Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:12

Гундула Салк жана Тоголок Молдонун санжыра мурасы


Ыбырайым Абдыракманов, Тоголок Молдо, Саякбай Каралаев (солдон оңго). 1930-жж.
Ыбырайым Абдыракманов, Тоголок Молдо, Саякбай Каралаев (солдон оңго). 1930-жж.

Кыргызстанда залкар акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган адабий жана илимий иш-чаралар азыноолак болсо да өткөрүлүп жатат. Дал ушул кырдаалда анын мурасын дүйнөлүк чөйрөдө даңазалап жаткан түрколог, кыргыз таануучу Гундула Салк айымдын зор эмгегин эскерте кетүү ылаазым.

Алгы сөз ирээтинде айта кетсек, 2020-жылы ноябрдын (жетинин айынын) 27синде Бишкектеги «"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын» башкеңсесинде Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган “Тоголок Молдо–160: Манасчы, акын, агартуучу жана ойчул” аттуу жумурияттык илимий-тажрыйбалык онлайн жыйын өткөрүлдү.

Анда Сулайман Кайыпов, Ташманбет Кененсариев, Кыяс Молдокасымов, Аида Кубатова, Амангелди Сабыр уулу сыяктуу бир катар илимпоздор кызыктуу баяндамаларды окугандыгы, академик Абдылдажан Акматалиев, жазуучу, коомдук ишмер, депутат Каныбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев ж.б. куттук сөздөр айткандыгы маалым болду.

Тоголок Молдо атабыздын 160 жылдык мааракесине жана көөнөргүс мурасына арналган илимий жыйындын материалдары жакында жарык көрөт деп үмүт кылалы.

Манасчы, акын, санжырачы жана агартуучу

Айтылуу Байымбет Абдыракман уулу (Тоголок Молдо) – кыргыздын жазма акыны, манасчысы жана да, баса айтсак, санжырачысы болгон. Тарыхчы Аида Кубатова жакында баса белгилегендей, ал өз доорунун агартуучусу да болгон.

Ал 1860-жылы Ички Теңир-Тоодо, азыркы Ак-Талаа районундагы Куртка деген айылда туулган жана 1942-жылы кайтыш болуп, сөөгү өз айылынын жанында жерге берилген.

Тоголок Молдонун (1860–1942) Курткадагы күмбөзү. 08.10.2016.
Тоголок Молдонун (1860–1942) Курткадагы күмбөзү. 08.10.2016.

2020-жылдын 27-ноябрында – жетинин айынын 27синде, – «"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын» башкеңсесинде өтүп жаткан вебинарда европалык белгилүү кыргыз таануучу жана түрколог, философия доктору Гундула Салк айымдын Тоголок Молдонун мурасын изилдөөсү тууралуу чакан баяныбыз да ортого салынды.

Кыргызстандагы жана кытайдагы кыргыздардын этнографиясын, мурасын ырааттуу изилдеп жүргөн Гундула Салктын Тоголок Молдонун санжыралык мурасын диссертациялык деңгээлде түздөн-түз иликтегендигин жана ири монографиялык эмгек жазганын жакшы билесиздер.

Гундула Салктын (Gundula Salk) үй-бүлө күтө электеги тегаты – Цилмер (Zillmer). Ал Германиянын Фрайбург шаарынан болот.

Г.Салк айым 1986–1996-жылдары Берлиндеги Эркин Берлин университетинде (Freie Universität Berlin) жана Германиянын ушул ордо шаарында негизделген алгачкы университет – Гумбольт университетинде (Humboldt Universität Berlin) түркология, борбордук азия таануу жана монголистика бөлүмүндө окуган жана 1996-жылы магистрдик диссертациясын эң мыкты баага жактаган.

1992-жылдан тартып ал чыгыш таануу (негизинен, кыргыз таануу) жаатында илимий жана илимий-жамаагаттык макалаларын жарыялай баштаган, алардын айрымдары Батыш Европада гана эмес, Кыргызстанда (Бишкекте) жана Кытайда (Үрүмчүдө) кыргыз тилинде жарык көргөн.

Салк айым 1995-жылы Кыргызстандагы “Манас” дастанынын миң жылдыгынын шарттуу мааракесине катышып, жергиликтүү окумуштуулар менен жакындан таанышып, Бишкек, Чүй, Талас сыяктуу аймактарды кыдырган.

Эсимде, “Манас–1000” мааракелик чаралары белгиленип жаткан Талас өрөөнүнө саналуу гана журналист жана окумуштуулар кетиши керек деп, 1995-жылы августта аны автобуска салбай жаткан бир аткаминерге түшүндүрүп, Гундуланы да бул сапарга кошкон элем. Ал мааракелик окуяны далай коноктор жөн гана турист катары кабылдашса, Гундула үчүн кыргыз таануу маселелерин жеринен аңдоого кошумча огожо болуп маанилүү окуя болчу.

Г.Салктын 1990-жылдардагы илимий нускоочуларынын арасында айтылуу француз профессору, кыргыз таануучу Реми Дор мырза, германиялык түрколог, ПИАКтын Башкы катчысы, профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле айым жана германиялык манас таануучу, профессор Карл Райхл мырза да бар.

Бонн университетинин профессору Райхл мырза Гундула Салк айым Батыш Кытайга этнографиялык сапарга чыгаар алдында ага Үрүмчүдөгү кыргыз окумуштууларынын дарегин бергенин бизге бир ирет эскерип айткан.

КЭРдин ШУАР аймагында Гундула айымга үрүмчүлүк тилчи, адабиятчы, фолклор таануучу, этнограф жана акын Мамбеттурду Мамбетакун үзүрдүү көмөк кылган.

1995–1998-жылдары Гундула айым Кытайдын бир катар аймактарын кыдырып, кыргыз таануу өңүтүндө этнографиялык-диалектологиялык жана башка иликтөөлөр жүргүзгөн. Ал Сычуан вилайетинде, Шинжаң Уйгур автоном районунда (анын ичинде кыргыздар байырлаган жайларда) болгон, ошондой эле Түндүк Кытайдын тарыхый Манчжурия аймагындагы Хэйлуңжан вилайетинде (Мамбеттурду Мамбетакун менен бирге) фу-йү кыргыздары жашаган аймактарды кезген.

Мамбеттурду Мамбетакун, Гундула Салк, Гүлсайра Жасын (солдон оңго). Үрүмчү, 1996-жыл.
Мамбеттурду Мамбетакун, Гундула Салк, Гүлсайра Жасын (солдон оңго). Үрүмчү, 1996-жыл.

Гундула Салк айым Бээжиндеги теги дунган, кыргыз таануучу профессор Мухаммед Ху Чженхуа менен, ал эми Бишкектен – бир катар окумуштуулар менен тыгыз кызматташкан. Маселен, ал белгилүү илимпоз жана санжырачы Жапар Кенчиев (1932–2006) агай менен өтө жакындан тааныш болгонун, анын сарыбагыш уруусунун санжырасы боюнча вариантын Берлинде 2014-жылы жарыялагандыгын кыстарып айта кетейин.

1997–2002-жылдары Гундула Салк Түркиядагы Мерсин университетинин (Mersin Üniversitesi) Котормо бөлүмү жана Түрк тили жана адабияты бөлүмү менен да тыгыз чыгармачыл-педагогдук байланышта болгон.

1998-жылы Польшанын Краков (Krakow) шаарында Салктын Түндүк Кытайдагы фу-йү кыргыздары жана алардын тили тууралуу илимий эмгеги жарык көргөн.

Салк айым 1998–2000-жылдары да Кыргызстанда болуп, башка темалар менен катар эле кыргыз санжырачылык өнөрүн иликтеп кайткан.

Гундула Салк 2007-жылы Германиядагы Фрайбург (Freiburg) шаарындагы университеттин Чыгыш таануу бөлүмүнүн ислам таануу тармагында (Orientalisches Seminar (Islamwissenschaft) доктордук диссертациясынын темасын бекитет.

Ал узак жылдардан ашуун мезгилде жыйнаган мол этнографиялык материалынын негизинде диссертациялык эмгегин бүткөрүп, 2008-жылдын сентябрында жактоо үчүн тапшырат.

2009-жылдын май айында Гундула Салк Фрайбургдагы Алберт-Лүдвигс университетинин (Albert-Ludwigs-Universität) Чыгыш таануу бөлүмүндө диссертациялык эмгегин эң жогорку баа (magna cum laude) алуу менен ийгиликтүү коргоду.

Философия доктору (PhD) Гундула Салктын “Тоголок Молдо (1860–1942) жазган санжыра” [Die Sanjïra des Togolok Moldo (1860–1942)] деп аталган бул диссертациялык эмгеги 2009-жылдын соңунда өзүнчө илимий монография болуп жарык көрдү.

Гундула Салктын “Тоголок Молдо (1860–1942) жазган санжыра” [Die Sanjïra des Togolok Moldo (1860–1942)] деп аталган китебининр мукабасы. 2009-жыл.
Гундула Салктын “Тоголок Молдо (1860–1942) жазган санжыра” [Die Sanjïra des Togolok Moldo (1860–1942)] деп аталган китебининр мукабасы. 2009-жыл.

Гундула Салктын бул изилдөөсү фолклор таануучу, санжыра таануучуларды гана эмес, тарыхчыларды да өзүнө тарткан олуттуу эмгек.

Маселен, ал Тоголок Молдонун санжыралык эмгегинин ушул саптарына да маани берет:

“„Inizey“ emes. Bul Eensay degen jer. Kadimden kïrgïzdïn kandarï ordo kïlïp, orun alïp turgan kenen jer...”

(“Инизей эмес. Бул – Ээнсай деген жер. Байыртадан кыргыз хандары ордо кылып, орун алып турган кенен жер”).

Тоголок Молдонун 1930-жылдардагы түшүнүгү боюнча, “Енисей” (“Инизей”) дебестен, бул топонимди “Ээнсай” деп атоо алгылыктуу болмок. Академик, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков болсо 1970-жылдардан тартып “Энесай” вариантын сунуштап, кыргызча адабиятта анын кийинки сунушу алынып кетти. Албетте, байыртадан бул дарыянын жана өрөөндүн ортоңку жана жогорку агымын кыргыздар “Кем” деп аташкан, бирок дарыя аталышын орусча “Енисей” деп атоого Тоголок Молдонун ичи бышпагандыгын билүү – тарыхнаама үчүн маанилүү. “Энесай” вариантын азыркы тывалыктар да “Хем” түрү менен кошо колдонушууда.

Тоголок Молдо айтылуу Алымбек датканы “парманачы” (“парваначы”) даражасы менен көрсөткөнүн (“Alïmbek Parmanajï”) да Гундула Салк байкаган.

Тоголок Молдо калтырган санжыраны кыргыз жазма адабиятынан чагатай жазма адабиятынын изин издегендер да кунт коюп үйрөнүшү керектигин Гундула Салк сунуштаган транскрипциядан байкай алабыз:

Ičkenibiz jarma ašï,…

Jegenimiz muzoo köshü

Baatïr kïrgïz dep koyso,

kačkanïmïz bazar bašï.

Ичкенибиз – жарма ашы,

Жегенибиз – музоо эти (“көшү”),

Баатыр кыргыз деп койсо,

Качканыбыз – Базар-Башы (же “базар башы”)”.

Айтмакчы, мында Тоголок Молдонун доорунда эл оозунда эстелип калган XIX кылымдагы элдик юмор да чагылдырылган.

Бул эмгекти жазууда Гундула Салк айрым тактоо зарыл делген текстологиялык жана башка суроолорду да алдын ала жөнөткөн. Маселен, Тоголок Молдонун өзүнүн уруусу ким? Эң кызыгы, санжырасында Тоголок Молдо эч бир жерде өз уруусун жазбаптыр.

Тоголок Молдо багып алган кызы Сапия эне да 108 жашта кезинде “Азаттыктын” кабарчысы Элеонора Мамбетшакировага өз үй-бүлөсү жаатында кызыктуу маалымат айткан (2008-жылдын февралы).

“Ал түгүл Сапия чоң эне “Ак Мөөр” поэмасынан да үзүндү айтты”, – деп Элеонора кубанып кат жазганы эсимде.

Байымбет Абдыракман уулунун (Тоголок Молдонун) өзүнүн тогуз баласы болгон дешет, бирок бирөө да токтобоптур.

Байымбеттин иниси Байтымбет отузга чыкпай каза болгондо, анын чиедей төрт баласы –- Токтаалы, Турдаалы, Кайырса жана Сапия калат, аларды Байымбет (Тоголок Молдо) өзү багып алат. Сапия энеге бул атты Тоголок Молдо өзү койгон экен.

Тагдыр буюруп, кийинчерээк аны өз кызы катары бапестеп чоңойткон. Бул ысымды орусча “София” деген ысымга байланыштыргандар бар, бирок бул ат арапча “аруулук”, “тазалык”, “айкындык” сыяктуу маани берген “сафиййа” сөзүнөн алынган деп баса айтаар элек. Ким билет, балким, мында эки ысымды тең чагылдырган сөз оюну деле бардыр?

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 2008-жылы аким болуп иштеп турган мурдагы студентим Алмаз Кулматов жана бир катар ак-талаалыктар мага көмөк кылып, залкар акын чоро саяктардан экенин тастыктоого мүмкүн болду.

Алмаз Кулматов. 11.06.2019.
Алмаз Кулматов. 11.06.2019.

Алмаз Кулматовдун 2008-жылы 19-январда мага жазган катынан үзүндү:

“...Тоголок Молдонун ата теги жөнүндө айта кетсек, бул саяк элинде Кайдуулат деген эл өзүнчө уруу болуп эсептелет. Кайдуулаттан 6 бала болгон – Төлөк, Каратай, Бештас, Казакбай, Эшимбек жана Шыгай (башка санжыралык вариантта каратай, төлөк, беш таз, бай барак генонимдери эскерилет. – ТЧ). Ошол улуу баласы Төлөктөн – Токтоназар, Найман, Култек, Курмушу, Момун жана Жаманкара деген уулдар болгон.

Так ошол Култектен Абдыракман, анан андан – Байымбет чыгып атат.

Жаманкарадан – Музооке, башкача айтканда, Тоголок Молдону кийин тарбиялап өстүргөн, ошол аталаш агасы Музооке болуп атат.

Токтоло кетчү нерсе, тектүү жердин кулуну деп атпаймынбы, буга Тоголок Молдонун кийинки турмушу дагы, алган билими дагы тастыктап берет. Бул жерде сөз кылчу инсаныбыз Токтоназар – Тоголок Молдонун чоң аталары. Токтоназар жөнөкөй адам болгон эмес, бул бий болгон.

Ак-Талаада айрым маселелер менен чырлашып, анан Фергана өрөөнүндөгү саяктарга барып, кийин ал жакка жөн эле көчүп барган эл ичинде жүргөн томаяк катары эмес, өз алдынча бийлик жүргүзүүгө ыктап, элди башкаруу менен гана чектелбей, чоң масштабды көздөгөн, саясий таламы күч инсан болгон.

Эл ичинде Токтоназар бий жөнүндө айтылат.

“Сыр-Дарыяны бойлогон,

Нечен ойду ойлогон,

Душмандын жанын койбогон

Токтоназар бий болгон”, –

деп биздин элдин оозунда санжыра кептер айтылып келет.

Демек, Тоголок Молдо – ушул инсандын тукумдарынан.

...Саяктардын ичинен жалпы эле Акталаа жергесин чоро саяк деп коюшат. Ал жоокер макамына байланыштуу аталып келген. Куртка, үчкуртка деген уруулар да болгон, жердин атынан коюлуп калган, ошол эле чоро саяктын ичинен чыккан журтту ушундай атап келишкен”. (Алмаз Кулматовдун бизге жазган катынын бөлүгү).

Биз ушул чакан макалада саяк уруусунун санжырасын тактоо тууралуу талаш-тартышка кеңири кайрылып отурбайбыз.

Тек айтаарыбыз – Тоголок Молдо чоро саяктарга кирген уруудан чыккан. Айтмакчы, кыргыздын Ак-Талаа менен Тогуз Торону жердеген жана башка коңшулаш Ички Теңир-Тоо урууларынын өкүлдөрү деле чоң уруш маалында кыргыздын чоро саяк уруусунун Тайлак сыяктуу баатырларынын туусу астында чыгып турган учурлар болгон.

Тоголок Молдонун уруусу тууралуу санжыралык маалыматты тактоого көмөк кылгандардын ысымдарын Гундула Салк өз эмгегинде ыраазычылык менен белгилейт (анын 2009-жылы чыккан эмгегинин 2-5-беттери). Бул да анын илимпоздук тактыгын таасын көрсөтүп турат.

(Айтмакчы, жакында Кыргызстанда корголуп жаткан диссертациялардын бирине Батышта жана Чыгышта кеңири таркалган “ыраазылык билдирүү” бөлүмүн киргизүүнү сунуштасам, “Жогорку аттестация комиссиясы мындай бөлүктү кошууга уруксат бербейт экен”, деген жүйөө менен алдырып салышты. Чын эле ЖАК буга тыюу салабы, же жокпу, биле албадым. Бул – элементардык адамгерчиликтин бөлүгү го деп санайм).

Бизге жолдогон дагы бир катында Гундула Салк Тоголок Молдо абдан көп жанрларда чыгарма жазган, өз доору үчүн өзгөчө айырмалуу калемгер экендигин баса белгилейт:

“Селде оронгон молдо кой” деген ыр чындыгында абдан кызык. Мазмуну жана тышкы түрү жагынан, менин оюмча, Тоголок Молдонун чыгармаларынын бул өрнөгүнө немис тилинде мен колдонгон „Burlesk“ термини (“сатиралык, юмордук поэзияга таандык ыр”. – ТЧ) туура келе тургандай”, – дейт Салк айым.

Жалпылап айтсам, Гундула Салктын эмгеги – Тоголок Молдонун өмүрү, санжыралык мурасы жаатындагы нагыз чыгыш таануучунун комплекстүү, ар тараптуу изилдөөсү болуп саналат.

Аны бир учурда этнографтар, тарыхчылар, санжыра таануучулар, текстолог булак таануучулар, жазма тарыхын изилдөөчүлөр, диалектологдор, тилчилер, тарыхый географияны изилдөөчүлөр, адабиятчылар, котормо таануу адистери жана башкалар ыракаттана пайдаланышат деп ойлойм.

Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу; 1860–1942) калтырган мурастын бир бөлүгүнүн анын катчысы Абдыкалык Чоробаев ж.б. тарабынан кыргызча латын арибине көчүрүлгөн өрнөктөрүнүн тизмеси. Кыргызстан УИАсынын Кол жазмалар кору. 21.2.2008.
Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу; 1860–1942) калтырган мурастын бир бөлүгүнүн анын катчысы Абдыкалык Чоробаев ж.б. тарабынан кыргызча латын арибине көчүрүлгөн өрнөктөрүнүн тизмеси. Кыргызстан УИАсынын Кол жазмалар кору. 21.2.2008.

Бул эмгектен улам бизде да Жогорку аттестация комиссиясы диссертацияларды майда шифрлерге бытыратпастан, диссертациялык изилдөөнү комплекстүү, универсалдуу жүргүзүүгө багыт алышы керек деп эсептейм.

Мисалы, этнограф Сулайман Кайыповдун ооган кыргыздарынын тамак-аш маданияты тууралуу ийгиликтүү корголгон докторлук диссертациясы ага “тарых илимдеринин доктору” окумуштуулук даражасын ыйгарууга мүмкүн кылды.

Сулайман Кайыпов. 07.05.2019.
Сулайман Кайыпов. 07.05.2019.

Бирок профессор Кайыповдун эмгеги бир эле учурда тарыхчылар, этнографтар, диалект таануучулар, тилчилер, ономасттар, философтор ж.б. адистер “биздин илимий тармак экен” деп кабыл ала турган изилдөө, б.а. PhD (“философия доктору”) наамына нагыз татырлык ар тараптуу эмгек.

Жыйынтыктап жатып, бир сунушту айта кетким келет: жакынкы болочокто Кыргызстандын бийлиги жана илимий коомчулугу Тоголок Молдонун мурасын, кыргыз санжырасын жана этнографиясын изилдеген Гундула Салкка расмий ыраазылык билдирсе дурус болмок.

Балким, доктор Гундула Салк айымга Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын чет өлкөлүк ардактуу мүчөсү наамын берүү жөнүндө өтүнүчтү КР УИАсынын тийешелүү гуманитардык институттары жана «"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын» жетекчилиги расмий билдирээр?

XS
SM
MD
LG