Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:13

COVID-19: Эл коопсуздукту эске алган жок


Ленин райондук калкты тейлөө борборунда кезекке тургандар. 21-май, 2020-жыл.
Ленин райондук калкты тейлөө борборунда кезекке тургандар. 21-май, 2020-жыл.

Кыргызстанда 21-майдан тартып соода борборлору, автоунаа базарлары менен мал базарлар, мейманканалар жана калкты тейлөө борборлору иштей баштады.

Мамлекеттик каттоо кызматынын тейлөө борборлорунда эл көп топтолуп, дээрлик бардык жерде санитардык-гигиеналык эрежелер сакталбаганы байкалды.

Өлкөдө коронавирус 1300дөн ашык кишиден табылды. Дарыгерлер санитардык ченемдер бузула берсе, вирустун экинчи толкуну пайда болорун, кыргыз медицинасы аны көтөрө албай турганын эскертип жатышат.

Тейлөө борборлорундагы кезек

Бишкектин Ленин райондук калкты тейлөө борборунда документ иштерин бүтүрүш үчүн келген кишилер көп. Эртең менен узун кезектин айынан уруш-талаш болуп эл түшкө жуук гана кичине тартипке келди. Жарандарды тейлөө борборунда өкмөт, Саламаттык сактоо министрлиги эскертип жаткан адамдар арасындагы 1,5 - 2 метр аралык да сакталган жок.

Ушундай эле көрүнүш жана элдин көп топтолушу калаадагы дээрлик бардык тейлөө жайларында байкалды. Бишкектеги №3 калкты тейлөө борборунун жетекчиси Самат Иманкулов муну мындайча түшүндүрдү:

Самат Иманкулов.
Самат Иманкулов.

«Биздин кызматкерлер карантин учурунда да бир-экиден келип элди кабыл алуу иштерине даярдык көрүштү. Бүгүн эл эки ай мурдагыга салыштырмалуу төрт-беш эсе көп келүүдө. Мен сыртка чыгып, адамдардан «1,5 - 2 метр аралыкты сактагыла» деп суранып жатам. Ал эми биздин кызматкерлер менен жарандардын ортосунда тосмо орнотконбуз. Адамдарды ушундай тартипте кабыл алып жатабыз».

Ленин райондук калкты тейлөө борборунун ичинде кезек байкалбайт. Кишилер да ортодогу социалдык аралыкты сактап жатканын көрдүк. Бирок тышта абал такыр башка.

«Эч кандай логика жок. Ичинде талапты аткарып жатышат. Эшикте болсо эл бири-бирин тебелеп жүрөт. Анда борбордун ичинде эреженин сакталышынын эмне кереги бар? Баары бир аралашып жүрүшпөйбү. Сыртта 150-200 кишиден эки жакта кезекте турат. Эгер адамдар 1,5 - 2 метр аралыкты сактаса көчөгө чейин чыгып кетет. Эл милицияны да, бири-бирин да укпайт», - деди тейлөө борборуна келген Саламат Иманов.

Коронавируска байланыштуу киргизилген карантинден улам башка ишкана-мекемелер сыяктуу эле Мамкаттоонун элди тейлөө борборлору да убактылуу жабылган болчу. Бул борборлордо жарандардын өзүнө, мүлкүнө байланыштуу документтин бардык түрү берилет. Кезекте тургандардын көбү Кыргызстандын аймагында каттоо мөөнөтүн узартыш үчүн келген чет өлкөлүк жарандар экен. Өкмөт алар өзгөчө абал режими алынгандан кийин 10 иш күнүнүн ичинде каттоосун узартышы зарыл деп эскертти.

№3 калкты тейлөө борборунда кезекте турган Элиза Жамангулова сөзгө кошулду:

«Элдин баары эле эрежени унутуп коюшкан окшойт. Жумушун бүтүргөнгө шашып эле тытынып жатышат. Коопсуздук жөнүндө ойлогон эч ким деле жок».

Жарандарды тейлөө борборуна кезекке тургандар. 21-май, 2020-жыл.
Жарандарды тейлөө борборуна кезекке тургандар. 21-май, 2020-жыл.

Соода борборлорунда иш солгун

Экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун үчүнчү баскычында 21-майдан тартып соода борборлору, автоунаа базарлары менен мал базарлар, мейманканалар, кийим-кече саткан базарлар, менчик жана үй-бүлөлүк мончолор жана эмерек кураштыруу, оңдоо ишканалары жумушун жандантты. Ири соода борборлорунда азырынча элдин агымы анча байкалбайт.

Бишкектеги соода борборлорунун биринин коммерциялык бөлүмүнүн жетекчиси Гүлнура Алыбекова санитардык-гигиеналык эрежелер тууралуу комментарий берди:

«Биз бүгүн гана ачылгандыктан азырынча көп деле киши жок. Албетте, азыр коронавирус жугуу коркунучу бар. Биз санитардык эрежелерди сактайлы деп маалымат иретинде баракчаларды илип, санитайзерлерди койдук. Инфекциянын жайылышына каршы чара көрүп жатабыз».

Өкмөт иштеп чыккан эреже боюнча соода борборлорунун, дүкөндөрдүн администрациясы жарандардын дене табын ченеп, адамдар ортосундагы 1,5 - 2 метр социалдык аралыкты сактоону камсыз кылышы керек. Азырынча соода түйүндөрдөгү тамак-аш ичкен жайлар жана балдар ойной турган аянтчалар ачылбайт. Мындай борборлордон тышкары Бишкекте кийим-кече саткан дүкөндөрдө да кардарлар анча көп эмес.

«Бизде жазгы кийимдер сатылбай калды. Бул кийим саткан дүкөндү ачкандан кийин бир жумадан кийин эле карантин болуп жабылып калганбыз. Азыр эми толугу менен жайкы товарларды алып чыктык. Бирок күзгө чейин соода жакшы болбойт го. Анткени тамак-ашка акча табылбай жатса кийимди алышабы, белгисиз», - деди соодагер Кубан Абылкасымов.

Коомдук транспорт жана коопсуздук

25-майдан баштап Кыргызстанда коомдук транспортко, анын ичинде автобустарга, троллейбустарга жана кичи автобустарга уруксат берилгени турат. Ошондой эле жайкы кафелер жана ресторандар (50 орундуктан ашык эместери, коноктор арасында 1,5 - 2 метр аралык так сакталышы зарыл), театр, музей, көргөзмө залдары, китепканалар жана маданий агартуу жайлары ишин баштайт.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Республикалык штаб айдоочулар коомдук транспортко адамдарды орундуктар толгуча гана сала аларын, кирүүдө жана отурууда сөзсүз беткап тагынуу эрежеси сакталышы керек экенин билдирди. Бишкекте маршрутка айдап иштеген Марлис Мамбетов кишилерди салууга киргизилген чектөөдөн улам айдоочуларга киреше түшпөй каларын айтты:

«Коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча талап өзүбүз үчүн керек. Бирок кишилерди орундуктарга эле отургузсак, биз акча таппай деле калабыз. Азыр май, машиненин тетиктери кымбат. Кишилерди орундуктарга эле салганда бизге акча артпай калат. Күнүмдүк жашообузга да жетпей калат. Ал эми беткап тагынуу, антисептик алып жүрүү боюнча талаптар туура».

Коомдук транспорттун ишине уруксат берилиши коомчулукта кайчы пикир жаратты. Айрымдар бул вирустун жайылышына шарт түзөт деп кооптонуп жатышат.

21-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1313 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 929 бейтап айыкты. Акыркы күндөрү чет жактан келген эмгек мигранттарынан вирус көп чыгып жатат. Кардиохирург, профессор Калдарбек Абдраманов экономикалык чаралар жумшартылганы менен коомдук жайларда карантиндик коопсуздук сакталбаса, абал начарлап кетиши ыктымал экенин эскертти:

Калдарбек Абдраманов.
Калдарбек Абдраманов.

«Биз чоң тобокелчиликке бардык. Соода борборлору ачылып, коомдук транспорт иштей баштаса коронавирус коркунучу эки эсе көбөйөт. Кудай сактасын, вирустун экинчи толкуну болбой эле койсун. Эгерде бул болуп кетсе Кыргызстандын медицинасы ага туруштук бере албайт. Бизде саламаттык сактоо тармагы коронавирус жок эле араң келаткан. Азыр дарыгерлер чарчап калды. Көбү өздөрү вирус жугузуп алды».

Бишкекте 25-майдан тартып уруксат бериле турган ишкана-жайлардын тизмесине спорттук, тренажердук залдар, фитнес-клубдар жана бассейндер да киргизилди. Мындай чечим Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабда кабыл алынды. Контакт боло турган, командалык, жамааттык спорттун түрлөрүнө кирген футбол, күрөш, бокс, баскетболго уруксат азырынча жок.

Этияттыкты унуткан эл
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:11 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG