Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:36

Казак министри: Кыргыз компаниясына электр берүү боюнча так келишим жок


Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев.
Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев.

Казак энергетика министри Алмасадам Саткалиев “Азаттыктын” казак кызматынын суроолоруна жооп берип, Кыргызстандын Кемин районундагы журналисттер иликтеп чыккан майнинг-ферма Казакстандан электр энергиясын алат деген маалыматты комментарийледи.

- Жакында “Азаттык” радиосу Кемин районундагы майнинг компания жөнүндө иликтөө жарыялады. Кыргызстандын энергетика министри иликтөө чыккандан кийин ошол кыргыз компаниясы электр энергиясын Казакстандан сатып аларын айтты. Ушул боюнча комментарий бересизби? Кошуна республикадагы кайсы бир компания Казакстандан электр энергиясын сатып алышы мүмкүнбү?

- Казакстандын энергетика тармагында реформа жүрүп жатканына байланыштуу өлкөдө “Электр энергиясынын бирдиктүү сатып алуучусу” түзүлгөн. Бул Казакстандын Энергетика министрлигинин туунду компаниясы. Ал электр энергиясын сатып алуу, экспорттоо жана импорттоо менен алек болот. Бирдиктүү сатып алуучунун учурдагы ишин карай турган болсок, азыр белгилүү бир убакыттарда, негизинен түнкүсүн казак электр энергиясын экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Биз бул электр энергиясын эл аралык рынокко чыгарууга, анын ичинде Борбор Азиядагы республикаларга экспорттоого даярбыз. Аны ким сатып алаарын өздөрү аныктап алышсын. Башкача айтканда, Казакстандын кызыкчылыгы менен иш кылабыз. Биз электр энергиясын сыртка чыгарып, өзүбүздүн энергосистемабызга кошумча киреше алып келе алабыз.

- Кыргыз министри бул компания электр энергиясын 1-августтан тарта ала баштайт деп билдирүүдө. Ошондо азыр Казакстан ал жакка электр жарыгын сатып жатабы? Канчага сатып жатат?

- Азырынча канча көлөм болорун деталдуу тактоо үчүн мага убакыт керек. Менин билишимче, биздин бирдиктүү сатып алуучу компания менен сыртка чыгара ала турган электр энергиясынын көлөмүн эми гана аныктадык. Азырынча конкреттүү келишимдер жок. Бирок жалпысынан мындай мүмкүнчүлүк бар экенин ырастайм жана энергетикалык ишканалардын деңгээлинде сүйлөшүү жүрүп жатышы мүмкүндүгүн айтып койгум келет.

- Сиз кыргыз кесиптешиңиздин айткандарын уктуңузбу?

- Жок. Мен маалымат каражаттарынан уктум. Бирок системалык операторлордун, бирдиктүү сатып алуучу компаниянын деңгээлинде, балким, кандайдыр бир макудашуу жүрүп жаткандыр. Азырынча биз Казакстандын электр энергиясын экспорттоого жана биздин энергосистемабыздын туруктуу иштеп турушуна кызыкдар экенибизди айтып жатабыз. Сиз билгендей, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, мурда Түркмөнстандын энергосистемасы Борбор Азиядагы бирдиктүү алкакта иштейт. Бизде электр энергиясынын резервин камсыз кылуу, жарыкты экспорттоо боюнча өз ара макулдашуулар бар. Бул суу-энергетика режимдерине байланыштуу болот. Ошондуктан биз электр энергиясын өз ара алып-сатуу алкагында Борбор Азиядагы республикалар менен байланышты кеңейтүүгө абдан кызыкдарбыз.

- Министр мырза, сиз Казакстан электр энергиясын сатышы мүмкүн экенин айттыңыз. Канчасын сата алабыз?

- Азыр так санды айта албайм. Бизде таңкы жана кечки маалда керектөө эң көп болот. Энергосистемабызда керектөө көбөйгөн учурда биз электр энергиясын сатып алууга аргасызбыз. Бизде чоң көлөмдө тартыштык жаралат. Түнкүсүн турмуш-тиричиликте жана өндүрүш ишканаларынын бир бөлүгүндө жарык аз колдонулгандыктан, керектөө азаят. Ашыкча кубаттуулук пайда болот. Көмүр менен иштеген ири станциялар электр жарыгын иштеп чыгууну кескин төмөндөтө албайт. Ошондуктан бизде электр энергиясынын профицити пайда болот. Биз аны башкаларга сунуштоого даярбыз.

Бизде бирдиктүү сатып алуучу компания иштей баштаганына бир ай гана болду. Электр жарыгы менен камсыздоого байланыштуу режимдерди, күнүмдүк графиктерди өзгөртүп жатабыз. Электр энергиясын пландуу түрдө жеткирүү иштерин уюштуруп, ошону менен бирге коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын контракттан сырткары кабыл алууну азайтып жатабыз.

Бериле турган электр энергиясынын көлөмүн айдын аягына чейин толук аныктайбыз деп ойлойм. Алдын ала эсептөөлөр боюнча минимум 300 мегаВт деп аныктап жатабыз.

Ред.: Июлдун аягында “Азаттык” “Энергокризис: Кеминдеги майнинг ферма кимдики?” деген иликтөө жарыялаган. Анда фермага ээлик кылган “Соларкоин” Кыргызстандын энергетика системасынын 30 МВт электр кубатын ала турганы, бул айрым райондордун бүтүндөй же теңинин керектөөсүнө тете экендигин тактаган. Бул жагдай Кыргызстандын энергетика системасында өзгөчө кырдаал жарыяланган маалда ишке ашып жатканы коомчулукта кызуу талаш-тартыштарга жем таштаган.

Иликтөөгө президент Садыр Жапаров жооп берип, “жаз-жай мезгилинде өлкөдө электр энергиясы жетиштүү экенин, ал тургай ашып жатканын" тактаган. Ал ошол себептүү мамлекет майнинг фермага электр жарыгын эң кымбат баа менен 1 кВт/с 5 сом 4 тыйындан сатып жатканын айткан.

Мунун артынан энергетика министри Таалайбек Ибраев "Азаттыкка" маек куруп, Кыргызстандын криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания – Кеминдеги “Соларкоин” жана "Камбар-Ата-2" ГЭСиндеги "МБТ Строй" компаниялары менен келишим түзүлгөнүн тактаган. Ошол эле маалда ал кеп болгон иликтөө чыккандан кийин "Соларкоин" компаниясы электрди Казакстандан алууну чечкенин билдирген.

Ибраевдин айтымында, майнинг компания токту коңшу өлкөдөн 1-августтан тартып ала баштамак. “Кыргызстандын энергетика тармагы мурдагы 5 сом 4 тыйындын ордуна транзит үчүн 23 тыйындан гана каражат алат” деген эле өз интервьюсунда энергетика министри.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG