Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Чек ара: Карамыктагы бир күн

Чек арага жакын Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Чулук жана Шибе. "Азаттыктын" кабарчысы кыргыз-тажик чек арасына жакын Карамык айылында болуп кайтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик расмийлеринин 5-июндагы сүйлөшүүсу майнаптуу болгонун белгилеп, чек арага тартылган күчтөр артка кайтарылганын билдирди.

4-июнда таңга маал Тажикстандын аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканын айткан. Бирок кыргыз өкмөтү бул маалыматты четке кагып, Унжу-Булак участогундагы чек ара тилкеси чийиле электигин маалымдады. Кырдаал курчугандан улам Чоң-Алайдын чек аралаш аймактагы бир нече айылдары ичкериге эвакуацияланган.


16x9 Image

Маратбек Акимбек уулу

Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

XS
SM
MD
LG