Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:20

Таланттуу акын, жаратман ишкер, улутман саясатчы эле


Чыныбай Турсунбеков. 02.3.2011.
Чыныбай Турсунбеков. 02.3.2011.

2020-жылы таажы вирусу илдетинин айынан мезгилсиз дүйнө салган Кыргызстандагы таанымал инсандардын бири, мурдагы парламент спикери, акын, илимпоз Чыныбай Турсунбековдун жаркын элеси тууралуу журналист Болотбек Таштаналиев эскерүүсүн сунуштайт.

Акын, котормочу, ишкер, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыныбай Турсунбеков менен совет доорунда СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети; КУУ) катар окуп калдым. Биз университеттин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 1-курсуна келгенде, ал акыркы, 5-курсунда экен. Студенттер, асыресе “Жаш толкундар” адабий ийриминин мүчөлөрүнүн арасында акындык таланты узун сабак сөз боло, ар бир жазган ырын тамшануу менен окуп, ырларын жатка айтып, кичүү муундагы калемгерлер ага “Чыныбай байке” деп урмат жана сый менен кайрылар элек.

Чыныбай Турсунбеков акыркы он жылда кыргыз саясатынын чок ортосунда жүрдү. Ага чейин узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына иш билги, ийгиликтүү ишкер катары таанылды. Арийне, мен үчүн, менин калемдештерим, досторум үчүн Чыныбай байке таланттуу акын жана чыныгы адам бойдон кала берди.

Ал 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо мамлекет башчылыкка талапкерлигин коюуга ниетин билдирип, кыргыз интеллигенциясы, асыресе акын-жазуучулар жана айрым партиялаштары тараптан колдоо болгону менен, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин текеберлиги жана КСДП партиясындагы айрым күчтөрдүн кутумчул иш-аракеттеринен улам, ал өз оюнан кайтканы эсимде.

Ал учурда Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болчу. Ошол күндөрдө КСДП ичинен ирип, аябай эле саясий оюндар болду. Чыныбай байке да эр экен, көшөрүп, акыр-аягына чейин турду. Бирок, Атамбаев тегереги жана КСДПнын саясий кеңеши жеңип кетти.

Ал күндөрдөгү окуяларга тарых далай жолу өз баасын берет деп ойлойм.

Биз, карапайым эл, кыргыздын коомчулугу билген жалгыз чындык –– Чыныбай Турсунбеков саясатка аралашкан он жылда акыйкат үчүн жалтанбай төшүн тосуп, чыркыраган чындыкты коргоп, А.Атамбаевге болобу, башкасынабы, каш кайтарып, эч коркпостон, кара башынын камын ойлобостон, калыс жана акыйкат сөзүн айта алган саналуу саясатчылардан болду.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын үстүнөн кара булут айланып, фракция лидери Өмүрбек Текебаевге кылмыш иши козголгон мезгилде да, ал акыйкаттуулугунан, калыс турумунан тайган жок. Президент А.Атамбаевди саясий оппоненттерин куугунтукка албай, сотторду “Мегаком” айланасындагы ишти мыйзам чегинде кароого чакырды.

Ал мына ушул артына кайтпаган көкжалдыгынын айынан А.Атамбаев менен мамилеси сууп, анын кыйыгына калды. Ч.Турсунбековдун чындыкты тарс эттире бетке айтып, калыс турумду карманганы үчүн каарданган Алмазбек Атамбаев аны кекээр менен “Чыныбай Чиркешович” деп атаганы да саясатчылар арасында айтылып келет.

Мүмкүн, А.Атамбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Ч.Турсунбеков мамлекет башчылыкка талапкерлигин коюуга ниетин билдиргенде, аны колдобой, КСДП аркылуу өзүнүн досун алып чыгып, шайлоодон кийин, аны төрагалык кызматтан оодарып түшкөндүгү да ошондон чыгар.

“Кайтаар дүйнө” дейт, кийин А.Атамбаевдин башына каран түн түшкөндө, кайра эле калыстыгынан, акыйкат жолунан тайбаган Ч.Турсунбеков баягысындай эле калыс сөзүн аяган жок. Ага карата ар кандай чагым сөздөр айтылып, ал түптөгөн бизнеске байланыштуу коркутуулар болгондугуна карабастан, өз турумунда акыр аягына чейин турду. Кечээ эле А.Атамбаевдин жанында сагаалап, этегинен өөп жүргөндөр аны сатып кеткенде, ал гана өзүнүн калыс турумунан тайбады. Коркподу.

Эки достун достугу кандай аяктады, анын акыр аягы Кыргызстанды кандай саясий жана экономикалык кризиске алып келип такады, аны бүтүндөй дүйнө жүзү көрдү.

Ушул бүгүн акыркы 3-4 жыл аралыгындагы өлкөбүздүн коомдук-саясий турмушунда болуп өткөн саясий окуяларга сереп сала отуруп, эгер 2017-жылы президенттик шайлоого Чыныбай Турсунбеков катышып, мамлекет башчысы болуп калганда, экономикабыз өнүгүп, А.Атамбаев да түрмөгө түшпөй, быйылкы парламенттик шайлоо да мыйзам чегинде өтүп, Кыргызстанда 6-9-октябрдагыдагыдай саясий кризис да болбойт беле деген ойго кетесиң.

Чыкемдин бизден да жакшы көргөн жанкурбусу бар эле – Чындык деген! Башкадан алыстаса да, Чындыктан эзелим алыстабайт болчу!..
Кожогелди Култегин

Себеби, ал иш билги ишкер, дасыккан саясатчы, мамлекеттик ишмерден мурда –– чыныгы адам эле. Чыныбай байкенин бийик адамгерчиликтүү, достукка бекем, адамдык баалуулуктарды баарынан жогору койгон, досторуна, тааныш-бейтаанышка колун сунуп, жарыгын чачкан, колу ачык адам болгону аны тааныгандардын эсинде түбөлүк кала берет. Чыныбай Турсунбековдон кара кылды как жарган калыс, чындык үчүн күйүп-жанган, адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту, адамгерчиликтүүлүктү бийик койгон журт башчысы чыкмак.

Анын досу Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин: “Чыкемдин бизден да жакшы көргөн жанкурбусу бар эле – Чындык деген! Башкадан алыстаса да, Чындыктан эзелим алыстабайт болчу! Башканы кой, бизнесте, башканы кой, саясатта Чындыкты жанынан чыгарбаганда – таазим кылып, тан бердик! Чыныбай дагы – Чыке болчу, Чындык дагы – Чыке болчу!”

Чындык бар жерде Эмгек, анан Жөнөкөйлүк сөзсүз бирге болот экен. Аны дагы Чыныбай Акуновичтен улам байкадык. Карапайым үй-бүлөдөн чыккан кара тоголок бала Чындык, Эмгек, Жөнөкөйлүк аркылуу калың элдин сыймыгына айланды!” деп айтканында калет жок.

Ал карапайым элге күйүмдүү мамлекет башчысы болмок. Акындар Алик Акималиев, Барчынбек Бугубаев баштаган ондогон чыгармачыл адамдар Чыныбай байкенин жакшылыгын айтып түгөтө алышчу эмес. Акын-жазуучулардын жоон тобу ай сайын каптап алган ак унун айтпаганда, жылына 10-15 миң сом тегерегинде бир же эки жолу жардам алып турушканын билем. Таланттуу акындар Барчын Бугубаев менен Алик Акималиев эч жерде иштебей, жалаң чыгармачылык менен иштеп, ыр жазгандарынын сыры ушунда болчу.

Ошол жылдары менин “Кыргыз Туусундагы” алган бир айлык айлыгым миң сом эле. “Барчын, сен, Чыныбай байкеден мен бир жыл иштеп тапканды бир күндө алып жатасың. Ал бул акчаны сенин талантыңды сыйлап берип жатат. Эми ошого татыктуу ырларды жаз” дечүмүн Барчын досума. “Ээ, Боке, мен да ошону ойлогондо, түнү уктабай ыр жазып чыгам” дечү Барчын.

Биз, Барчын Бугубаев, Дүйшөн Жапаровдор болуп КМУда (азыркы КУУда) катар окудук. Чыныбай Турсунбеков, Кожогелди Култегиндер бизден жогорку курста окуп, жылдыздары жанып турганы эсимде. Алар 4-5-курста окуп, чыгармачылыгы, адамгерчилиги менен студенттер арасында кадыр-баркы бийик эле. Чыныбай байке Барчын менен дос болбосо да, анын акындык талантын сыйлап, минтип колунан келген жардамын берип, колдоо көрсөткөнү анын айкөлдүгү, жоомарттыгы гана эмес, улут адабияты үчүн күйгөн мекенчилдиги, эң башкысы –– бийик адамгерчилиги десем да болот.

Акын Алик Акималиев да досу Чыныбай Турсунбеков менен дайыма сыймыктанар эле. “Чыныбайдан ун алышым керек эле. Барсам, отурган экен, “Унду жонума салып көтөрүп кетмек белем” десем, колума миң сом карматты да, айдоочуларына айтып жеткиртип койду” деп жаш баладай барбалактап сүйүнүп: “Чыныбайга айтып, сени да бекер ун алчулардын катарына киргиздирип коёюнбу” деп кошумчалап, Чыныбай үчүн айрым маселелерди өзү эле “чече” салчу.

“Алик байке, менин да тегирменчи досторум бар. Ун керек болсо, ошолордон алам” деп кутулчумун андайда. Чыныбай байке акын Алик Акималиевге ундан эле жардам берген жок. Жыл сайын бир же эки жолу 10-15 миң сом акчалай да жардам берчү. Китептерин басмадан чыгарууга да акчалай колдоо көрсөттү.

Чыныбай Турсунбеков тууралуу маалыматтарды чогултуп жатып, ал акын-жазуучуларга, интеллигенция өкүлдөрүнө аябагандай көп материалдык жардамдарды бергени тууралуу маалыматтарды жолуктурдум.

Мындан беш жыл мурда жоон топ журналисттер Чыныбай Турсунбековду коштоп, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылына барып калдык. Айылдын чок ортосунда жайгашкан эки кабат үйдө жашагандардын көбү майыптар экен. Ал депутат катары ун, май ж.б. азыктардан ала барган экен. Жардамчылары аларды таратып берди. Аңгыча бири акчалай жардам сурады эле, жардамчысын чакырып, дароо 15 миң сом санап берди. Мына ошондо анын колу ачыктыгына дагы бир жолу өз көзүм менен күбө болдум. Алик Акималиев, Барчын Бугубаевдер бекеринен мактабаптыр деп ойлодум.

Арийне, ал кайрымдуулук иштерин эч качан эч жерде айтчу эмес. Сыягы, ал кимдир-бирөөгө жардам бергенин кадыр-колко кылганды жактырбаса керек.

Кызы Айдай Турсунбекованын: “Атам, "миллионердин миллион карызы болот" деп айтчу эле” дегенинде Чыныбай байкенин адамгерчилигинин, айкөлдүк касиетинин сыры жатат.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин спикери Ч.Турсунбеков менен Германиянын канцлери А.Меркель. 2016.
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин спикери Ч.Турсунбеков менен Германиянын канцлери А.Меркель. 2016.

Эгер Чыныбай Турсунбеков мамлекет башчысы болуп калганда, карапайым адамдарга жакын, карамдуу, кайрымдуу жана боорукер эл башы болмок дегенимдин жүйөсү мына ушунда. Ал башкача жаралган адам болчу. Анын адамдык улуу касиеттери күн өткөн сайын көзүбүзгө даана көрүнүп, анын жоктугуна ичибиз ачышып, көкүрөк эңшерилип турат. Чыныбай байке өлбөй турган адам эле. Эгер ал бүгүн да тирүү болгондо, бүгүнкү кыйын кысталышта элине жол көрсөтүп, саясатчы досторуна калыс сөзүн айтып, акыйкат тарабында турмак.

Чыныбай байке акын жана адам катары менин эсимде көбүрөөк калды. Анын алгачкы ырлар жыйнагы менин китеп текчемдин эң сыйлуу жеринен орун алган.

“Сен мага досуңдун ким экендигин айтсаң, мен сенин ким экениңди айтам” демекчи, кайсы гана акынды окуба, анын ырлары акындын ким экенин айтып турат. Акын Чыныбай Турсунбековдун ырларынан да бийик адамгерчилик, жөнөкөйлүк, аруулук, кеменгерлик, калыстык, мекенчилдик сезилип турчу.

КҮН

Эртең менен күлүп-жайнап чыгып Күн,

Кечте кайра уясына жашынат.

Адам андан жагып отун үмүттүн,

Алдыдагы максатына ашыгат.

Күн бар болсо тээ бийикте жагылган,

Жылдызга да камчылайсың атыңды.

Анын нуру мезгил болуп агылган,

Бойойт акка күндө бирден чачыңды.

«Эртең кайра Күндүн көзүн көрөлү» –

Оо, адамдар, бул бир жөн сөз болбосун.

Ар бир үйдүн күлүп чыккан бөбөгү

Ачык тийген Күн астында ойносун.

Алааматтуу коркунучтун алдында

Адамың да, чөбүң дагы бир өңдүү.

Жалгыз гана бардыгынын камында

Жүргөн Күндүн амандыгын тилейли.

Акын Ч.Турсунбековдун өзүнө окшогон жөнөкөй да, алпейим да, жугумдуу да, аруу да, мээримдүү да, не деген керемет ыр. Анын ар бир ыры мына ушундай түшүнүктүү, окумдуу, ачык, сыр жашырбаган, жан дүйнөсүнөн төгүлүп түшкөн ырлар. Ал көптөгөн маектеринин биринде: “дүйнөнү баланын көзү менен карайм...” дегени бекеринен эмес. Өзү айткандай эле, жан дүйнөсү жаш баланыкындай аруулугу, тазалыгы акын Ч.Турсунбековдун ырларынан дароо эле сездирет.

Ишкер Ч.Турсунбеков колу ачык, жоомарт, берешен, кайрымдуу эле. Саясатчы Ч.Турсунбеков кара кылды как жарган калыс, акыйкат, чындык үчүн күйгөн, карапайым элдин тагдырына кайдыгер карабаган чыныгы мамлекетчил, алдыны көрө билген инсан болчу.

Акын Чыныбай Турсунбековдун таланттуу ырлары муундан муунга өтүп, жүздөгөн жылдар адамдардын жүрөгүн жылытып, эскирбей да, оңбой да, тозбой да окула берет. Адам Чыныбай Турсунбеков көзү тирүүсүндө ондогон-жүздөгөн карапайым адамдарга жарыгын чачып, жашоосуна дем-күч берди.

А.Акималиев, Б.Бугубаев баштаган ондогон акындар, жазуучулар анын материалдык колдоосу менен мыкты чыгармаларды жазып, кыргыз улуттук адабиятына кайталангыс салымдарын кошуп кетишти. Канчаларга мамлекеттик жана эл аралык адабий сыйлыктарды алышына түздөн түз жардамын берди. ЖОЖдордун профессорлоруна, окумуштууларына Ысык-Көлдөгү «Акун» эс алуу жайында жайкысын эс алууга жыл сайын шарт түзгөндүгү да маалым. Ал андай жакшылыктарды кадыр-колко кылбай да, аны коомчулукка жар салбай да жасай берчү. Мына, жакшынын шарапаты деген ушул. Чыныбай Турсунбековдун басып өткөн жолу, акындыгы, ишкердиги, саясий ишмердиги чыныгы адамдык жашоонун кайталангыс үлгүсү десек эч ашыкча болбойт.

Ал бул турмушта эмнеге жетсе, эмнени жаратса, ага өзүнүн карандай мээнети менен жетти. Ал башкаларга окшоп, мамлекеттен уурдаган жок. Мыйзамсыз иштерге барбады. Анын жыйнаган дүйнөсү жана жасаган жакшылыктары Ч.Турсунбеков түптөгөн “Акун” тегирменинин унундай ак.

Болотбек Таштаналиев.
Болотбек Таштаналиев.

Пандемия учурунда элибиз көптөгөн асыл уулдарынан ажырады. Эмнегедир Чыныбай байке дүйнөдөн өттү деген кабарды окуганда, ичим аябай тызылдады. Көрсө, ал өзүнүн жөнөкөйлүгү менен, адамдык асыл касиеттери менен мага ушунчалык жакын, бир тууганымдай болуп калган экен. Чындыгында, ал менин гана эмес, миңдеген карапайым адамдардын бир тууганына айланып, чыныгы элдик болуп калган адам болчу.

Болотбек Таштаналиев,

журналист.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG