Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:24

Жаныбек Жанызак азыркы замандын адамы эле


Жаныбек Жанызак. 2010-жылдын 15-ноябры.
Жаныбек Жанызак. 2010-жылдын 15-ноябры.

Кыргыз элинин таланттуу журналисттеринин бири, маркум Жаныбек Жанызактын (1950–2020) жаркын элесин кичүү кесиптеши Аскер Сакыбаева эскерет.

...Жаныбек Жанызак байкени акыркы жолу 2019-жылы КТРКнын журналистика, эркиндик темасында бир көрсөтүүсүнө чогуу катышканда көрдүм эле. Иштеп отурган жеринен эле түз эфирге келе берип, көйнөгүнүн төш жагында жыртыгы көрүнүп турганына карабай улам ордунан атып туруп, ар кимдин сөзүнө реплика кыстарып, жанына чуркап барып эмоционалдуу бакылдап ...жашы жетимишке таяп калса да, жүрөгүнүн курчу кайтпаган мындай адамдар аз болсо керек.

Жаныбек Жанызак мага жер менен кошо жаралгандай көрүнчү. Себеби ар тараптуулугу ошондой ой калтырчу го. А чынында нака азыркы доордун адамы эле. Компүтерди чемичкедей чагып, ага кыргыз тамгаларын жасап киргизип, кандай алдыңкы техника, технология болсо, элден мурун өздөштүрүп, башкаларды да ошого чакырып жүрүп кетти, кайран киши.

Компүтер кенен чыга баштаган учурда Кыргызстандын Билим берүү министрлигине барып, мектеп окуучуларына компүтерди үйрөтүү боюнча кандай китептерди окутуу керектиги боюнча көп сунуштарын айтып жүрдү. Өзү чыгарган китепти да сунуш кылса керек эле. Уккан киши болбоду көрүнөт.

Убагында “Асаба” гезитинде Халил Бапаевдин “пайшамба күндөрү боло турган кызыктуу баяндары” сандан санга жарыяланып, ошондон гезиттин каны жерге тамбай таланып кетип турган учур болгон. Элдин талабын дароо байкаган ыраматылык Мелис Эшимканов бул чоң тема, “Асабага” жардам бере турган тиркеме чыгарыш керек деп айтып, анан “Пайшамба” гезити жарыкка чыга баштаган.

Андан мурда Жаныбек Жанызак “Каттамасын” чыгарып, бирок ал жакшы өтпөй, Жаныбек байке коомайланып жүргөн кез экен. Пайшамба” чыга баштагандан кийин “Асабага” келип кадимкидей иштешип калды. “Пайшамба” кандай атактуу гезит болгондугун ушундан билсе болот, аны ал кезде “кара жашик” делчү КТРдан жамандатышып жатып, бийлик жаптырып тынган. Тиражы 50 миң нускага чамалап барган.

Жаныбек байке туулгандан эле турган турпаты менен дап-даяр, бетке чабар журналист эле. Башкалар бере албаган же тартынган суроолорду эч тартынбай бере алчу, кээде күтүлбөгөн суроолор менен керектүү кишисин көчөдөн кармап алып, диктофонун такап турган учурларын көрүп калгам.

Ошон үчүн мыкты интервью алуу, макала, маалыматтарды мыкты, сабаттуу жазуу жагынан алдына адам салдырбаган жагы укмуш болчу.

Белгилүү журналист Сүйүн Курманова эскерет:

“2006-жылдарда бир күнү “Алас” гезитинин редакциясына Жаныбек байке басып келе жатып, эшиктин алдында тургандарга жетпей жыгылып калыптыр. Дайыма активдүү, бакылдап жүргөн кишинин кулап калганын көрүп баарыбыз чочудук. Аны көргөн Алым Токтомушев: “Ой Жаке, күлтүңдөп эле жүргөнүңдөн сени такыр оорубайт экен десе”, – деп айтса, анда Жаныбек байке: “Э Алыке, түбүңө бир эле укол жетип коёт тура”, – деген эле”.

Мен да ошол тушта сыртка чыгып, Жаныбек байкенин абалы жакшы эмес, өңү саргайыңкы, мурдагыдай бакылдап сүйлөй албай араң турганын байкагам. Абалын сурасам, өзү жашаган райондогу поликлиникада ар бир алты айда баш оорусунан дарыланып турчу экен. Ошол жолу дарылаган доктур, сыягы, Жаныбек байкенин ден соолугуна олуттуу зыян келтирген туура эмес дары сайган көрүнөт.

Муну укканда дароо эле: “Кабарчы жиберип изилдейли, гезитке жазалы, байке”, – десем, өзү деле доктурдун алапайын бир топ кетириптир. Анан тиги доктур кечинде Жаныбек байкенин үйүнө баласын ээрчите келип, кечирим сурап ыйлаган экен, байке кечирип коюптур.

“Бирок ден соолукка оңолгус зак кетти, таңгөрү!” – деп байке үшкүрүп кеткен эле. Жаныбек байке ошондон кийин бир топко жакшы боло албай жүрдү.

2005-жылдардан тарта Жаныбек байке Айгүл Шаршен деген автор менен абдан натыйжалуу иштешип жүрдү, анын китептерин чыгарып, өзү айткандай алар “ысык пирожкидей” таланып кетчү. Ошол автордун китептерин чыгарып жүргөн учурларда биздин редакцияга кээде келе калганда, чыныгы адабият менен утурумдук адабият жөнүндө көп талаш-тартыштар болду.

Айгүл Шаршендин жазгандарын окурмандар талап окуп жатышканын, а Жазуучулар союзуна мүчө жазуучулардын китептери өтпөй жаткандыгын алдыга тартып, Жаныбек байке өзүнүкүн берчү эмес. “Чыгармачыл адамдар өз товарын сатып оокат кылышы керек, мамлекеттин мойнунда догун артынып отурбашы керек”, – деп эле бакылдап жатчу.

Тасма. Китеп басуу Кыргызстанды өнүктүрчү тармак. "Азаттыктын" архиви.

Кыргызстанда бардык гезиттердин электрондук версияларын интернет айдыңына биринчи болуп жайгаштырган да ушул киши болгон. Андан кийин электрондук китеп чыгаруу, сатуу менен аларды таратууну да Жаныбек Жанызак баштады десек болот. Убагында Кыргыз совет энциклопедиясын да санариптештирип, интернетке киргизип койгон.

Жеке ишкер катары интернет аркылуу иштөөнүн бардык тарабын мыкты өздөштүрүп, ал эми интернет толук жете элек алыскы айылдарга китептерин кадимкидей эле өз басмаканасынан чыгарып алып, машинесине жүктөп, айылдарга чейин барып сатып жүрдү. Кайсы жагынан алсак да, азыркы замандын талабын мыкты өздөштүрүп, алдыда бара жаткан, жашым өтүп калды деп кол шилтеп койбой жаңылыктарды дароо үйрөнүп алган сезимтал, оригиналдуу ой жүгүрткөн адам эле.

Акыркы кездерде “Аялзат” жана “Балакай” электрондук журналдарын чыгарып, аларды жазылуу жолдору менен сатып таратып келген.

Кыргызга “төшөк маданиятын” үйрөтөм деп далай аракет кылды. Аракети канчалык кайтты, ким билет, бирок “Каттама” гезитинин айынан абдан көп жолу соттошту, азабын тартты.

“Каттамадан” тышкары “Айтматовдун айымдары” аттуу китепчелерди чыгарды. Анда улуу жазуучунун турмушундагы айымдар тууралуу бардык маалыматтарды жыйнап жазды. Убагында Чыңгыз Айтматов да аларды көрүп, унчуккан эмес дешет билгендер.

Тасма. Кыргызстандын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов менен эркин журналист Жаныбек Жанызак "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүндө. "Азаттык" үналгысы. 2009-жылдын 22-сентябры.

Жаныбек байке бул дүйнөгө кандай жаралса, так ошондой жашап өттү.

“Эл эмне дейт?”, “Досум жаман көрүп калбайбы?”, “Бийликке жаман көрүнүп калбасам экен” деген сыяктуу тушамышы жок эркин жашады.

Эми анын ишин улантуучулар чыгаар бекен? Албетте!..

Жаткан жериңиз жайлуу болсун, Жаныбек байке!

Аскер Сакыбаева,

журналист.

XS
SM
MD
LG