Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Эрнис Турсуновдун эстен кеткис көркөм мурасы


Эрнис Турсунов.
Эрнис Турсунов.

Кыргыз эл акыны, драматург, котормочу Эрнис Турсунов көзү тирүү болгондо 85 жашка чыкмак. Жакында анын өзү жашаган үйүнө эстелик тактасы илинди. Андан соң Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада акынга арналган иш-чара өттү.

Акын жана котормочу Эрнис Турсунов - XX кылымдагы кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Айрыкча дүйнөлүк поэзияны которуу жагынан ага теңдеш эмгек өтөгөн кыргыз акындары өтө сейрек кездешет.

Убагында ал Пушкиндин «Евгений Онегин» романын, Некрасовдун «Русь жеринде ким жыргайт» дастанын, Шекспирдин, Сервантестин, Гоголдун, Гоццинин, Брехтин, Хикметтин, Уайлдын, Теннесинин, Филиппонун, Ростандын, Альберт Камюнун, Вишневскийдин, Радзинскийдин, Афониндин, Дозорцевдин, Разумовскаянын драмаларын кыргыз тилинде сүйлөтө билген. Поэзия классиктери Данте, Петрарка, Катулл, Сафо, Марциал, Киплинг, Блейк, Байрон, Гёте, Шиллер, Гейне, Андерсен, Мицкевич, Петефи, Гартман, Верхарн, Топелиус, Мейер, Тувим, Лонгфелло, Эдгар По, Рудаки, Руми, Гафиз, Лермонтов, Тютчев, Есенин, Маяковский ж.б. чыгармаларын которгон.

Ал мусулмандардын ыйык китеби Куранды жана христиандардын ыйык китеби Библияны биринчилерден болуп кыргызчага оодарган.

Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө акын, адабиятчы Аида Эгембердиева Эрнис Турсуновдун кийинки жылдардагы акындык мурасына көңүл бурду:

Аида Эгембердиева.
Аида Эгембердиева.

«Бизде тарыхый роман жанры постсоветтик учурда абдан күч алган. Ошол убакта Эрнис Турсунов «Балбай» деген тарыхый чыгармасын жазган. Көзү өткөн соң кол жазмаларын терип, кызы «Кыдыр акенин баяны», «Хан теңири» деген китептерин чыгарды. «Кыдыр акенин баянында» Көлдөгү жети акенин бири боюнча сөз болот. Ал эми «Хан Теңири» китебинде Чокон Валихановдун эмгеги тууралуу айтылат. Дүйнөлүк антологияны эң мыкты акындардын бирден ырын которуп түзгөн. Анын эң акыркы китеби «Муктаждык» деп аталат. Ал китептин баш сөзүн Дарика Жалгасынова жазган. Агайдын калтырган мурастарынын арасынан Пушкиндин чөбөрөлөрү жазган каты бар экен. Катта: «Сизге чоң рахмат, биздин бабабыздын чыгармаларын кыргыз тилине которуп, кыргыз элине жайылтып жатканыңызга. Ылайыгы келсе Кыргызстанга барабыз», деп жазышыптыр. Агайдын чыгармалары изилдөөгө муктаж».

Адабиятчы, жазуучу Дүйшөн Керимов Эрнис Турсуновдун басып өткөн жолундагы өзгөчөлүктөрүн айтып отурду:

«Бул киши алгач акын катары таанылды. Ал кийинчерээк драма, пьесаларды, либреттолорду жазган. Көп кырдуу эле да. Ырларынын арасында «Сен аялсың» деген ыры менен Татыбүбүгө арналган поэмасы не деген керемет чыгарма! Улууларды улуулар көрөт дегендей Рыспай Абдыкадыров Эрнис абанын ырларын ырдап жүргөн.

Мисалы,

«Айланып көлгө конбосоң,

Ак куулар сени сагынаар» деген ырына карабайсызбы, не деген ажайып саптар...

Анын өтө мыкты жазылган «Ата журт» чыгармасы бар. Мен бул кишини бир сөз менен айтканда «Санжы сынчы» деймин.

- Башка котормочулардан Эрнис Турсуновдун котормочулугунда кандай өзгөчөлүгү бар эле?​

XIX кылымдагы кыпчактардын каны бар, венгр акыны Шандор Петёфинин «Сулууга» ырын которгон, ошондон үзүндү окуп берейин:

Өтө ширин эң артык,

өбүшүүдөн эмне артык?

Өзүн көздөй бек тартып,

өөп турсаң сен балкып,

Андан өткөн эмне бар?

Айтсаң боло эрке жар,

Көрк болбойбу гүл деген,

Көрктөндүрөр түр менен.

Аял болсо шат болсун,

Назик болсун, чак болсун.

Өзүңө окшош кара каш,

Өбүшкөнү бат болсун.

Дүйшөн Керимов.
Дүйшөн Керимов.

Бул кишиде жыныс боюнча же курак боюнча бөгөт болгон эмес, ал баары менен жуурулушуп сүйлөшө берчү. Окумалдыгынан котормолорду укмуш которгон. Анын ар бир которгон эмгеги - антология. Ал Библия менен Куранды буюртма менен которгон. Анткени, андай мыкты китеп которгон котормочу жок эле да. Куран - өзүнчө ыйык китеп. Ал бул китепти поэтикалык негизде которгон. Орустар мыкты которулганын айтып жүрүшөт. Эгемендик алган соң башаламандык башталып акча төлөнбөй калганда заказ менен иштеп калган».

Эрнис Турсунов Фрунзе шаарында 1935-жылы 24-августта туулган. Жогорку билимди Москвадагы М.В.Ломоносов атындагы университеттен жана Кыргыз мамлекеттик университетинен алган.

«Кыргызфильм» киностудиясынын сценарий бөлүм башчысынын орун басары, Тажикстандын жана Кыргызстандын мектептеринде орус, кыргыз тилдеринен мугалим, «Мектеп» басмасында улук редактор, «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, Кыргыз телерадио комитетинде башкы редактордун орун басары, Кыргыз академиялык драма театрында адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.

Эрнис Турсунов телерадио комитетинде иштеп турганда «Биздин радиотеатр» деген радиоуктурууларга мыкты драмаларды сунуш кылып, классикалык көркөм чыгармаларды фондуга жаздырган.

Эрнис Турсуновдун уулу Канатбек Турсунов атасынын чыгармачылыгына шарт түзүүдө апасынын эмгеги чоң болгонун баса белгиледи:

Александр Пушкиндин «Евгений Онегин» романы Эрнис Турсуновдун котормосунда.
Александр Пушкиндин «Евгений Онегин» романы Эрнис Турсуновдун котормосунда.

«Атам ак пейил, шыдыр жүргөн жан эле. Жазуучулардын түйшүгүн жакшы билесиңер да, апам баарын түшүнүп, атамды колдоп, бизди колунан келишинче өзү жалгыз карады. Экөө 58 жыл чогуу жашады. Эрнис Турсуновду Эрнис Турсунов кылган апабыз Жамила Исмаилова. Атам улуу аксакалдар менен сүйлөшкөндө, туулуп-өскөн айылына барганда эргүү алчу. Апам атамдын үй-бүлө түйшүктөрүнөн, тууган-урук менен карым-катнаш мамилелеринен толук бошотуп өзү чеччү. Ашыкча иштерге убактысын короттурбай, иштегенге, жазганга шарт түзүп берген.

Бизди өзү «колуңардан келсе, маданиятка , саясатка барбагыла» деп айтар эле. Өзүнүн балдарынан маданиятка жакын эч кимибиз чыккан жокпуз. Бир тууган эжемдин кызы, жээнибиз учурда Москвадагы чоң опера балет театрында бийчи болуп эмгектенет. Анын өзүнүн бий студиясы бар. Ал эми эң кичүү карындашым Рахат өзү демөөрчүлүк кылып атамдын түбөлүктүү өмүрүн улантып, фондун түзүп, китептерин чыгарып, эстелик такталарын илип, көчөлөргө ат койдуруп жүрөт».

Эрнис Турсуновдун кызы Рахат Турсунова атасынын мурасын сактоо жана жайылтуу иштери тууралуу айтып берди:

«Мен атамдын үйүндө турамын. Атамдын бардык китептерин улуу агамдын үйүн архив кылып, ошол жакка жайгаштырганбыз. Биз 2020- жылы «Хан Теңир», «Кыдыр акенин баяны» китептерин чыгардык. Котормолорун чыгарганга аракет кылып жатабыз. 1982-жылы которулган «Евгений Онегиндин» котормосун быйыл Маданият, маалымат жана туризм министрлигине бергенбиз, тендерден өтсө китеп болуп чыгат. Чолпон-Ата шаарындагы бир көчөгө Эрнис Турсуновдун аты коюлду. Курандын котормо китебин «Улуу тоолор» басмаканасынан 3-ирет чыгардык. Атамдын өзү олтурган ордундагы креслосу, иштеген бөлмөсү атам барда кандай болсо, ошол боюнча турат. Ал тургай атам достору, замандаштары менен эс алган конок бөлмөдөгү орду да ошол боюнча, эч өзгөрткөн жокмун. Бир гана атам жетишпейт...».

Эрнис Турсунов кыргыз театрынын сахнасында коюлган «Ай чырайлуу кыздар», «Чындык ийилет, бирок сынбайт», «Эрки күчтүүлөр», «Замандаш», «Баш мээси менен», «Байтик баатыр» сыяктуу драмалары, «Олжобай менен Кишимжан», «Балбай менен Ормон», «Жусуп Баласагун» деген опералык либреттолору менен элге таанылган. Ал 2014-жылы 11-июнда каза болгон.

XS
SM
MD
LG