Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Коронавирустун очогуна айланган ооруканалар


Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан өспүрүмдү дарылап жаткан адистер.
Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан өспүрүмдү дарылап жаткан адистер.

Бишкектеги Онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө коронавирус жуккан 14 адам катталды, анын сегизи балдар. Буга байланыштуу бөлүм 20-майдан тартып карантинге жабылды.

Онкология жана гематология борборунда дарыланып жаткан сегиз баладан тышкары балдарын карап жаткан үч энеге, бир дарыгерге жана эки медайымга да коронавирус жукканы аныкталды.

Борбордун директору Эрнис Тилеков оору кайдан, кантип чыкканы тууралуу буларды айтты:

Эрнис Тилеков.
Эрнис Тилеков.

«4-майда бир чоң эне небересин карап биздин бөлүмдө жатып, кийин ооруканадан чыгып кеткен. 16-майда ал жашаган жеринен (Панфилов району) коронавирус табылган. Ошого байланыштуу бөлүмдө иштеген медицина кызматкерлеринен, дарыланып жаткан балдардан, аларды карап жаткан ата-энелерден анализ алынып, бул бөлүмгө карантин эрежелери киргизилди. Анализдери чыккандан кийин кимде вирус аныкталса, ошол эле бөлүмдө дарыланат. Ал эми таза чыккандары обсервацияга жаткырылат».

Эрнис Тилековдун айтымында, Онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндөгү 120 адамдан анализ алынган. Бөлүм 20-майдан тартып карантинге жабылгандыктан жаңы келип жата турган балдар үчүн башка бөлүмдөн койкалар даярдалды.

Акыркы эки айда Кыргызстандагы бир канча ооруканадан вирус чыккан. Бишкектеги №17, №14 жана №3 үй-бүлөлүк медицина борборлорунан, №6 төрөт үйү катары көпчүлүккө белгилүү болгон Бишкектеги Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордон жана Нарын облустук төрөт үйүнөн вирус чыгып, карантинге жабылган.

Адистер Саламаттык сактоо министрлигинин ооруканаларда вирусту жайылтпоо максатында жасап жаткан иштерин чабал деп баалашууда. Медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев аларга мындай баа берди:

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

«Онкологияда дарыланып жаткан балдардын дарты - өлүмгө алып барчу оорулар. Андагы балдардын иммунитети ансыз деле начар. Араң жан балдар эми коронавирусту көтөрө алышпайт. Вирус башка ооруларды аябай күчөтөт. Онкология андан да жаман болушу мүмкүн. Ушундай кырдаалда балдар бөлүмүн жакшылап караш керек эле. Бизде өрт чыккандан кийин гана кыймылдай башташат. Бул туура эмес. Ооруканаларда көзөмөлдү эртерээк эле күчөтүш керек эле. Азыр кеч болуп калды. Эми калган ооруканаларда көзөмөлдү күчөтүп, бейтаптарды дарылоодо эки зонага бөлүш керек. Ооруканага жата турган адам алгач тест тапшырып, обсервацияга жаткырылып, баары таза чыкканда гана жалпы бөлүмгө которулушу керек».

Ал арада вице-премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык мекемелерде, айрыкча төрөт үйлөрүндө жана балдар бөлүмдөрүндө COVID-19 жугузууга жол бербеш үчүн инфекциялык көзөмөл системасын күчөтүүнү Саламаттык сактоо министрлигине тапшырды.

Кыргызстанда коронавирус алгач 18-мартта катталган. Соңку бир сутка ичинде дагы 43 адамга коронавирус жукканы аныкталып, 21-майга карата Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандар 1313 кишиге жетти. Алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болсо, 929 бейтап айыгып чыкты. Кыргызстандагы кырдаал боюнча саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат берди:

Нурболот Үсөнбаев.
Нурболот Үсөнбаев.

«Бүгүнкү күндө биздин ооруканаларда 370 бейтап дарыланып жатат. Оор абалдагы 12 бейтап бар. Жандандыруу бөлмөсүндө беш бейтап дарыланууда. Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 43 адам жаңы катталды. Алардын көбү Бишкек шаарында – 22 адам (бири Санкт-Петербургдан келген жаран), Нарын облусунда сегиз, Ош шаарында бешөө, Ош облусунда төртөө, Баткен облусунда экөө жана Чүй облусунда бирөө».

Кыргызстан коронавирус коркунучуна байланыштуу эки айдан ашык карантин режиминде жашап жатат. Ал арада 21-майдан тартып айрым мекеме-ишканалар ишке кирди. Коомдук транспорт 25-майдан баштап ишке кирери айтылууда. Саламаттык сактоо министрлиги жарандары өздүк гигиенаны жана аралыкты сактоого чакырып жатат.

Коронавирус ооруканадагы балдарга жетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:15 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG