Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Бишкектин тышкы саясаттагы «тыныгуусу»


Тышкы иштер министрлиги.
Тышкы иштер министрлиги.

Президенттин жана премьер-министрдин милдетин бирдей аткарууга өткөн Садыр Жапаровдун өкмөтү эл аралык мамилени аз-аздан жөнгө сала баштады.

Айрым коңшу өлкөлөр Жапаровду тааный баштаса, тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги байланыштар жанданды. Мурдараак алыскы жана жакынкы мамлекеттер легитимдүү бийлик катары президент Сооронбай Жээнбековду колдоп жаткан.

Кайрадан жанданган аракеттер

Президент Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырып бергенден кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги расмий кайрылуу таратып, оор күндөрдө колдогону үчүн бардык эл аралык коомчулукка, коңшу мамлекеттерге, стратегиялык өнөктөштөргө жана эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдирди.

Министрлик мекемеге караштуу уюмдар, элчиликтер кадимки тартипте иштеп жатканын кабарлап, Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин толук кармана турганын, мурда кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу бардык келишимдерди, макулдашууларды катуу тартипте аткарарын тактады.

Ошол эле убакта кыргыз тарап өзүнүн чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен достук өз ара мамилелерди өнүктүрүүнү, инвесторлордун укуктарын коргоону жана Кыргызстандын аймагында турган чет өлкө жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууну үзгүлтүккө учуратпай турганын тастыктайт.

Жаңыдан кызматка дайындалган тышкы иштер министри Руслан Казакбаев эл аралык коомчулук менен ымаланы калыбына келтирүү аракеттери жанданганын билдирди.

Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

«Биздин бийликтин бардык бутактары Конституциябыздын, мыйзамдарыбыздын негизинде легитимдештирилди. Эми биздин аймактык уюмдарыбызда, анын ичинде Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) жана Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында, эл аралык коомчулукта легитимдешүү зарыл. Биринчи кезекте Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалын оңдоо зарыл. Азыр ошону менен алек болобуз», - деди министр расмий шайлангандан кийин журналисттер менен маектешип жатып.

Арийне, Руслан Казакбаев өкмөттүн жаңы курамында кызматка келери менен 15-октябрда Тажикстандын элчиси Назирмад Ализоданы, Казакстандын элчиси Кайрат Нурпеисовду, Өзбекстандын элчиси Хуршид Мирзахидовду жана Орусиянын элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Ошондой эле Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жетекчиси Сергей Лавров менен телефон аркылуу баарлашты. Казакбаев 16-октябрда Кытайдын элчиси Ду Дэвэнди жана Түркмөнстандын элчиси Шадурды Мередовду кабыл алса, АКШнын элчиси Дональд Лу менен видеобайланыш аркылуу сүйлөштү.

Байсалов: Кыргызстан дүйнөнүн көңүлүн тынчытты
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:40 0:00

Ал мындан сырткары Борбор Азия мамлекеттеринин жана Орусия Федерациясынын тышкы иштер министрлеринин үчүнчү жолку конференциясына видео аркылуу чыкты.

Сүйлөшүүлөрдө министр Кыргызстандын ички окуялары жөнүндө учкай баяндап, өлкө укуктук алкакка кайтып келгенин айтып, мындан аркы кызматташтыкты жыйындын катышуучулары менен талкуулады.

Буга улай эле Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов биринчи болуп Кыргызстандын жаңы премьер-министри Садыр Жапаровду кызматка дайындалышы менен куттуктады.

Азырынча башка өлкөлөрдүн жетекчиликтеринен куттуктоолор түшө элек. Ушундан улам да азырынча коңшу мамлекеттер жаңы кыргыз өкмөтүн тааный элек экенин айткандар көп.

Саясий серепчи Бурул Усманалиеванын оюн угалы.

«Мен чет өлкөлүк көп досторум, тааныштарым менен байланышып жаттым. Ар кайсы өлкөлөрдө Кыргызстанда бийлик зордук-зомбулук, кысым аркылуу алмашты деп эсептеп жатышыптыр. 9-октябрдагы кагылышуу, жарандык коомдун өкүлдөрүн уруп-согуу - ошонун баары эл аралык, анын ичинде АКШнын жана Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып жатты. Аз күн мурда эл аралык бир нече уюм да «президентти легитимдүү орган катары тааныйбыз» деп билдиришпеди беле. Бул «Садыр Жапаров түзгөн жаңы өкмөттү тааныбайбыз» деген кыйытуу да. Көп өлкөлөр кооптонуп, бизге бере турган жардамын токтото баштайт. Менимче бул өлкөгө терс таасир этет. Анткени биз COVID-19-вирусуна байланыштуу кризиске батып, сырттан алынчу жардамга муктаж болуп турабыз», - деди ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда кызматтан кетерин жарыялаганга чейин эл аралык коомчулук легитимдүү орган катары өзүн колдоп жатканын билдирип келген.

Президенттин аппараты 14-октябрда тараткан маалыматта, акыркы саясий окуяларга байланыштуу Орусия Федерациясы, Америка Кошмо Штаттары, Казакстан Республикасы, Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Падышалыгы жана ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму, Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы жана Евробиримдик туруктуулукту калыбына келтирүү жана бардык маселелерди укуктук алкакта чечүү максатында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду колдоп жатканы айтылган.

Буга 13-октябрда жасалган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин билдирүүсү жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак менен Бишкектеги жолугушуусу мисал катары келтирилип жаткан. Козак менен сүйлөшүүгө жаңы өкмөт башчы Садыр Жапаров да катышканы белгилүү.

Ага карабай, коомчулук күбө болгондой Жапаров президенттин кызматтан кетишин талап кылганын токтоткон жок жана Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда ордун биротоло тапшырып кетти. Натыйжада президенттин милдетин аткаруу да жаңы өкмөт башчыга жүктөлдү.

Тышкы саясат боюнча эксперт Аскар Бешимов кепке кошулду.

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

«Биз изоляцияда калабыз, биздин бийликти эч ким тааныбай коет деген ой туура эмес. Башка мамлекеттер деле биз менен мамилени үзүп салууга же изоляцияда калтырууга кызыкчылыгы жок. Жалпысынан бизде тынчтык орносо, бийлик алмашуу ачык-айкын жүрсө, баары мыйзам чегинде жүрсө, биздеги кырдаал коңшу өлкөлөргө коркунуч туудурбаса эле болду. Азыр тааныбаганы менен балким кийинчерээк өздөрүнүн билдирүүлөрүн жасайт. Бишкекте көп өлкөлөрдүн дипломаттары иштейт, алар да өз жетекчилерине маалымат берип турат дегендей. Азыр бизде баары өз нугуна түшүп жатат, алар эртең-бүрсүгүнү баары бир таанышат», - деди ал.

Жардам берүүнү токтоткон Орусия

Деген менен он күндөн берки саясий кризистин эл аралык аренадагы биринчи кесепеттери баары бир сезилди десек да болчудай. Азырынча расмий айтылбаганы менен Орусия бюджетти колдоо жана пандемия менен күрөшүү үчүн Бишкекке бере турган жардамын убактылуу токтоткону кабарланды.

Бул жөнүндө биринчилерден болуп баш кеңсеси Москва шаарында жайгашкан РБК басылмасы Орусиянын Финансы министрлигиндеги булагына жана федералдык аткаминерге таянуу менен жазды.

«Кыргыз Республикасындагы курчуп жаткан абалды эске алуу менен, өлкөдөгү саясий кырдаал турукташканга чейин жана бийлик органдары ишмердүүлүгүн толук калыбына келтиргенге чейин каржылык жардам көрсөтүү токтотулду», - деген булактардын бири бул басылмага.

2020-жылы Кыргызстан Орусиянын өкмөтүнөн түз жардам күткөн эмес. Бирок Бишкек Евразия өнүктүрүү банкына (ЕАӨБ) караштуу Евразия фондунан COVD-19 пандемиясынан шартында бюджетти колдош үчүн 100 млн. доллар финансылык насыя алмак.

ЕАӨБ - Евразия Экономикалык Биримдигине кирген мамлекеттердин жана алардын өнөктөштөрүнүн экономикасына көмөк кылуучу финансылык уюм. Анда уюмдагы Орусия, Казакстан, Армения, Беларус, Кыргызстан мамлекеттеринен сырткары Тажикстан да катышуучу болуп саналат. Бирок каржыны берген тарап катары негизинен Орусия чечүүчү роль ойной турганы айтпаса да белгилүү.

Кыргызстандын Финансы министрлиги жардам токтотулган-токтотулбаганы тууралуу Орусия тараптан же Евразия фондунан кат келбегенин билдирүүдө. Министрликтин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы адиси Нурбек Акжолов «Азаттыкка» мындай деди:

«Биз да РБК сайтына чыккан маалыматты окудук. Анын мазмуну боюнча биз эч кандай комментарий бере албайбыз. Бирок бизге эч кандай расмий кат келген эмес. Ошону үчүн Кыргызстан турукташкандан кийин фонд акча которуп берет деп үмүттөнөбүз».

Банк менен расмий Бишкек кеп болуп жаткан 100 млн. долларлык насыялык макулдашууга 2020-жылдын 11-августунда кол коюшкан. Бул жөнүндө өкмөттүн №435 токтому 24-августта чыккан. Жогорку Кеңеш бул боюнча мыйзам долбоорун 3-сентябрда үч окууда жактырып берген. Акча октябрдын башында которулары айтылып жаткан.

Финансы министрлигинин өкүлдөрү парламентте кабарлашкандай, быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу кыргыз өкмөтү сырттан жалпысынан 773 млн. доллар жардам сурады. Анын 597 млн. доллары насыя.

Ушул күнгө чейин бул сумманын 334 миллион доллары келип түшсө, сентябрдын башына карата анын 205 млн. доллары жалаң бюджеттин тартыштыгын жабууга колдонулган. Калган 129 млн. доллар Улуттук банктын эсебинде турганы маалымдалган.

Быйыл коронавирус пандемиясы башталгандан кийин кайра саналган бюджеттин таңкыстыгы 28-30 млрд. сомду түзөрү белгилүү болгон. Бирок жаңы премьер-министр Садыр Жапаров 14-октябрдагы парламенттин отурумунда дефицит 42 млрд. сомго чейин жетиши ыктымал болорун айткан.

Демек, кыргыз өкмөтү эл аралык коомчулуктун, башка өлкөлөрдүн жана дүйнөлүк финансылык уюмдардын колдоосуна жана жардамына быйыл өзгөчө муктаж десек ашыктык кылбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG