Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:23

Уранга каршы маанай басыла элек


Митингдин катышуучулары.
Митингдин катышуучулары.

Балыкчы шаарында уран кенин иштетүүгө каршы тынч митинг өттү. Катышуучулардын эсеби боюнча, митингге Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынан келген 500дөй киши катышты.

Алар Кызыл-Омпол уран кенине жана Кыргызстандын аймагында болгон уран кендерине түбөлүк мораторий киргизүүнү талап кылышты.

Уранга каршы митингчилер адегенде Балыкчы шаарынын мэриясынын алдына келишти. Саат ондо башталып, эки саатка созулары айтылган митингге чогулгандар «Уюшкан ууру жемкорлор, урпактардын келечегине кол салбагыла!», «Ыйык көлүбүздү сактайлы!» деп жазылган плакаттарын көтөрүп чыгышты.

Балыкчы шаарынын тургуну Марат Акатов митингге келгендердин талабын билдирди:

Марат Акатов.
Марат Акатов.

«Бул уран кени - ажыдаар, алаамат, кыргыз элине жакшылык алып келбейт. Тукум курут кылчу ишти жасап жаткан адамдарга каршы чыгып, элибизди, жерибизди, балдарыбызды сактайлы деп аракет кылып жатабыз. Ушул аракетибизге элибиз ушунчалык кайдыгер экен, мына бул жерге келгенден коркушту. Ушунчалык намысыбыз жок экен! Кыргызстанда уран кенин казуу токтотулсун, түбөлүккө мораторий кирсин деп жатабыз. Айрым дили бузуктар «Кызыл-Омпол толук токтоду» деп элдин башын айлантып жатышат. Биздин талап - түбөлүк мораторий кирсин!».

Митингге Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын тургундары да келген. Каалоочулар кезек менен сөз сүйлөп жатышты. Кемин районунун Ак-Түз айылынан келген Акыл Олжобаев буларды белгиледи:

Акыл Олжобаев.
Акыл Олжобаев.

«Уран - аябай терең, чоң маселе. Адегенде көл менен Кочкордун тамырына балта чаап жатышат. Андан кийин ал бизге да өтөт. Ошондуктан мен ушул жакка келип, силер менен биргемин. Аягына чейин барам деп келдим».

Митингчилердин басымдуу бөлүгү өкмөттүн «Кызыл-Омпол кенин толук иштетпейбиз» деген чечимине ишенбей турганын айтты. Балыкчы шаарынын тургуну Айгүл Жумакулова ошондой пикирин ортого салды:

Айгүл Жумакулова.
Айгүл Жумакулова.

«Бизге «уран кени жабылды, “Юразия” кетти» деп атышат. «Юразия» кеткени менен алардын ордуна кайра башка бирөөлөр келиши мүмкүн. Себеби биз бул митингге жөн эле чыккан жокпуз. Азыр Кыргызстандын ураны дүйнөлүк аренада талашка түшөт. Себеби бизде канча деген кен жатат! Карапайым кыргыз элин колдонуп, кенди алып кетүүнү көздөп жатышат. Биз өкмөткө ишенген кишилер болсок макул демекпиз. Кыргызстандын өнүгүшү үчүн кенди бермекпиз. Бирок карапайым элдин өкмөткө ишеними жок».

Балыкчы шаарынын дагы бир тургуну Муса Осмонов мамлекет башчысы чукул арада чечимин билдириши керек экенин билдирди:

Муса Осмонов.
Муса Осмонов.

«Биз башка талап деле койгон жокпуз. «Бийлик кетсин!» деген да жерибиз жок. Бул бийлик кетсе да башка кыйраткан бийлик келе койбойт. Ошон үчүн мамлекеттик деңгээлде бул маселеге чоң чекит коюшсун. Башка нерсенин кереги жок».

Саат 12 болгон маалда милиция кызматкерлери митингчилерден акцияны токтотууну талап кылышты. Андан кийин митингчилер «жөө жүрүш кылабыз» деп мэрия имаратынын алдынан автобекетке жөнөштү. Милиция кызматкерлери адегенде жөө жүрүшкө чыккандарды токтотууга аракет кылышты. Бирок кийин кайра тоскоол кылбастан, тартипти сактоого чакырып, жолду бошотуп беришти.

Ал жерден митингдин катышуучулары «укук коргоо органдары Бишкекке барчу жолду чектеп жатышат» деп нааразылыгын билдиришти. Жергиликтүү тургун Нурзат Абдымомунов буларды айтты:

Нурзат Абдымомунов.
Нурзат Абдымомунов.

«Бул жерде карапайым эл өз жол киребиз менен Бишкекке жол тосуп, маршруткалар менен кетели десек, машруткаларды да алып салыптыр. Жолдо турган, рейске чыкчу автобустарды алып салышыптыр. Эл кыжырданып кетсе мындан да жаман болот».

Ал эми Ысык-Көл облустук милициясынын жетекчиси Улан Асанбаев нааразылык акциясында мыйзам бузулбаганын билдирди:

«Тынч эле өттү. Эч нерсеге таасир этишкен жок, мыйзамды бузушкан жок. Мэрия саат ондон 12ге чейин уруксат берген. 12ден кийин тарап кетишти. Ал эми автоунааларга тиешебиз жок».

Митингдин уюштуруучулары чогулган элден тартипти сактап, тарап кетүүнү өтүнүштү. Акырындап отуруп эл тарады. Ал эми бир канча адам талапты жеткириш үчүн машинелерге отуруп алып Бишкекке жөнөп кеткенин уюштуруучулар билдиришти.

Балыкчыда кенди иштетүүгө каршы митинг өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG