күчтөр жыйнала элек. Бирок андай кадамдар байкалбай турат. Бирок кырдаал ошого алып барабы деген ойдомун. Эртең Жогорку Кеңеш өзүн кандай көрсөтөт? Ошого абдан көп нерсе көз каранды», - деди Сулайманов.

«Жаңы шайлоо өткөндөн кийин кетсе болмок»

Президент Сооронбай Жээнбековдун жана анын иниси, депутат Асылбек Жээнбековдун буюртмасы менен абакта олтуруп чыкканын айткан милициянын полковниги Абдылда Капаров президентти жөн гана иштен кетирбей, аны жоопкерчиликке тартуу маселесин коюп жатат:

Абдылда Капаров.
Абдылда Капаров.

«Мен Жээнбековдордун 2010-жылкы июнь окуясындагы кылмыштуу аракеттерин айтып жүрүп, кайра өзүм жазага тартылып чыктым. Мен коогалаңда коомдук тартипти сакташ үчүн келген акча ушулардын колу аркылуу дайынсыз жоголгонун айткан болчумун. Ага карабай алар бийликте турду, соңунда Жээнбековдорго кызмат кылыш үчүн парламентке үч эле партия өтүп келгени элди кыжырдантты. Жаштар бирөө көзүнөн, колунан ажырап, бирөө өмүрүн кыйып, ушул бийликти уратты. Бирок «сүйлөшүү аркылуу кызматынан кетирдик» деген туура эмес, бул кишилерди камаш керек болчу. Бийликте тургандагы коррупциялык аракеттери, олчойгон суммада насыяларды алганы жана ошол эле июнь окуясындагы мыйзамсыз аракеттери үчүн ким жооп берет? Мен алар жооп беришин талап кылам».

Дагы бир коомдук ишмер жана эксперт Абдыжапар Аккуловду болсо президент кызматтан кеткенден кийинки Кыргызстандагы кырдаал, бийлик башындагылардын аракеттери түйшөлтүп жатат.

Абдыжапар Аккулов.
Абдыжапар Аккулов.

«Төңкөрүш дейбизби же ыңкылап дейбизби, айтор бийлик алмашуу жүзөгө ашты, - деди ал. - Коомчулук бардык саясий күчтөрдөн тынчтыкты, туруктуулукту сактоо жагынан аракет күтүп жатты. Парламент бир эмес, үч жолу жыйын өткөрүп, акыры премьер-министрди легитимдүү түрдө бекитип берди. Экинчи талап - ушул президенттин кызматтан кетиши болчу. Муну коомчулук күтүп жаткан. Албетте, жокко чыгарылган шайлоону кайра дайындап, өткөрүп, Жогорку Кеңештин жаңы курамы келгенден кийин, балким жаңы президенттик шайлоо жарыялангандан кийин кетсе болмок деген ойдо элем. Эми ага карабастан бүгүн учур башка болуп калды. Башка бир парадоксалдуу жагдай - «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары шайлоодо утуп чыкканы үчүн тополоң болсо, азыр кайра ушул үч партиянын лидерлери парламентти жетектеп калды. Менимче парламентке Мыктыбек Абдылдаев сыяктуу бейтарап адамдын туруп турганы жакшы эле. Кайра эле ошол эле күчтөргө келип калдык дегендей нааразылык болуп жатат. Эми болор иш болду. Мындан кийин татаалдашып кете тургандай кадам таштабасак. Кантсе да биз сүйүнүп, күтүп жаткан жаткан саясий күчтөрдүн да дымагы чоң экени көрүнүп жатат жана бул бизди кабатыр кылууда».

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын, УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.

Мындан кийин Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн. Бир катар саясий кыймылдар 8-9-октябрь күндөрү Жапаровдун өкмөт башчылыкка бекитилбешин талап кылган акцияларды өткөрүштү. Анын ичинде айрымдар Жапаровдун артында мурдагы бажычы Райымбек Матраимов турарын айтышкан. Жапаров муну четке каккан.

Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына бир добуштан шайланып, өкмөттүн сунушталган курамы жана түзүмү жактырылды.

13-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда кворум болуп, Канатбек Исаев спикерликке 78 добуш менен шайланган.

Президентке караштуу president.kg сайты 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялады. Анда Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Анын арызын парламент 16-октябрда карай турганы кабарланууда.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG