Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:07

Сабатсыздыктын сазына баткан үгүт


Саясий партиялардын сынга кабылган баннерлери.
Саясий партиялардын сынга кабылган баннерлери.

Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын үгүт материалдарында каталар байма-бай кездеше баштады.

Саясат талдоочулар мындай көрүнүштөр партиялардын сабатсыздыгынан кабар бере турганын айтып жатышат.

Катасы көп «Кыргызстан»

Парламенттик шайлоого катыша турган «Кыргызстан» партиясынын штабы соңку бир жуманын ичинде эле эки курдай жаза басты. Партия өкүлдөрү биринчи жолкусунда жылнаамадан ката кетирип, декабрь айын 30унан жаңыртып коюшкан. «Кыргызстан» партиясы бир күндүн кемип кетишин техникалык ката деп түшүндүргөн эле. Баннердеги кемчиликти видеого тартып алган жаран «Жаңы жылды 30-декабрда тособузбу?» деп суроо салган.

Партиянын кийинки катасы да баннерлерге байланыштуу. Бул жолкусунда «Кыргызстан» менен шайлоого бара жаткан «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын жетекчиси Айтмамат Назаровдун сүрөтүнө партиянын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун аты жазылып калган.

Мындан тышкары партиянын «Жүрөгүмдө Кыргызстан» деген ураанында да ката бар. Ал жердеги биринчи сөздөгү «Г» тамгасынын ордуна «F» тамгасы жазылып турганын көрүүгө болот.

«Кыргызстан» партиясы үгүт материалдарындагы каталар боюнча комментарий бере элек. Бул партия менен шайлоого аттанып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов да кеңири жооп бергиси келген жок:

«Каталарды мен деле социалдык тармактардан көрдүм. Мен аны түшүнгөн деле жокмун. Маалыматым жок болгондуктан бир нерсе деп айта албайм».

Үгүт иштеринин алкагында ката кетиргендердин катарында «Биримдик» партиясы да бар. Интернет колдонуучулары партиянын birimdik.org сайтында Орусиянын мыйзамдарына шилтеме келтирилгенин байкашкан. Ал жерде «Чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдар, сот тарабынан жөндөмсүз деп табылган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Орусия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык партиянын мүчөсү боло алышпайт», деп жазылган.

«Биримдик» партиясынын расмий өкүлү Адилет Султаналиев ката боюнча мындай түшүндүрмө берген:

«Сайтты сынап жаткан учурда ката кетип калган. Ал иштей элек кезинде мунун баары кандай көрүнөрүн билиш үчүн толтурулган жана тилекке каршы сайт иштей баштагандан кийин да ошол ката калып кеткен».

Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков партиялардын ураандары менен программаларында түшүнүксүз сүйлөмдөр көп кездешерин айтып жатат. Анын пикиринде, үгүт материалдарындагы каталар партиялардын элди сыйлабаганын жана алардын сабатсыздыгын көрсөтүп турат.

«Партиялардын саясий технологдору - кыргыз тилин билбеген, Орусиядан же башка өлкөлөрдөн келген адистер. Алар негизги идеяны бергени менен жанагыдай каталарды карай алышпайт. Мындан тышкары талапкерлер да сабатсыз. Анткени талапкерлер, партия лидерлери үгүт материалдары коомго чыкканга чейин бир нече жолу карашат. Демек катаны тапканга алардын дарамети жеткен эмес да».

Үгүт материалдары үчүн «Замандаш» партиясы да сынга кабылды. Буга уюмдун атынан илинген баннердеги маркум, 2011-жылы каза болгон партиянын негиздөөчүсү Мухтар Өмүракуновдун сүрөтү себеп болууда. Интернет колдонуучулары Мухтар Өмүракуновдун көз карашы, карманган багыты «Замандаштын» азыркы курамы менен шайлоого бара жаткан кээ бир саясатчылар менен дал келбей турганын жазып жатышат. Партиянын басма сөз катчысы Эрлан Бекчоро уулу төмөндөгүдөй түшүндүрмө берүүдө:

«Ат-Башы районунда илинип турган Мухтар Сүйүналиевичтин баннерине «Замандаш» партиясынын тиешеси жок. Болгону ошол айылдын активисттери өзүнүн агасынын сүрөтү түшүрүлгөн баннерди илип койгон. Бул маалымат социалдык тармактарга тарап кеткенден кийин «Замандаш» партиясы ал баннерди алдырды».

«Социал-демократтар» менен «Мекенчил» партиялары үгүт иштеринде негизги басымды түрмөдө отурган Алмазбек Атамбаев менен Садыр Жапаровго жасап жатышат. Борбордук шайлоо комиссиясы көзү өтүп кеткен же соттолгон адамдарды үгүт иштерине колдонгонго тыюу салган мыйзам жок экенин билдирди.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев беренелерге өзгөртүү киргизүү керек деп эсептейт.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

«Шайлоо боюнча мыйзамдын мүчүлүштүктөрү көп эле экен, - деди Молдалиев. – Соттолуп кеткен адамдардын сүрөтүн бакыйтып көчөгө илип койгон жакшы көрүнүш эмес. Жогорку Кеңеш тиешелүү беренеге өзгөртүү киргизиши керек. Адам соттолгондон кийин кылмышкер болуп эсептелет. Бул маселенин моралдык жагы да бар. Азыр өзгөртүп албасак кийинки шайлоодо кримавторитеттин сүрөттөрү илине башташы толук мүмкүн да».

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешин шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия катышат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG