Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Уялчаактыктын таасири улгайгыча калбас


Украин үй-бүлөсү. Киев. 2013-жылдын 24-августу.
Украин үй-бүлөсү. Киев. 2013-жылдын 24-августу.

Балдарды балага кезинен эле ыксыз уялчаактыктан арылтуу абзел. Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогу таалим-тарбиянын ушул өңүтүнө арналган.

Кишиликтин (инсандын) калыптануусун бир имаратка салыштыра турган болсок, анын бала чагы имараттын пайдубалы сыяктуу. Пайдубал бышык болсо гана анын үстүнө кабаттап имарат салуу коопсуз болгондой эле, туура, толук кандуу кишиликти калыптандырыш үчүн да бала кезиндеги тарбиясы алгылыктуу болууга тийиш!

Бул макалабызда бала тарбиясындагы уялчаактык сезими тууралуу кеп кылабыз. Анткени, адистердин айтуусунда, шарттуу сүйүү (Балага «Муну мындай кылсаң сени жакшы көрөм, тигини тигиндей кылсаң анда жаман көрөм»,- деген сыяктуу...) жана уялчаактык басымдуулук кылган үй-бүлөдө чоңойгон бала, кийин жашоосунун эң сонун доорлорунда да бактылуу боло албайт экен.

Кишиге эң зарыл болгон «бактылуу болуу» деген укуктан кол жууп калуудан жаманы барбы?

Уялчаактык сезими тууралуу учкай кеп

Ички баласы (inner child – эркин, сезимтал, куунак, жөнөкөй жана кыялкеч тарабыбызды чагылдырган ички күч) уялчаактык сезимине белчесинен баткан киши, албетте, жаңы иш жасоодо аябай сарсанаага батат, дайыма башкаларды ыраазы кылууга аракеттенет, өзүнүн эмнени каалап/эңсеп жатканына маани бербейт, ичинен өзүн кемтик сезет, дайыма жетишпестик сезимине кабылат, катуу жана кемчиликсиз болууга аракеттенет, жашоосун маанисиз деп эсептейт, адатта негативдүү ойлор басымдуу жана чөгүп бараткан абалда жашайт, өзү баш болуп эч кимге ишенбейт.

Уялчаак кишинин дагы бир өзгөчөлүгү – өзү жалгыз калууну эч жактырбайт жана бирөөнүн бетине «Жок!» деп айта албайт. Анткени, башкаларды ыраазы кылууга, алардын көңүлүнө карап гана иш кылууга көнгөндүктөн, эч ким жок жер ага ыңгайсыз сезилет...

Адистердин бул белгилөөлөрүн окуп жатканда бир тобубузга кудум эле бизди сүрөттөп жаткандай сезилген чыгаар. Тарбияда кеткен катаны сезбей, анын тийгизген кесепеттери менен алышып жүрүп өмүрдөн өтүп кетүү деле мүмкүн экен да, көрсө.

Уялчаактыктын үч себеби

1. Уялчаактыктын бир кишинин кишилигине сиңип калуусунун себептеринен бири – уялчаак кишиден үлгү алуу болуп саналат. Бала жашынан бирөөнү өрнөк алып, аны өз модели катары көрүп, аны туурап чоңоёору белгилүү. Дал ошол доордо бала өрнөк алган киши уялчаак болсо, бала да уялчаак болуп калыптанат.

Бала үчүн өзүнүн ата-энеси эң таасирдүү каарман болоору барыбызга маалым. Так ошол себептүү балдар адатта, ата-энелеринин кылган кыймыл-аракетинен, бир окуяга карата реакциясынан, айткан сөзүнөн, башкалар менен кылган мамилесинен уялчаактыктын белгилерин көрсө, аларды өзүнө сиңирип алат. Баланын ата-энеси жок болсо же алар менен ата-эне бала деген мамиледе болбосо, анда алардын ордуна көңүлүндө кимди койсо мына ошолорду өрнөк аба баштайт.

2. Уялчаактыктын экинчи себеби – таштап кетүү болуп саналат. Ата-эненин балдарын таштап кетүүсү физикалык (денелик) мааниде мүмкүн болгондой эле, психологиялык мааниде да мүмкүн.

Баланын кишилигинин калыптануусунда алар маани берген кишилердин таасир калтыруусу, бир нерселерди сездирүүсү өзгөчө орунга ээ. Балага жылмаюу, ооруп калган учурунда ага дарысын ичирүү, ал менен ойноо, пикирине кулак берүү, кечинде белин кашып уктатуу сыяктуу кадимки кам көрүүлөр да балага «Сен мен үчүн маанилүүсүн, сага маани берем, сени жакшы көрөм, мага ишенсең болот», - деген туюм калтырат. Бул болсо ата-эненин балага болгон сездирүүсү, таасир калтыруусу болуп эсептелет.

Так ушул таасир калтыруу, сездирүү азайган же токтоп калган бала – ташталган (таштап кетүүгө дуушар болгон) бала болуп саналат. Балачактын алгачкы жылдары, анын кишилигинин калыптануусунда ага сөз аркылуу эмес сөзү жок жеткирилген билдирүүлөр алда канча таасирдүүрөөк болгондуктан, бул усул чоң мааниге ээ.

3. Үчүнчү себепти «Оор келген окуялар» деп туралы...

Балдар жакшы көргөн инсандын ага (өзүнө) оор келген мамилесин унутушпайт. Тилекке каршы, баланын ички дүйнөсүн талкалаган, анын көңүлүн майкандаган сөздөр жана мамилелер, көбүнесе чоңдордун көңүлүн буруп деле койбойт. Кыскасы, өзүнө өзгөчө жакын деп эсептеген кишилердин мамилесинен улам баланын көңүлү калса, шагы сынса, паска урулса, досторунун жанында тил укса, анда тайкы тарбиянын билигине май тамган болот.

Анткени, изилдөөлөргө таянсак, мындай терс көрүнүштөргө тез-тез кабылып турган баланын мээсинде мындай окуялардын тизмеги калыптана баштайт экен. Кызыгы, бала чоңойгон кезде, бул тизмектеги окуянын бирөөсүн гана эстеткен окуяга туш болоору менен, тизмедеги калган окуялар да автоматтык түрдө кишинин оюна кептелет. Натыйжада, бул чынжырчадагы эс-тутумдар өзүн кемтик, барксыз, начар бирөө катары сезүүсүнө түрткү болот. Бул болсо, кишидеги уялчаактык сезиминин калыптануусун шарттайт.

Ошондой эле, ата-эненин балага тарбиялоо максатында «Сенде бет деген барбы?», «Сенде уят-сый деген болгондо муну кылмаксың/кылмак эмессиң!» деген сыяктуу жемелеме сөздөрүнүн да пайданын ордуна зыяндуу натыйжа берип калаарын эстетип өтүү керек.

Уялчаактык жана осол болуу

Уялчаактыкты же тартынчаактыкты туура эмес сапат катары баалап жатып, «Такыр уялбаган же тартынбаган кишиде эч кандай маселе жокпу?» деген суроо келиши мүмкүн. Чындыгында, такыр уялбаган,тартынбаган киши, дал ошол сапаттарынан улам бир топ каталарга жол берип коюшу мүмкүн.

Кыргыз каада-салтында, үй-бүлө мүчөлөрүнүн же тууган-туушкандардын ортосундагы мамилени жөнгө салып турган кыймылдаткыч күчтөрдүн бири «уялууга» байланыштуу бир сезим экендиги да чын. Мисалга, кыргыздарда бир топ ыңгайсыз көрүнүштү «Кой, мындай кылба! Уят болот!» деп эле жөнгө салып келген.

Кыргызда «Уяты жок!», - деген жеме сөз аябай жаман мааниге келет. Бул жердеги уятты терс сапат катары сыпаттаганга болобу? Мисалга, бир кыздын атасы менен болгон карым-катнашында белгилүү чектерди «уяттуулук» менен байланыштыруу мүмкүн. А бирок муну терс сапат катары көрүү мүмкүнбү? Же болбосо «Эр жигиттин сөзү өлгүчө, өзү өлсүн» деген макалдагыдай, жигиттин сөзүн кармай албай калгандагы ыңгайсыздыгын, уялуусун ката деп айтуу мүмкүнбү?

Албетте биз буларды ката деп айта албайбыз. Анткени, бул жерде маселени туура талдоо үчүн бир нерсени тактап алуу керек. Биздин салттык түшүнүгүбүздөгү, макал-лакаптарыбыздагы «уят» түшүнүгү уялчаактыкка эмес – осол болууга көбүрөөк жакын. Осол болуу, кишинин өзүнө, жеке ички дүйнөсүнө карата жаралган ыңгайсыздыктан жаралат. Ал эми уялчаактык, башка кишилердин күтүүсүн, каалоосун орундата албай калуу кайгысынан улам пайда болот.

Мисалы, толук кандуу үй-бүлөдө тарбияланган университетке өтпөй калган бүтүрүүчү, үмүттөнгөн ата-энесинин алдында осол болот. Бирок жан дүйнөсү кыйрабайт, кайра чыйралып окууга даярдана алат, ийгиликке жете алат. Ал эми уялчаактык сезими рухуна сиңген бала мындай абалга түшсө «Элге шерменде болдум», - деши мүмкүн жана чөкпөй, кайра чыйралып ийгиликке жетүүсү да алда канча оор болот.

Биздеги жаңырыктары

Кишинин тагдырын татаалдаштырган мүнөзүнүн себебин биле албоосу, ага каршы күрөшө албоосу канчалык ачуу! Көрсө бала чагыбыздан бери кулагыбызда жаңырыгы калган «Сага ким коюптур?», «Сен экөөбүз жөн эле коёлу», «Эл эмне дейт?», «Шерменде болуп өлөсүң!» деген жеме сөздөр көп нерсени айтып турган экен. Мунун тилин түшүнбөгөндүктөн, аңдабай ошончо жылды өткөрүп жибериптирбиз... Жок дегенде эми аңдайлы...

Кишинин өзүнө болгон ишениминин начарлоосу көп терс натыйжаларга кептээрин баарыбыз билебиз. Уялчаактык менен өзүнө болгон ишенимдин төмөндүгүнүн ортосунда өтө тыгыз байланыш бар экендигин эске алганда, бала тарбиясында ыксыз уялчаактыктын жок кылынуусу канчалык маанилүү экендиги дагы да түшүнүктүүрөөк болсо керек.

Балдарын шарт кошпостон сүйгөн, алардын шагын сындырбаган, аларды колдоп-кубаттаган ата-энелүү үй-бүлөлөрдүн көбөйүшүн үмүт кылуу менен...

Элмурат Кочкор уулу,

публицист, илимпоз.

Түркия.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG