Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Кризис эпкини: курулуш тармагында иш солгун


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Февраль айынын аягынан бери Кыргызстандын курулуш базарынын иши солгундай баштады. Курулуш материалдарынын баасы доллардын кунуна карап улам өсүп жатса, турак жайлардын курулушу арсар абалга тушукту. Ишкерлер тармак оор кризиске батып баратканын айтып коңгуроо кагышууда.

Орусияга салынган санкциялардын кесепетинен доллар курсунун кескин кымбатташы Кыргызстандын курулуш тармагынын ишин аксатты. Кардар менен түзүлгөн келишимдер, керектүү материалдарды сатып алуу доллар менен болгону үчүн курулушчулардын түйшүгү артты.

Доллардын кымбатташына удаа эле турак жай кооперативдериндеги ачыкка чыга баштаган каржылык көйгөйлөр да терс таасир этип жатканын Дом.kg кыймылсыз мүлк агенттигинин директору Жылдызбек Керимбаев билдирди.

“Кризистен улам соода токтоп турат. Доллардын баасы көтөрүлгөндүктөн, көп келишимдер түшүнүксүз болуп калды. Экинчиден, “Ихсан” деген ачылып, анын иштери көйгөйлүү болуп, каржылоосу токтоду. Эки-үч келишим азыр белгисиз болуп жатат. Элде кыйынчылык болгондуктан да сатуу токтоп калды”.

Орусиядагы мигранттар Кыргызстанга жылына 2,5 млрд. долларга чейин акча которуп келген болсо, соңку жагдайлардан улам бул көлөмдүн кескин азайып кетти.

“Мегаполис” кыймылсыз мүлк агенттигинин башкы директору Айдар Акматалиев курулуш тармагында иштин жайлашын Орусиядан иштеп тапкан акчасына Кыргызстандан бөлүп төлөө шарты менен там сатып алган мигранттардын көптүгүнө байланыштырды.

Айдар Акматалиев, "Мегаполис" кыймылсыз мүлк агенттигинин жетекчиси
Айдар Акматалиев, "Мегаполис" кыймылсыз мүлк агенттигинин жетекчиси

“Декабрь-январь же күз-кыш айларына салыштырганда мартта сатуу 40-50% азайды. Февралдын ортосуна чейин кардарлардын 90% кооперативдер аркылуу турак жай алчу. Андан кийин мамлекеттик ипотека ачылып, 80-90% ошол жакка ооду. Орусияда иштеген көп мигрант мекендештерибиз бул жакка акча которуп, өздөрү же туугандары аркылуу үй сатып алчу. Бул рынокто мигранттар дагы чоң роль ойночу. Азыр чектөө киргизилгенден бери мигранттардын которгон акчасы азая түшкөн окшойт”.

2022-жылы Кыргызстанга Орусиядан которулуучу каражаттын көлөмү кескин азаяры Миграция жана өнүгүү маселеси боюнча билим жаатындагы глобалдык өнөктөштүктүн (KNOMAD) 4-мартта жарыялаган отчетунда да белгиленген. Уюмдун Орусия банкы менен Дүйнөлүк банктын маалыматтарына таянып чыгарган эсеби боюнча мигранттардын которгон акчасы быйыл 33% төмөндөйт.

Кыргызстанда курулуш материалдарынын 80% сырттан, көбүнчө Кытай менен Орусиядан алып келинет.

Электр товарларын саткан ишкер Мирдин Мукашевдин айтымында, доллардын кескин кымбатташы менен курулушка керектүү материалдардын да баасы өсүп, соода 50% кыскарган.

Мирдин Мукашев, электр товарларын саткан ишкер
Мирдин Мукашев, электр товарларын саткан ишкер

“Биздеги товарлардын көпчүлүгү сырттан келет. Көбүнчө Кытай менен иштешебиз. Ал жакта доллардан улам товарлар кымбаттап атат. Андан тышкары, өкмөт бажы алымдарынын ченин көтөрдү деп угуп атабыз. Ошентип баа асмандап атат. Куруучулар да жаңы баштаган үйлөрүнүн курулушун токтотуптур деп угуп жатабыз. Жок дегенде бүтпөй турган имараттарын бүтүрөлү деп аракет кылып атышат. Алар да токтой турган болсо, курулуш материалдарын саткандарга кандайдыр бир деңгээлде таасир этет. Соңку эки аптаны ала турган болсок, соода кеминде 50% азайды. Кийинки этаптар кандай болорун азыр айтыш кыйын”.

Компаниялар курулуш иштерин кымбатчылыкка карабай бүтүрө турганын, иштин создугушу аларды зыянга учуратарын айтып жатышат.

Кыргызстанда айрым компаниялар 2020-жылы башталган пандемиядан берки инфляциянын өсүшү, материалдардын кымбатташынан улам курулушту өз убагында бүтүрө албай калган.

ЖИА бизнес-ассоциациясынын курулуш комитетинин төрагасы Чолпонбек Акматов Кыргызстанда жарандардын сатып алуу жөндөмүнө карап, турак жайлардын баасы 20% чейин түшүп кеткенине токтолду.

Чолпонбек Акматов, "Эмарк Групп" курулуш компаниясынын башкы директору
Чолпонбек Акматов, "Эмарк Групп" курулуш компаниясынын башкы директору

“Учурда курулуш компаниялары өз наркына эле иштеп жатат. Материал кымбаттап, реалдуу бааны кардарлар көтөрө албай калды. Доллардын курсу 69 сом болуп турган убактагы үйлөр дагы эле салынып атат да. Ошол ала турган пайда инфляция жана курулуш материалдарынын баасынын өсүшү менен жок болуп кетти. Курулуш материалдарынын 70-80% сырттан келет. Бааларды күн сайын эле көтөрүп атышат. Мисалы, арматура дээрлик 100 миң сомго чыгып кетти. Айрым 140-150% көтөрүлүп кеткен позициялар да бар. Батирлердин баасы, тескерисинче, 20% чейин түшүп кетти. Элдин сатып алуу жөндөмү ылдыйлады. Күтүп, курс түшөөр бекен деп карап отурушат”.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын январь-февраль айында өлкө боюнча 162 миң чарчы метр турак жай курулган. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 108,7% өсүүнү билдирет. Бирок, Орусиянын 24-февралдагы Украинага кол салуусу кыргыз экономикасына да кыйыр түрдө олуттуу таасир этти. Орусияга салынган жапырт санкциялар менен доллардын кунунун кескин секиригинен улам экономиканын бардык тармагында, анын ичинде курулуш базарында да кымбатчылык өкүм сүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG