Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:49

Өзүн өрттөмөк болгон аял арманын айтты


Асипа Кадыркулова.
Асипа Кадыркулова.

Бишкекте жалгыз бой аял өзүн өрттөмөк болуп борбордук аянтка чыкты. Асипа Кадыркулова Кочкор райондук ооруканасынын директорун, облустук сотту коррупция боюнча айыптап жатат.

Кочкор райондук ооруканасында 40 жыл бою санитардык кызматты аркалаган Асипа Кадыркулова өзүн өрттөө максатында жарым литр бензинди көтөрүп алып Бишкектин борбордук аянтына чыкты. Ал мындай кадамга барышына өзү иштеп кеткен оорукананын жетекчиси түрткү болгонун айтууда.

Ушуну менен экинчи жолу өзүн өрттөмөй болгон жалгыз бой аял менен президенттик аппараттын коомдук кабылдамасынын өкүлү Улан Жолдошбеков жолугуп, маселени чечүүгө көмөктөшөөрүн айтты. Аялдын колундагы бензин менен ширеңкени кийинчерээк милиция кызматкерлери алып коюшту.

Кочкор районунун тургуну Асипа Кадыркулова аймактагы ооруканада директор болуп былтыртан бери иштей баштаган Турат Жумабековду «19 жылдан бери жашап жаткан үйүмдөн мажбурлап чыгарууга аракет кылууда» деп айыптап жатат. Ал ушул маселе тууралуу буга чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, Жогорку Кеңештин айрым депутаттарына кат менен кайрылганын, бирок натыйжа чыкпагандыктан өзүн өрттөөнү чечкенин билдирди:

«Жаныма таш батты. Атайын өрттөнөйүн деп келгем. Турат Жумабекович артыман сая түшүп эле жашап жаткан үйдүн жарыгын өчүртөт. Оолукса кайра коштуруп коёт. Былтыр кыштын кыраан чилдесинде бир жарым ай илгеркидей чырак, үч билик менен жашадым».

Ал эми сөз болуп жаткан оорукананын директору Туратбек Жумабеков аял жашап жаткан үй ооруканага тиешелүү экенин, имараттын эскилиги жетип калгандыктан, ал жерди буздуруш керек болуп жатканын айтты. Дарыгер бул боюнча Асипа Кадыркуловага бир нече жолу эскертүү берилгенин, бирок майнап чыкпагандыктан сотко кайрылууга мажбур болгонун билдирди:

«Бул имараттарды бошотушубуз керек. Анткени бул жер жеңил курулуш болгондон кийин үстү түшө баштады. Дубалдары жарылган, суу жок, эшиктери жабылбайт. Имарат боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тыянагы да бар. Ал жерге жашаганга мүмкүн болбогондуктан, мен бул кишиге «сиз эми батирге чыгыңыз, бул мамлекеттики» деп айттым. Ал эми бул кишинин талабы - «ушуну мага менчикке чыгарып бер» дейт. Мен аны кантип чыгарып берем? Менде андай мүмкүнчүлүк да жок. Акым да жок».

Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, райондук сот тараптардын көрсөтмөлөрүн угуп, Турак жай кодексинин 38-беренесинин 4-пункутуна, ушул эле кодекстин 38-беренесинин 8-пунктуна таянуу менен 2019-жылдын 28-мартында Кочкор райондук ооруканасынын директору Жумабековдун доо арызын канааттандырган. Ал эми Кадыркулованын апелляциялык даттануусу 7-май күнү Нарын облустук сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясынын курамында каралары белгилүү болду.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Асипа Кадыркулова жашап жаткан фин тибиндеги имарат «аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн» деп 1968-жылы курулган. Бирок аны колдонууга муктаждык жок болгондуктан 2000-жылдардан бери оорукананын үй-жайы жок он чакты кызматкери убактылуу баш калкалап жаткан. Учурда бул жерде төрт үй-бүлө жашайт.

Министрликтин юристи Азамат Жумакеев 400 чарчы метр жерди ээлеген имарат авариялык абалда деген негиз менен жарактан чыгарылганын билдирди. Имарат оорукананын короосунда жайгашкандыктан, Кадыркулова баштаган ал жердеги тургундарды үйдөн чыгаруу аракети көрүлүп жатат.

Кыргызстанда өзүн өзү өрттөй турганын билдирип, нааразылык акциясына чыккандардын дээрлик баары аялдар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG