Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Ошто мал базар онлайн соодага өттү


Мал базар
Мал базар

Кыргызстанда коронавирус коркунучунан улам өзгөчө кырдаал жарыялангандан бери бир айдай болуп калды. Анын айынан ири базарлар жабылып, соода-сатык начарлады.

Мындай жагдай жеткирүү кызматтарына жана онлайн дүкөндөргө болгон талапты күчөттү. Ош облусуна караштуу Гүлчө айылынын тургундары мал, автоунаа, буюм базарларын Интернетке «көчүрүп», алып-сатуу менен алектене башташты.

Кыргызстандын шаарларында кыймылсыз мүлктү, машинелерди жана техника каражаттарын Интернет аркылуу саткандар арбын. Бирок бул көрүнүш аймактарда, айыл жерлеринде жайылган эмес. Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал санариптешүүгө аргасыз кылууда. Маселен, Алай районунун тургундары малын эми Интернет аркылуу сата баштады.

Алай районунун жашоочусу Майрамбек Темирбаев карантин учурунда малын «Телеграм» аркылуу сатуу кадимки мал базарга салыштырганда ыңгайлуу экенин жана андан көп адам кабардар болорун айтып берди:

Мен «Телеграмга» кунан менен бээ киргизгем. Базардагы баадан кымбат саттым.

«Мен «Телеграмга» кунан менен бээ жүктөгөм. Базардагы баадан кымбат саттым. Базарга караганда «Телеграмдан» жакшы жарнама болот экен. Мен киргизгенден кийин эле талаш болуп кетти. Бизде азыр соода жакшы болуп жатат. Ошко жакындарды, мисалы Отуз-Адыр айылындагы тургундарды да кошсо жакшы болмок. Аларда да мал көп да».

Темирбаев бир топ жылкысы менен асыл тукум койлорун саттыкка чыгарып, дароо эле өткөрүп жиберген. Эң башкысы - кардар менен келишип, малдын саламаттыгы жөнүндө документтери болсо жеткирип берүү деле көп кыйынчылык жаратпай турганын айтып отурду.

Алайлыктар колдонгон «Телеграмдагы» баракча.
Алайлыктар колдонгон «Телеграмдагы» баракча.

Дагы бир алайлык Улан Абыдашимов «Телеграмды» биринчи жолу колдонуп жатканын, үйдөн чыга албаган фермерлерге пайдалуу табылга экенин айтып сөзгө кошулду:

«Мен муну эми пайдаланып жатам. Алып-сатууну алгач ирет жүргүзүп атабыз. Аябай чоң пайдасы тийип жатат. Эч жакка чыга албай үйдөн отуруп алып, мал-салды алып-сатып жатабыз. Мен биринчи уйларымды сатып, торпоктуу саан уйларды алдым. Ошол жерден арпанын уругун алдым. Эмне керек болсо, ошол жакка жазып сурап таап алабыз. Бизге мурункуга караганда оңой болуп калды».

Мал соодалаган «Телеграмдагы» тайпаны Гүлчө айылынын тургуну Канат Шарипбеков ачкан. Анын айтымында, алып-сатууну Интернетке «көчүрүүнүн» негизги максаты - элди карантин учурунда үйдөн чыгарбай коронавирусту ооздуктоого салым кошуу.

Канат Шарипбеков.
Канат Шарипбеков.

«Элдин көбү көчөгө чыгып алды. Вируска ишенбей, укпай коюшту. Ошондон улам элди көчөгө көп чыгарбай, убактысын үйдө өткөрүп, карантин эрежелерин сакташ үчүн онлайн тайпаларды түзүп, үйлөрүнөн чыгарбашка аракет кылайын деп ачтым. Базарга катташпасын, сыртка көп чыгышпасын деп. Азыр баарына жагып, эл алкыш айтып жатат».

Шарипбеков бир учурда төмөндөгү төрт тайпаны түзгөн:

Шарипбеков азыркы учурда эң популярдуу тайпалардын бири мал базар тайпасы болуп жатканын билдирди:

«Мурун көбү мал базарга каттап, ошол жактан убакыт коротушчу. Анан жумасына бир гана жолу базар болчу. Азыр эми кайсы күнү болбосун кандай союш, энчи, кандай жандык керек болсо каалаган адам алып жатат. Баарына ыңгайлуу болду деп ойлойм».

Бүгүнкү күндө мал базар тайпасында 500дөн ашык киши бар. Алай өрөөнүндө дегеле Кыргызстанда «Телеграм» анча колдонулбагандыктан алгач «Whatsapp» аркылуу тайпа ачышкан. Бирок ал жерде кишинин саны 250 менен чектелгендиктен колдонуучулар батпай, «Телеграмдан» тайпа түзүүгө туура келген.

IT тармагындагы адис Икбол Исаковдун баамында, мындай кырдаалда технологияны колдонуу менен жөнөкөй жарандар жашоо образына бир топ жеңилдик жана ыңгай түзүп алса болот. Ал алайлыктардын демилгеси жаңы нерсе болбогону менен жакшы жышаан экенин белгиледи:

Икбол Исаков.
Икбол Исаков.

«Эл технологиянын пайдасын көрө баштады. Жалаң эле байланышка эмес. Азыр мугалимдер да мажбур болуп жаңы технологияларды үйрөнүп жатышпайбы. Технологиянын өтө көп мүмкүнчүлүктөрдү жарата турганын жалаң эле мугалимдер эмес, бүт баары түшүнүп жатат. Ал жерде «Whatsapp» окшош система болгону үчүн тез эле катталып, жарыя жайгаштыруу да түшүнүктүү».

Адистердин айтымында, Кыргызстандагы онлайн алып-сатуучу аянтчага айланган сайттар жөнөкөй элге татаал жана ал жакта тар чөйрөгө багытталбаган товарларды сатуу дээрлик мүмкүн эмес. Ошол себептен да ар бир тармактын, ар бир аймактын жогорудагыдай тайпалары замандын талабы болуп турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG