Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Чек арадагы атышуу: Баткенде кыргыз-тажик сүйлөшүүсү өтөт


Кыргыз-тажик чек арасы. 11-март, 2022-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасы. 11-март, 2022-жыл.

11-мартка караган түнү саат 2:50 чамасында кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чек арачыларынын кезектеги ок атышуусу орун алды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык Баткен районунун Эки-Таш аймагындагы Баткен-Исфана авто жолунун боюнда Тажикстандын чек ара кезмети жолдон өткөн автоунааларды ташбараңга алган.

"Кыргызстандын чек арачыларынын автоунааларга таш ыргытпоо талабын тажик чек арачылары тоготкон эмес. Ал эми кыргыз чек арачылары тажик аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин токтотуу максатында эскертүү иретинде асманга ок аткан. Ошол эле учурда аталган аймакта кызматын өтөп жаткан Тажикстандын башка чек ара кезмети кыргыз чек арачылары жайгашкан байкоо мунарасын көздөй ок аткан", - деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда 20 минутага созулган ок атышуу орун алып, 03:10до токтогон. Кыргыз тараптан жарадар жана жараат алгандар болгон жок.

Окуядан кийин Баткен районуна караштуу Эки-Таш жергесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара мекемелеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирди.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын өкүлү Асылкерим Ажиев сүйлөшүү тууралуу мындай деди:

"Жолугушууда кыргыз тарап Эки-Таш жергесиндеги түнкү атышуу Тажикстандын аскер кызматкерлеринин айынан тутанганын жана алар Кыргызстандын жарандарынын машиналарына таш ыргытышкан. Ал эми тажик тарап таш ыргытууга аскер кызматкерлеринин тиешеси жоктугун, муну белгисиз бирөөлөр кылганын жана азыр аларды издөө иштери жүрүп жатканын билдирди”.

Тажик тарап бул окуя тууралуу расмий маалымат бере элек.

Болуп өткөн окуялардан кийин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев 12-мартта Баткенде чек ара боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсү өтө турганын “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, жолугушуу Баткендин жана коңшу өлкөнүн Согд облусунун башчыларынын деңгээлинде уюштурулууда:

““Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрмө жайында өтө турган губернаторлордун жолугушуусуна кыргыз тараптан Баткен облусунун бүт күч структураларынын жетекчилери, Лейлек жана Баткен райондорунун акимдери катышат. Эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын жетекчилери да катышканы жатат. Чек арадагы соңку окуялар эмне себептен чыкканы талкууланып, тынчтыкты сактоо чаралары боюнча сүйлөшүү өтөт”, - деди Алимбаев.

Бир күн мурдагы ок атышуу

10-мартта да кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган чатак катталган. Такталбаган аймактагы окуядан кийин эки тараптын чек арачылары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп, абалды талкуулап, мындан ары курчутпоону макулдашты.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, ок атышууга жеткен чек ара жаңжалы 10-март күнү түш ченде болгон.

Мекеменин билдирүүсүндө Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Тескей аймагындагы тактала элек тилкеде буга чейинки багытын өзгөртүп, чек аранын башка тилкесин кайтарууга өткөнү, кыргызстандык чек арачылардан ал жерден кетүүнү талап кылганы айтылат.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге башка тажик аскерлери жардамга келип, көбөйүп, жаңы чектен өтүүгө аракеттенген. Бирок кыргыз тарап андайга жол бербеген. Тараптардын ок атышуусу 10 мүнөткө созулган. Кыргыз тараптан жабыркагандар болгон эмес.

Окуядан кийин эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү телефондон сүйлөшүп, аскерлерди окуя болгон жерден алууну жана кошумча күч-каражат тартпоону макулдашкан.

Андан кийин облустук денгээлде чек ара жетекчилеринин жолугушуусу өттү.

Чек ара кызматынын өкүлү Асылкерим Ажиев буларды маалымдады:

"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алынды: Биринчиси - ар бир тарап 2022-жылдын 10-мартында курал колдонулган чыр-чатакты өзүнчө териштирүү жүргүзүп, анын алдын ала жыйынтыгын 2022-жылдын 12-мартында эки тараптын чек ара жетекчилерине берет. Экинчиси - эки тарап тең чектеш жайгашкан айылдардын жергиликтүү жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантат. Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облустарынын башчылары бүгүндөн баштап чыр-чатактарды болтурбоо жана аларды алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды көрө баштайт".

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптын аскерлеринин кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерин сакташына байланышкан суроо көтөрүлдү.

Чек ара: Он айдан бери октун азабын тарткан Нурланбек
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:20 0:00

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү чыр-чатак орун алган жерге тартылган кошумча күч, каражат жана техниканы туруктуу жайына кайтарууну макулдашты.

"Азаттыктын" тажик кызматы расмий эмес булактарга таянып, окуядан тажикстандык чек арачы каза болуп, карапайым тургун жараат алганын кабарлады.

Такталбаган аймактагы окуядан кийин сүйлөшүүгө эки тараптан тең Кадастр мамлекеттик кызматынын адистери чакыртылды. Ага чек арачылардан тышкары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо кызматтарынын райондук жетекчиликтери да катышты. Анда абалды жөнгө салуу талкууланганын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев билдирди:

“Биздин аймакта азыр абал тынч, туруктуу деп айта алам. Облустук деңгээлде чек ара өкүлдөрү сүйлөшүп, жолугушуп жатышат. Биз райондук деңгээлде Тажикстандын Исфара районунун жетекчилиги жана укук коргоо органдарынын жетекчилиги менен сүйлөшүү өткөрүп жатабыз. Эл топтолгон жок. Каттамдардын баары ачык. Бизге жеткен маалымат боюнча Тажикстан тараптан бир адам жараат алганы айтылууда”.

Кыргыз тарап Тескей чек аранын тактала элек тилкесине кирерин, бирок ал аймакты кыргыз жарандары пайдаланып келгенин билдирген.

Тажикстандын расмий органдары окуя тууралуу азырынча маалымат тарата элек.

Дүйшөмбү менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөр 20 жыл мурда башталган. Чек ара тилкесинин 60% жакыны такталган. Макулдашылбаган тилкелердин айынан эки өлкө ортосунда тез-тез чыр-чатак кайталанып келет.

Айрыкча жаз алды менен жер айдоо, сугат башталарда, жайыт, жолдун айынан пикир келишпестиктер чыгып, акыркы учурда дароо эле курал колдонгон окуялар көп каттала баштады.

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков ой бөлүштү:

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

“Биз бардык маселени бирин-бири сыйлаган кошуна катары чечип алсак болот. Ал үчүн өзүбүздү да бир карап чыгышыбыз керек. Аларга сүйлөшүүгө барганда билимдүү болуп, ар бир мыйзамды, келишимдерди, аргументтерди айта алгандай болушубуз керек. Качан биз өзүбүздүн жогорку деңгээлибизди көрсөтүп сыйлай билсек, алар да сыйлап баштайт. Өз ара түшүнүшүү жана жогорку маданияттуулук менен кайрымдуу кошуналардын мамилесине жетишибиз керек. Алдыда сугат мезгили башталат. Суу тартыштыгы жакынкы жылдары күчөйт. Калктын саны көбөйүп жатат. Алар да жашашы керек. Келишимдер бар. Бербей койо албайбыз. Ошол маселелерди карап чыгып, союз мезгилиндеги келишимдерди жокко чыгарып, кайрадан жазып чыгыш керек болчу.

Ок атууларга геосаяий кырдаал да таасир этип коюшу мүмкүн. Украина менен Орусиянын ортосундагы кагылышууну көрүп турасынар. Ким күчтүү болсо, күч менен басып алса болот экен дегендей таасир жүрүп кетиши ыктымал. Ошон үчүн жоопкерчилик менен ортодо сый болгондой ымалага жетишишибиз керек”.

Эки мамлекеттин чек арасынын тактала элек 370 чакырымдай тилкесинин айынан чек арадагы абал улам чыңалып турат.

2021-жылдын жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин-бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кийин сүйлөшүүлөр уланып, эки тараптуу жыйындарды пландуу негизде өткөрүп туруу макулдашылган.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Ал чатакта Кыргызстандан 12 жаран жараат алса, тажик тарап эки жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын айткан. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG