Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:25

Кумтөр: эл ишенген алтын кени


Кумтөр кени. 28-май, 2021-жыл.
Кумтөр кени. 28-май, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров “Кумтөрдү” өткөрүп алуу кыргыз тарапка пайдалуу шартта ишке ашканын билдирди. Ал “Центерра” менен узакка созулчу соттошуулардан баш тартып, мамлекеттин кызыкчылыгын сактаган макулдашууга жетишилгенин айтты. Талдоочулар муну моралдык утуш катары таанып, бирок кыргыз өкмөтү эми кендеги экологиялык коопсуздук үчүн жоопкерчиликти дагы өзүнө алганын белгилешти.

Соттошууларды алдын алган мунаса

Президент Садыр Жапаров кайрылуусунда “Центерра” менен талаш-тартыш жөнгө салынып, кыргыз тараптын кызыкчылыгы сакталганын билдирди. Макулдашуу боюнча “Кумтөр Голд Компани” Кыргызстандын толук энчисине өтүп, бул үчүн "Центеррадагы" 26% акциясын ага өткөрүп берет.

“Центерра” кыргыз өкмөтү менен мына ушундай макулдашуу болгонун ырастады.

Президент Садыр Жапаров көп жылдарга созулчу соттук машакатка караганда ымалага келүү максатка ылайык экенин айтты:

“Центерра” АКШда, Швецияда жана Канадада кыргыз тарапка каршы козголгон бардык соттук иштерди токтотмой болду. Биз, кыргыз тарап дагы ага каршы берилген бардык соттук дооматтарды токтотобуз. Бул макулдашууга жетишүү оңой-олтоң болгон жок. Анын ар бир пункту боюнча чечим кабыл алуу бир жылга жакын убактыбызды алды. Жетишилген келишимдин шарттары бирден бир оптималдуу жана биздин пайдабызга, Кыргызстандын мамлекеттик жана улуттук кызыкчылыгына чечилгендигине ишендире алам. Соттук жараян узак жылдарга созулуп кетерин билесиздер. Мындан да жакшы шарттарга жетишүү үчүн — биз бери дегенде дагы 5 жыл убактыбызды, он миллиондогон доллар каражатыбызды коротмокпуз, же болбосо, жети-сегиз жылга созулуп тура бермек. Биздин пайдабызга мындан да пайдалуу чечимдердин кабыл алынышына кепилдик жок эле. Бирок биз бул аралыкта көптү жоготуп, убакыттан уттурмакпыз”.

“Центерра” макулдашууга ылайык, Кыргызстандын “Кумтөргө” ээлигин жана ага тышкы башкаруу киргенден берки 323 млн. доллар кирешесин расмий тааныды. Мындан башка "Центерра" өткөн жылдын үч кварталы үчүн 11 млн. доллар дивиденд, дагы 50 млн. доллар бир жолку төлөмдү төлөп берип, былтыр май айында казылган алтындын партиясы үчүн 29 млн. долларды кайтаруу талабынан баш тартты. Ал эми Лондон банкында турган рекультивациялык фонддун 53 млн. доллары Бишкекке которулат.

"Кумтөрдүн чоң потенциалы бар"

Президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. “Центерра Голд” компаниясы менен доо-арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол коюлгандан кийин. 4-апрель, 2022-жыл.
Президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. “Центерра Голд” компаниясы менен доо-арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол коюлгандан кийин. 4-апрель, 2022-жыл.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кумтөрдө дагы бир нече жылдык алтын кору бар экенин белгиледи:

“Биздин пайдабыз дегенимди өзүңүздөр баалап, таразалап көрүңүздөр. Эгерде буга чейин биз жыл сайын пайда катары символикалуу, тактап айтканда, өткөн 20 жылда жалпы 85 млн. доллар гана дивиденд алсак, өткөн жылдын жети айында эле 323 млн. доллар киреше алдык. Быйыл буюрса, 500 млн. долларга чейин пайда көрөбүз деп турабыз. Кумтөр кени бүгүнкү күндө орточо 3 млрд. долларга бааланууда. Адистердин эсебине таянсак, жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 5 млрд. доллар киреше табууга жетишебиз. Бул үчүн кенден 160 тоннадан 200 тоннага чейин алтын казылат. Бул бюджетке түздөн-түз чоң пайда, колдоо болот. Мен тастыкталган эсептөөлөрдү гана айттым. Бирок ал жакта башка дагы мүмкүнчүлүктөр бар. Азырынча ал жөнүндө кененирээк токтолбой эле турайын. Айтайын дегеним, Кумтөрдүн чоң потенциалы бар жана элибизге дагы узак жылдар бою кызмат кылат”.

“Кумтөр Голд Компаниге” караштуу лицензиялык аянттан сырткары анын жанындагы “Сары-Чат-Ээр-Таш” мамлекеттик коругунун четки ээлигиндеги Коёнду, Кара-Сай жана Үч-Көл тилкелеринде алтындын ири кору бар экени чалгындалган. "Кумтөргө" аталган жер аянттарынан кен казууга лицензиялар берилип кеткени аныкталып, бирок 2012-жылы алар кайра жокко чыгарылган болчу.

Кыргыз тарап “Центеррага” келтирилген экологиялык жана экономикалык зыяндын негизинде 4 млрд. доллар доо коё турганын былтыр жарыялаган. Бирок “Центтерра Голд” бул доолордон баш тартып, тескерисинче, анын кенди иштетүү укугу бузулганын жүйө келтирип, бул үчүн кыргыз өкмөтүн Эл аралык арбитражга берген. Кыргыз тарап дагы Эл аралык коюлган доолорун эсептеп чыгып, бул боюнча сотторго кайрыларын билдирген.

“Центерра Голд” доолордон оңой кутулдубу”

Талдоочу Руслан Акматбек “Центтерра Голд” ошол доолордон чочулап, мунасага барганын айтып, экологиялык коопсуздук үчүн жоопкерчиликти алуу тобокелдигине токтолду:

“Биздин өкмөт башында Кумтөр алтын кениндеги талкаланган мөңгүлөр, уу калдыктары жана алтын казуудан бузулган кыртыш жана өндүрүлбөй калган салыктар боюнча туура эле дооматтарды коюп баштаган. Бирок азыр “Центерра Голд” мына ошол дооматтардан оңой эле кутулуп кеткендей сезилип жатат. Анткени, бул оңой-олтоң чечиле турган маселе эмес болчу. Анда абдан чоң экологиялык көйгөй жана өндүрүштүк коопсуздук маселеси турат. Алдын албаса, саркынды суулар турган Петров көлүнүн жарылып кетүү коркунучу бар экени айтылган. Жаратылышка тийгизе турган зыяны эбегейсиз болушу мүмкүн. Ошонун бардыгы үчүн жоопкерчиликти алып салып, эгерде бирдеме болсо Кыргызстан доо коё албай турган болуп жатат. Анан калса, азыр ал боюнча ачык-айкын маалыматтар да чыкпай турат”.

“Көзөмөлдү колго алуу туура болду”

Буга чейин экологиялык коопсуздукка жана рекультивациялык фондго төлөнчү акчаны көбөйтүү талабы айтылган. Бирок сүйлөшүүлөрдө олуттуу натыйжа бербей, улам үзгүлтүккө учурап келген.

Экономикалык баяндамачы Айданбек Акмат уулу талашты тынч жол менен жөнгө салган өкмөттүн соңку чечимин кубаттады:

“Бул жерде “Центерра Голд” уу калдыктарды баары бир рекультивация жасамак эмес. Канадалык тарап кенди консервация кылып, жаап туруп, 2025-жылга чейин кетип калмак. Кыргызстан ага чейин кенге көзөмөлдү өзүнө алып, ага болгон ээликти расмий чечип алганы туура болду. муну ишке ашырууну колдойбуз. Туура кадам болду. Советтик геологиялык чалгындоо боюнча Кумтөрдө 700 тоннадан ашуун изилденген алтындын кору бар экени белгилүү. Анын 400 тоннадан ашуунун башында “Камеко Голд” кийин анан “Центерра Голд” казып алды. Азыр ошондо 300 тоннага жакын же андан ашыгыраак алтын кору калган болушу мүмкүн. Алтындын дүйнөлүк наркы өсүп жаткан шартта бул дагы деле абдан чоң байлык. Эгерде биздин ички жемкорлор эле жок кылып жибербесе, “Кумтөр Голд Компани” Кыргызстанга аябай чоң пайда алып келе турган ишкана”.

“Центерра Голд” иштетип келген Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү былтыр май айында өз карамагына алган. Буга компаниянын экологиялык эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз болгон.

Эми алтын кенин иштетүүдө өндүрүштүк тобокелчиликти жана экологиялык коопсуздукту кантип жөнгө салынарын өкмөт азырынча ачык жарыялай элек.

Жарандык коом өкүлдөрү кенди иштетүүдө ачык-айкындыкты талап кылып келет.

Кумтөрдүн келечеги кандай болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:58:01 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG