Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Дубайда кыргыз жигити соттолууда


Дубай.
Дубай.

Дубайда кыргызстандык мигрант мекенине кетирбей койгону үчүн жетекчисин өлтүрүп койгон деген шек менен соттолууда.

Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) иштеген кыргызстандык 21 жаштагы жигит киши өлтүрүү үчүн айыпталып жатканын Кыргызстандын Дубайдагы консулу Айбек Маматбеков «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, кыргызстандык мигрант катышкан окуя быйыл июнда коронавирус пандемиясы күчөгөн убакта болгон.

«Июндун ортосунда болгон окуянын чоо-жайын билебиз. Ал Тышкы иштер министрлиги менен Башкы консулдуктун көзөмөлүндө. Шектүү 1999-жылы туулган кыргыз жараны. Аны менен консулдуктун кызматкери тыгыз байланышып турушат. Биз жергиликтүү полиция, тергөө кызматкерлери менен байланышып, тергөө учурунда анын укугун коргоо боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. Шектүүнүн ата-энеси менен да түз байланыштабыз».

Тергөөгө жана белгилүү себептерге байланыштуу киши өлтүргөн деп айыпталып жаткан жигиттин аты-жөнү жана окуянын чоо-жайы ачык айтылбайт. Маалыматтарга караганда, кыргызстандык катышкан деген кандуу окуяга бул жигит менен анын жетекчисинин ортосундагы пикир келишпестик себеп болгон.

Дубайдагы индустриалдык жайлардын биринде иштеген жигит июндун ортосунда мекенине кайтуу үчүн жетекчисинен уруксат сураганы, бирок ал ага көнбөй койгондуктан уруш чыгып, анын аягы кандуу окуя менен бүткөнү айтылууда. Каза болгон адам - БАЭнин жараны эмес, чет өлкөлүк ишкер.

Кыргызстандын Дубайдагы консулу Айбек Маматбековдун маалыматына караганда, кылмышка шектүү мигранттын алгачкы соттук иши ушул айда болду. Кийинки териштирүү октябрдын башына белгиленген. Консулдук жараянга көз салууда.

Эмираттардын мыйзамдары боюнча киши өлтүрүү жана баңгизат колдонуу, сатуу, жайылтуу эң оор кылмыш болуп саналат. Башка араб мамлекеттеринен айырмаланып, бул өлкөдө өлүм жазасы жок. Бирок соттун чечими менен мындай кылмыштарга күнөөлүү деп табылгандар өмүр бою түрмөгө кесилет.

Учурда Дубайдын түрмөлөрүндө алты кыргызстандык жазасын өтөп жатат. Алардын арасында баңгизатка байланыштуу 25 жылга соттолгон жаран да бар.

Негизи чет мамлекеттерде мындай оор тагдырларга көбүнчө жаштар кабылып жатканын статистикадан улам байкоого болот.

Миграция тармагы боюнча эксперт, тышкы иштер министринин кеңешчиси Алмаз Асанбаев жаштайынан чет мамлекеттерде иштөө кыргызстандык жаштардын психикасына оор таасир этип жатканын белгиледи:

«Чет мамлекеттерде жүргөн кезде үй-бүлөсү жок, моралдык жактан колдогон эч ким жок болуп калат. Жаштарга жаңы жерге моралдык жактан да көнүп кетүү, ыңгайлашуу оор. Албетте, кээ бирлери зирек болот, кээ бирлери өзүн таштап коюшу мүмкүн. Ар бир адамдын мүнөзүнө жараша болот. Сөз болуп жаткан кыргызстандык жигит Дубайда болбосо Кыргызстанда деле өзүн кармай албай ушундай кадамга барышы деле мүмкүн эле. Бир чети бул жерде жалаң гана миграция таасир этти деп айтууга деле болбойт. Адамдык сапаттарга, алардын басып өткөн жолуна, тарбиясына көңүл бурат элем».

Дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясынан Бириккен Араб Эмираттарында убактылуу жашап-иштеген мигранттар да четте калган эмес.

Дубайдагы кыргызстандык мигрант Бекмурат мындай деди:

«Коронавирус пандемиясы Дубайдагы мигранттарга оор таасирин тийгизди. Бул жер туристтик аймак болгондуктан, мигранттар көбүнчө тейлөө тармагында иштечү. Айлыктар 50% кемиди. Күнүмдүк тамак-аштан артпай калгандыктан мекенге кайтууга мажбур болгондор көп болду. Менин ишим кыскарбагандыктан, кеткен жокмун. Бирок тааныштарым кыйналып жатышат. Айрыкча мейманканаларда иштегендер. Кээ бирлеринин маяналары азайды, айрымдары үч-төрт айга иштен бошоп калышты. Иш берүүчүлөр мурдагыдай тамак-ашка өзүнчө каражат бөлбөй калышты. 300 доллар гана айлык менен иштегендер бар. Тамак-аш, чай-чакадан башка эч нерсе арттыра албай калгандар да кездешет».

Дубайдагы консулдукта быйыл 2945 кыргызстандык каттоодон өткөн. Каттоого турбагандарды жана ал жакка убактылуу ишке баргандарды кошкондо алардын саны болжол менен 3,5 миңге жетет.

Коронавирус пандемиясында чартердик каттамдар менен эки миңге жакын кыргызстандык өлкөдөн чыгып кеткен.

Августта БАЭ менен туруктуу аба каттамдары калыбына келгендиктен мигранттар кайра бул өлкөгө кайта баштаган.

XS
SM
MD
LG