Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:13

"Буга чейин зордуктаган". Кайдыгерликтин кулак-мурун кестирген кесепети


Депутаттар Селекциядагы сестенткен окуяны талкуулады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:36 0:00

Депутаттар Селекциядагы сестенткен окуяны талкуулады

Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы келин 8 сааттан ашык операциядан кийин өзүнө келгенин Улуттук госпиталдан билдиришти. Милиция кылмышка шектүү соттун чечими менен пробацияда болгонун ырастап жатат.

Жакындарынын айтымында, келин буга чейин да зомбулук көрүп, милицияга эки жолу кайрылган. Бул окуя укук коргоо органдарына сынды күчөттү.

"Кесилген кулак-муруну бүтүп кетет деген үмүттөбүз"

Мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, зордук-зомбулук көрсөткөн Асел Ногойбаева “орто оор абалда” жатканын белгилүү болду.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов келинге сегиз сааттан ашуун операция жасалганын айтты:

Бакыт Төлөгөнов, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери
Бакыт Төлөгөнов, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери

"Бизге алып келишкенде абалы оор болчу. Кан көп кетип, гемоглобини 60тын тегерегине түшүп кеткен. Сегиз сааттан ашык убакыт операция жасалды. Беш литрге жакын кандын ордун толтуруучу суюктук куйдук. Пластикалык хирургдар да чакырылып, алар дагы операция жасады. Бүгүн абалы орточо оор, гемоглобини 120га көтөрүлдү. Бүгүн өзүнчө бөлүмгө жалгыз жаткырдык. Азырынча ал жакка милиция кызматкерлерин да, журналисттерди да киргизбей бейтаптын тынчтыгын сактап жатабыз".

Дарыгердин айтымында, келиндин кесилген кулактары жана мурду ордуна тигилген.


"Кулак-мурду кайра кандай орношуп, кандай бүтүп кетерин азырынча айта албайбыз. Адамдын жашына, организмине жараша ар түрдүү болот. Жүз пайыз аракет кылып, болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Эки-үч этаптык операция жасалды. Жанданат деген үмүтүбүз бар".

"Беш жылдан бери жашабайт. Эки жолу сот кое берди"

Келиндин апасы Тинатин Катаганова кызы үч ай мурда сот аркылуу расмий ажырашканын билдирди.

Анын айтымында кызы мурдагы күйөөсүнөн бул окуяга чейин да эки жолу кордук көрүп, экөөндө тең милицияга кайрылган. Ага карабай райондук сот жазадан пробация менен бошотуп койгонун белгиледи.

Тинатин Катаганова, зомбулукка кабылган келиндин апасы
Тинатин Катаганова, зомбулукка кабылган келиндин апасы

"Күйөөсү "ойноштук кылып кеткени үчүн кескилептир" деген маалыматтар жалган. Муну ошол зөөкүр камакта отуруп алып таратып жатат. Кызым Азамат (мурдагы күйөө баласы-ред.) менен беш жылдан бери жашабайт. Улуу баласы 16га, кичүүсү 10го чыкты. Экөө тең кечээтен бери нес абалда. Кичүү баласынын көзүнчө мыкаачылык кылыптыр. Кызым Италияда иштеп, былтыр эле келген. Зөөкүр күйөөсү ажырашканга мүмкүнчүлүк бербей, дайыма тынчын алып, сабап кеткен. Былтыр августта зордуктап кеткенде милицияга кайрылганбыз. Анда Кадыркулова деген судья чыгарып салган. Быйыл январда дагы зордуктаганда да милицияга кайрылганбыз. Сокулук райондук сотунда Токтомаматов деген судья аны пробацияга чыгарып салыптыр".

Азырынча кылмышка шек саналып кармалган кишинин жакындарынан маалымат алууга мүмкүн боло элек.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков келиндин жакындары айткан маалыматты ырастады.

Замир Сыдыков, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы
Замир Сыдыков, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы

"Жабыркаган келин былтыр сентябрда мурдагы күйөөсү зордуктаганын айтып, милицияга кайрылган. Сокулук райондук ички иштер кызматкерлери шектүүнү ошол эле күнү кармап, Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" беренеси менен иш козгогон. Кийин сотто келиндин тосмо арызынын негизинде иш кыскарган. Келин быйыл январда дагы мурдагы күйөөсү зордуктаганын айтып кайрылган. Милиция аны кармап, камакка алган, кылмыш иши козголуп, сотко жиберилген. Сокулук райондук соту ишти карап, айыпталуучуну пробацияга чыгарган экен. Ал соттун мындай чечимине нааразы болуп, Чүй облустук сотуна кайрылган, учурда ошол жакта каралууда".

Жогорку соттун басма сөз кызматы төрага Замирбек Базарбеков бул окуя боюнча ыкчам кеңешме өткөргөнүн билдирди. Анда жабырлануучунун мурдагы күйөсүнө "зордуктоо" фактысы менен былтыр кылмыш иши козголгону, бирок сотто тосмо арызы менен кыскартылганы жазылган. Айыпталуучуга "зордуктоо" беренеси менен экинчи кылмыш иши козголгонун, ага пробациялык мөөнөт берген судьяга чара көрүлөрү белгиленген.

"Биринчи соттун токтомуна эч ким даттанбагандыктан күчүнө кирген. А.Э карата дагы бир кылмыш иши Сокулук райондук сотуна түшкөн. Айыпталуучу зордуктоо фактысы менен беш жылга эркинен ажыратылган. Бирок судья айыпталуучунун улгайган көзү азиз апасы бар экенин, ал кароого муктаждыгын, ошондой эле айыпталуучу менен жабырлануучунун ортосунда эки бала бар экенин эске алып, Кылмыш-Жаза кодексинин 82- беренесинин негизинде пробациялык көзөмөлдү колдонуп, ага карата үч жыл пробациялык мөөнөт белгиленген. Жабырлануучу бул чечимге макул болбой, апелляциялык даттануу менен Чүй облустук сотуна кайрылган. Соттук иш 2023-жылдын 27-сентябрына белгиленген. Жыйынтыгы боюнча судьянын аракеттерине өзгөчө катуу баа берилет",-деп жазылган Жогорку Соттун билдирүүсүндө.

Кыргызстанда 2019-жылы күчүнө кирген “Пробация жөнүндө” мыйзамга ылайык, кылмыштардын айрым жеңил түрлөрүнө абактан сырткары жаза каралат. Укук коргоочулардын айтымында, "Зордуктоо" менен козголгон кылмыш ишинин алкагында соттолуп жаткан адам пробацияга өкүм кылынууга укуксуз.

"Мыйзамдар иштебейт, милиция менен сот кайдыгер"

Бул окуяны айрым укук коргоочулар үй-бүлө, аялдарга карата жасалган зордук-зомбулукка карата укук коргоо, сот органдарынын мамилесинин бир мисалы катары көрсөтүүдө.

"Сезим" кризистик борборунун эксперти Сүйүн Курманова аялдарга зомбулук көрсөткөн адамдардын жазасын жеңилдетүүчү беренелер ушундай үрөй учурган окуяларга алып келип жатканын айтты:

Сүйүн Курманова
Сүйүн Курманова

"Селекциядагы окуя тилекке каршы биринчиси эмес, буга чейин деле далай жолу болуп келген. Эң жаманы - минтип аягы кейиштүү бүтүп жаткан себеби - андай зомбулук кылгандарга өзүнүн жазасы убагында жана толук деңгээлде берилбей жатканында. Укук коргоо органдары, сот тарабынан тиешелүү жаза берилбей калышына - ортодогу соттук-медициналык экспертизанын туура эмес жыйынтыктары да көп учурда таасир этет. Анткени кылмыш кылган адамдын психологиялык абалын текшерген "эксперттер" аны "аффект абалында болгон" деп жыйынтык чыгарып беришти. "Сезим" кризистик борборунун мисалында айтайын, Караколдо келинчегин мээсин чыгара уруп, өлтүрүп койгон кишиге соттук-медициналык экспертиза учурунда психатр-эксперттер "аффект абалында кылмышка барган" деп жыйынтык чыгарып бергени үчүн, зомбулукка шек саналган киши сот залынан бошотулган. Мындай кейиштүү учурлар тилекке каршы бизде көп", - деди Сүйүн Курманова.

Селекциядагы окуя Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да көтөрүлдү.

Депутат Гүлшаркан Култаева муну кайдыгер мамиленин кесепети катары айыптап, мыйзамдар иштебей жатканын сынга алды.

Гүлшаркан Култаева.
Гүлшаркан Култаева.

“Кайдыгер мамиледен улам биз минтип үрөй учурган кесепеттерди көрүп отурабыз. Зомбулук көргөн келин денесине катуу жараат алганда же өлтүрүлгөндө гана көрүп калып атабыз. Зомбулук же чыр-чатак болгон учурда кошуналарына, активисттерге укук коргоо органдары менен чогуу иш алып барууга мүмкүнчүлүк беришибиз керек”.

Кыргызстан 2017-жылы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамын кабыл алган. Ага ылайык, зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап эмес, күбөлөр да арыз жаза алат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга "убактылуу коргонуу ордерин" жазып берет.

Кыргызстанда күйөөсүнүн зомбулугунан майып болуп калган же ажал тапкан коркунучтуу окуялар буга чейин да катталган.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандагы ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылып жашап келет. Мындай окуялардын 98% күйөөсү айыптуу экени далилденген.

Ички иштер министрлиги эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгонун, жыл сайын 10 миңдей аял үйүндө зомбулукка кабылганын 2022-жылы билдирген.

Селекциядагы сестенткен кылмыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG